Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:48

Кыргызстанда Молдо Кылыч Шамыкан уулунун (Шамыркан уулунун) 150 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Анын өмүр жолу тууралуу билгенибизден билбегенибиз арбын экени да айкындалды.

“Молдо” сөзү – агартуучулуктун ачкыч сөзү

Кыргызда “молдо” сөзү эгемендик доорунда кайрадан мурдагы оң маанисине кайтты десек болчудай. Ар бир айылда “молдоке” деп кадырман, сабаттуу жана агартуу тармагында чоң салымы бар инсанга урмат менен кайрылышчу.

Совет доорунда молдолорду эски бай-манаптык коомдун жактоочулары деп жектешип, кыйла куугунтукка учуратышканына карабастан, карапайым калайык арасында “молдоке” сөзү жагымдуу маанисинен ажыратылбастан колдонулганы да чын.

Демек, атеисттик доорго таандык расмий адабияттагы “молдо” сөзү менен карапайым калайыктын түшүнүгүндөгү “молдоке” сөзүнүн айырмасы асман менен жердей болгон.

Балким, эң жогорку айдыңдык мааниге ээ “молдо” сөзү азыркы “профессор” сөзүнөн да жогору болгондур. Анткени “профессор” наамына татыксыз кишилер деле мындай наамдын дипломун чөнтөгүнө салып жүрөт эмеспи.

Ал эми Молдо Нияз, Тоголок Молдо, Молдо Кылыч сыяктуу ысымдар эч кандай Жогорку аттестация комиссиясы тарабынан эмес, калк тарабынан берилген.

(Биздин айылыбызда да Сулайман Молдо, Жусуп Молдо, Көлбай Молдо, Бектемир Молдо деген чоң аталарыбызды ар дайым ыраазычылык менен эстешет. Алардын ичинен алгачкы экөө – агартуу тармагына салым кошкон).

Тегерек үстөлдүн айрым катышуучулары. 25.11.2016.

Тегерек үстөлдүн айрым катышуучулары. 25.11.2016.

Кыргыз илимпоздору ошондой молдолордун залкарларынын бири – Молдо Кылычтын 150 жылдыгына арналган тегерек үстөл баарлашуусун 2016-жылдын жетинин айынын (ноябрынын) 25инде Бишкек шаарындагы Ишеналы Арабаев (Эшенаалы Арабай уулу) атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өткөрүштү.

Молдо Кылыч – тектүүлүгүнүн айынан элеси адилетсиз мамилеге учураган инсан

Айтылуу Төрөгелди баатырдын небереси (анын Шамыкан деген улуу уулунун урпагы) Кылыч 1866-жылы Кочкор өрөөнүндө жарык дүйнөгө келген Айрым изилдөөчүлөр анын туулган жылын 1875-жылга чейин “жашарткан” маалымат бардыгын айтышууда. Ошондуктан быйылкы маараке жылы Кылыч Шамыкан уулунун туулган жылын тактоого биротоло чекит койбогондугун түшүнүү менен кабылдасак болот.

Анын атасынын ысымы падышалык архивдерде “Шамыркан” деп берилгенин, бул инсан учурунда Темир Болот болуштугунда болуш да болгонун тарыхчы Кыяс Молдокасымов тегерек үстөл маалында дагы бир ирет тастыктады. Бирок бул инсанды “Шамыкан” деп атоо туура экенин фолклор изилдөөчү Омор Сооронов кыргыз тилиндеги булактарга таянуу менен белгилейт.

Совет доорунда 1949-жылга чейин Молдо Кылыч жөнүндө жылуу сөз айтылгандыгы, белгилүү адабият таануучу жана манас таануучу илимпоз Тазабек Саманчин ал тууралуу кандидаттык диссертация жактагандыгы жана ошол 1949-жылдын этегинен тартып куугунтукка кабылгандыгы жөнүндө эгемендик доорунда ачык жазыла баштады.

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов. 25.11.16.

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов. 25.11.16.

Айтмакчы, жазуучу Кеңеш Жусупов “Кайра куруулар” доорунун соңку жылдарынан тартып Молдо Кылыч жөнүндө ачык үн ката башташканын тегерек үстөл жыйыны маалында эскертип өттү. Эгемендиктин чейрек кылымдык мезгили Молдо Кылыч Шамыкан уулунун бейнесин кыргыз адабиятынын жана маданий тарыхынын барактарына кайрадан калыс чагылдыруунун кезеңи болду.

Бай-манаптар жана алардын урпактары “эзүүчүлөрдөн жана прогресске каршы күчтөрдөн болгон” деген марксисттик-лениндик түшүнүктүн айынан 1917-жылы эле каза болгон Кылыч Шамыкан уулу да советтик режимдин “душманы” катары каралган.

Эсимде, кыргыз тарыхында аны сындаган гана саптар учураар эле, бирок анын 1949-жылга чейин жарыяланган эмгектери китепканалардын ачык колдонула турган жайларынан алынып ташталган. Демек, тарыхы жана адабиятчы студенттер анын мурасын окубай туруп сындоого мажбур эле.

1983-88-жылдары Өзбекстандын ИАсынын Чыгыш таануу институтунда окуп жүргөндө гана Молдо Кылычтын арап арибинде кыргызча жарык көргөн эмгегин алгач колума алдым. Анын канчалаган мурастары кийинчерээк чогултулуп, цензурадан өткөрүлгөнүн кайрадан тактоо керек болуп турат. Анын кээ бир кол жазма эмгектери Улуу Үркүн маалында Батыш Кытайга чейин жеткирилип, акыры изи суугандыгы жөнүндө жоромол кептер бар, аларды да иликтөө абзел.

Молдо Кылыч – алгачкы жазгыч акынбы?

Бирок Молдо Кылычты мурдагы “кыргыздын алгачкы жазгыч акындарынын бири” катары мүнөздөгөн эски бааны да өзгөртүү зарыл. Ал алгачкы молдо болгон эмес. Тек гана “кыргыздын улуттук жазма маданияты Лениндин 1917-жылкы ыңкылабынан кийин гана пайда болду, 1924-жылдын жетинин айындагы “Эркин Тоо” гезитинин туңгуч саны менен башталды” деген мурдагы коммунисттик жобонун айынан көөнө доорлордогу жазма маданий салтыбыз эстен чыгарылып келгенин белгилөө абзел.

Кыргыздар орто кылымдардын башынан тартып руна сымал алфавитти негиздеп, өнүктүргөн чыгыш түрктөрүнүн бири болгон. Кыргыздын жазма маданияты бардыгын ошол көөнө доордо кытай, арап, фарсы булактары да тастыкташат.

Маселен, X кылымдагы арап саякатчысы Абу Дулаф кыргыздардын жазуу үчүн каламы бар экенин белгилейт.

Кыргыздардын теңир-тоолук тобу Карахандар жана Каракытайлар доорунан (X кылымдын ортосунан – XIII кылымдын башына чейинки доордон) тартып арап жазмасына көчкөн. Аларга башка кыргыз топтору XIII кылымда кошулган. Башка да жазма түрлөрүн колдонгон сабаттуу кыргыздар да болгон.

Ушул жагдайды эске алып, нечендеген кыргыз аалымдарынын, акындарынын жана башка сабаттуу инсандарынын XIX кылымга чейинки мурасын эске албай келген мүчүлүштүгүбүздү моюнга алышыбыз абзел. Карахандар доорунун түрк калктарынын орток бабасы саналган Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари Барскани сыяктуу даанышмандар (XI кылым) теңир-тоолук кыргыздар үчүн дагы бабаларынан болгон.

XVI кылымда парсы тилинде “Мажму ат-таварих” эмгегин жазган автор Сайпидин Аксыкенттик да теги жагынан кыргыз болгондугу жоромолдонуп келет.

“Полот хан” атыккан Исхак Асан уулу жана анын атасы дагы өз учурунда молдо болгонун, Зиябидин Максым сыяктуу далай молдолор чыкканын азыр тарыхта ачык чагылдыра баштадык.

Демек, Молдо Кылыч эч качан “алгачкы жазгыч акын” болушу мүмкүн эмес. Ал – улуу көчтүн залкар улантуучуларынан.

Борбордук Азиядагы сопулук философиялык агымдын залкар өкүлү

Совет доорунда Молдо Кылычтын жана башка “заманачылардын” (“заманчылардын”) мурасын чөлкөмдөгү башка маданий мурастан четтетип баа берген учурлар болгон. Иш жүзүндө Молдо Кылычтын чыгармаларынан жалпы Борбордук Азия чөлкөмүндөгү X кылымдан берки мусулмандык сопулук философиялык ой-мурас камтылган жазма адабияттын салтын көрө алабыз.

Тек гана, Арстанбек, Жеңижок, Молдо Кылыч, Молдо Нияз, ж.б. кыргыз акындары бул салтты кыргыз тилиндеги кыртышка жайылтып, андан ары байытышкан. Мындай тыянактын эч бир өөнү жок. Кыргыздар ар жайым ар кыл цивилизациялык очоктордун тоом жолун ээлеп, өздөрүнүн көөнөргүс маданиятын башка элдердин маданий байлыгы менен тереңдетип, аларга да маданий таасир тийгизип келген эл эмеспи.

Изилдөөчүлөр белгилешкендей, Молдо Кылыч чыгармаларында 1916-жылкы көтөрүлүшкө өбөлгө болгон жагдайларды, оторчулук доордогу адилетсиздикти чагылдырган. Ошону менен катар орус эли менен маданий карым-катнаштын аркасында пайда болгон турмуш-тирчиликтеги жаңы белгилер жөнүндө да ачык сыпаттайт.

Демек, ал – өз доору үчүн калыс байкоочу инсан болгон.

Анын өз чоң атасы Төрөгелди баатыр Абайылда уулу тууралуу терс баасы, балким, 1920-30-жылдарда анын чыгармаларын коммунисттик адабиятта эркин жарыялоо үчүн болшевик редакторлор тарабынан кийинчерээк киргизилгендир?

Молдо Кылычка таандык делген ыр саптарында мындайча баа бар:

“Атымды айтсам ким билет?

Атамды айтсам эл билет:

«Төрөгелди, Ормон» деп,

«Төгөрөктү соргон» деп…

Төрөгелди, Ормондун

Жаман эле жүргөнү.

Жакшы болду кечикпей,

Бачымыраак өлгөнү!”

Айтор, аны өз атасына каршы чыккан “Павлик Морозов” сыяктуу көрүү советтик цензурага ылайык болгону менен, XXI кылымдын башында акылга сыйгыс сезилет. (Орусиялыктар далилдегендей, Павлик Морозовдун өзү да “чекисттер” ойлоп тапкан жасалма бейне болгон экен).

Быйылкы маараке жылы Молдо Кылыч тууралуу ар кыл жаңычыл баалар арбын айтылды. Маселен, этнограф Абылабек Асанканов Молдо Кылыч кыргыз улутунун биримдигин туу туткан ойчул экенин анын ыр саптарынан мисал кылып баяндады.

“Жаңы усул” (“усул-и жадид”) агымынын тарыхын иликтеген Аида Кубатова Молдо Кылыч менен чыгаан агартуучу Эшенаалы Арабай уулунун өз ара мамилелери, жалпы жаңычыл агартуучулук агым тууралуу кеп козгоду. Чынында да Молдо Кылычтын “Кысса-и зилзала” (“Жер титирөө баяны”) чыгармасын 1911-жылы Казанда жарыялоодогу Эшенаалы Арабай уулунун салымын эч унутууга болбойт.

Молдо Кылычтын "Кысса-и зилзала" китеби. Казан, 1911.

Молдо Кылычтын "Кысса-и зилзала" китеби. Казан, 1911.

1911-жылы жарык көргөн “Кысса-и зилзала” деген китептин мукабасында автордун ысымы “Молла Кылыч Төрегелдин” деп берилген (бул тексттеги “молла” сөзүн кыргыздар “молдо” деп эле окушкан). “Хак масулийет Ишанъали Арабайефте” (“Укуктук, б.а. акы төлөө жоопкерчилиги Эшенаалы Арабай уулуна таандык”) деген да сап бар.

Китеп Казан шаарында “В.Еремеев жана А.Шашабрин” жеке ишкердик басмаканасында жарыяланган жана аны басмага даярдоого Уфадагы “Медресе-и Ъалийа” окуу жайынын студенттери (“талебелери”) салым кошкон.

1925-39-ж. Молдо Кылычтын “Буудайык”, “Канаттуулар”, “Бүркүттүн тою” поэмалары, 1946-ж. “Иргелген казалдары” жарык көргөн.

Молдо Кылычтын "Канаттуулар" китеби латын арибинде чыккан. 1939.

Молдо Кылычтын "Канаттуулар" китеби латын арибинде чыккан. 1939.

1939-жылы “Кыргызмамбас” басмасында кыргызча латын арибинде жарык көргөн “Канаттуулар” китебинин мукабасында автордун ысымы М. Шамырканов деп берилген.

Акындын пост-советтик доордогу алгач жарык көргөн жыйнагы деле “Кайра куруулар” доорунда басмага даярдала баштаган. (Караңыз: МОЛДО Кылыч. Казалдар / Жыйнакты түзгөн жана түшүндүрмөлөрүн жазган Омор Сооронов. – Ф.: Адабият, 1991. – 256 бет). Бул эмгектер советтик цензуралык кайчынын “запкысын” канчалык көргөндүгүн тактоо – алдыдагы илимий изилдөө милдеттеринен.

Педагогдор Мурат Иманкулов, Гүлнара Жыргалбекова Молдо Кылычтын мурасын окутуудагы жаңы усулдар жөнүндө кеп салса, Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын өкүлү, тарыхчы Заирбек Эргешов, КУУнун ректору, тарыхчы Төлөбек Абдырахманов, КМУнун профессорлору Жамбила Самиева, Айнагүл Жоошбекова, КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу факултетинин деканы Аскар Беделбаев, Кыргызстан УИАсынын жетекчи илимий кызматкери, булак таануучу жана фолклор таануучу Омор Сооронов, КМУнун профессору Топчубек Тургуналиев жана башка жыйындын катышуучулары Молдо Кылычтын мурасын жаңыча архивдик, текстологиялык жана башка өңүттөрдө иликтөөнү улантуу зарылдыгын айтышты. Ал эми философ Калбүбү Сариева акындын философиялык ой мурасын жаңыча изилдөө көйгөйлөрүнө токтолду.

Жыйындын айрым катышуучулары Молдо Кылычтын кайсы бир эмгектери КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунда жашап жаткан санжырачы Төлөк Төрөкандын колунда болушу ыктымал деген жоромолун айтышты. Бирок биз анда Молдо Кылычтын кол жазмасы сакталган деген жоромол чындыкка коошпостугун билдирдик. 2014-жылы теке (июл) айынын 13үндө Төлөк Төрөкан атабыздын Аңыз кыштагындагы үйүндө болгон элек. Ошондо ал өзүндө чагатай тилиндеги айрым кол жазмалар бар экенин, кээ бир уйгурча китептердин мазмунун басмага жарыялатканын айтканы бар.

(Эсибизде, журналист Темирбек Токтогазиев мырза Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматовдун кыргызча, бирок арап арибинде жазылган кол жазмасы Кытайда бар экен, деп мындан 3-4 жыл мурда Таластагы илимий жыйын маалында айткан эле. Бул сөзгө профессор Роза Айтматова эжеке да күбө болгон. Бирок Төлөк Төрөкан аксакал бул жоромолду быйыл Бишкекте жолугушканыбызда четке какты. Айтор, “өзүбүз сактай албай калган жазма мурас чет жактагы кыргыздарда бапестелип сакталып жатат ко” деген үмүт кандай сонун, бирок турмуш чындыгы андан да катаал тура!)

Молдо Кылычтын мурасын изилдөө – мурда “заманачы” катары бир беткей жаманаттыга алынып келген улуу ойчулдардын мурасын калыс чагылдырууга жол ача турган багыттардын бири экендиги талашсыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG