Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:19

Орус рублинин кыргыз сомуна карата наркынын төмөндөшү экономиканын өнүгүшүнө кандай таасир этиши мүмкүн? Улуттук Банк доллардын курсун канча убакытка чейин бир калыпта кармап тура алат?

Ушул жана башка суроолордун айланасында финансист Максат Ишенбаев “Азаттыкка” маек берди.

“Азаттык”: Орусияда бивалюталык себет биринчи жолу 44 рублдан ашты. Рубль курсунун төмөндөшү Орусиянын экономикасынын көйгөйү тереңдегенинен кабар берери айтылууда. Бул сомдун курсуна кандай таасир этет?

Ишенбаев: Рубль курсунун төмөндөшү - Батыш санкцияларынын кесепети. Анткени ага кабылган мамлекеттик корпорация жана ири банктар чет өлкөдөн валюта ресурсун тартуу жөндөмүн жоготушту. Мындан сырткары мунайга болгон баа дагы төмөндөп кетти. Бул бир эле рубль курсуна эмес, Орусиянын экономикасына таасир этүүдө.

Натыйжада, Орусия экономикасындагы стресс тике жана кыйыр түрдө болсо дагы Кыргызстанга тийүүдө. Бирок кеп Орусиянын гана экономикалык абалы тууралуу эмес. Ушул жерден Кыргызстанга 2 миллиард доллар же ИДПнын 50 пайызын жөнөтүп турган гастарбайтерлер тууралуу да айта кетүү керек.

Европа өнүктүрүү жана кызматташтык банкынын (ЕБРР) отчетунда 2009-жылдан бери быйыл мигранттардан эң аз акча агымы келиши күтүлүүдө. Эгер 2009-жылы акча которуулар өсүп гана келген болсо, бул жылы ал кескин түрдө азайды. Бул кыргыз сомуна сөзсүз таасир этет, анткени алтын валюталык резерв мурдагыдай эмес.

Сомдун начарлашына экономиканын абалы да таасир этет. Биринчиден, кургакчылык кесепети айыл чарба продукциясынын көлөмүнүн азайышына таасир этти. Мындайынан караганда бул дагы валютанын булагы, анткени товардын кайсы бир бөлүгү экспортко кетип турган. Экинчиден, бул жылы Транзиттик борбордон экономикага түшчү кыйыр жана түз салымдар жок. Үчүнчүдөн, энергетикалык долбоорлорго убада кылынган каражат түшө элек. Төртүнчүдөн, электр энергиясын чектөөдөн чакан жана орто бизнес, курулуш тармагы жабыркайт. Бажы биримдигине кирүү бул кырдаалга кошул-ташыл болуп, өлкө жарандары жумуш издеп, четке кетүүгө аргасыз болушат.

Демек, мен бул жерден доллар курсун рубль курсу менен байланыштырган жокмун. Мен экономикадагы бизнеске жана улуттук валютага таасир эткен жалпы кырдаалды айтып жатам. Мындайда Улуттук банк эч нерсе кыла албайт.

Айрым депутаттар кайсы бир деңгээлде интервенция кылып, сомдун олку-солкусун жымсалдап жаткан Улуттук банкты сындашууда, бирок кырдаал узак убакытка созулуп кетсе аны жөндөй албайт. Андыктан бул жерге экономиканын терең, структуралык реформалары керек.

“Азаттык”: Рублдин күчүнүн жоголушу доллардын курсунун өсүшүнө алып келеби?

Ишенбаев: Албетте. Фундаменталдык жактан биз эч нерсе оңдой албайбыз. Шарттуу түрдө капиталы 1 миллиард долларлык Кыргыз-орус фонду түзүлөрүн айтып жатышат. Бул барандуу салым. Мындай учурда биз валюта курсун көпкө кармап тура алабыз. Жакынкы келечекте биз экономикадагы натыйжаны көрө албайбыз, бирок бул сомдун курсунун туруктуу сакталышына оң таасирин тийгизе алат.

«Азаттык»: Кайсы убакта Кыргызстан үчүн туруктуулук бузулушу мүмкүн?

Ишенбаев: Биринчи кезекте бизге Орусияны карап кереги жок, биз өз көйгөйлөрүбүздү чечүүбүз керек. Чынында эле азыр ыйлагыдай акыбалдагы айыл чарба, курулуш, орто жана чакан бизнес, энергетика - баары бири-бирине байланып турат. Экономикалык кырдаалды оңдомоюнча төмөн кулай беребиз. Биз азыр экономикалык кыйроону көздөй тездик менен жылып баратабыз.

Мен өкмөттүн мамлекеттик жана аппарат чыгымдарын кыскартканын көрө элекмин. Өкмөт азыр тескери натыйжадан башка жыйынтык бербеген үстүрт чараларды көрүүдө. Менин оюмча, орус рублинин девальвациясынан кийин ал казак тенгесине кезек жетет. (Бажы биримдигинин жана Бирдиктүү экономикалык аймактын алкагында). Орусиянын артынан эле Казакстан тенгеси жыл башындагыдай девальвацияланат. Албетте, мындан кыргыз сомуна басым болот. Бирок буга анчейин маани берип кереги жок. Андан көрө ички көйгөйлөрдү чечүүгө көңүл буруу керек. Биздин сомдун курсу ушулардын айынан түштү деген кепти ошондон кийин айтсак жарашат.

«Азаттык»: Улуттук банк доллар курсун канчага чейин туруктуу кармап тура алат?

Ишенбаев: Эгер Орусия менен Казакстан тараптан басым болуп, ага ички көйгөйлөр кошул-ташыл болсо, анда Улуттук банк теориялык жактан валюта курсун сактап тура алат, бирок аны алтын-валюталык резервдин эсебинен жасайт. Эки миллиард долларды учурда жумшап коюу жеңил, жок дегенде жаңы жылда курс стабилдүү болот. Андан кийинчи? Эгер туш тараптан кысым болсо, Улуттук банк сомдун курсун кармап турганга аракет кылбайт. Ал сом бир жума ичинде айталы, 5-7 пайызга чейин девальвацияланып кетпеши үчүн кескин чайпалуулардын гана алдын алат. Улуттук банк жакынкы келечекте муну кыла албайт, андай кылбашы да керек, анткени анын айынан биз алтын валюталык резерви жок калышыбыз мүмкүн.

«Азаттык»: Доллар курсунун мындан аркы өсүшү эмнеге алып келет?

Ишенбаев: Эгер доллардын сомго карата курсу стабилдүү түрдө өссө, биз ал учурда эч нерсе кылбасак, банк секторундагы кредиттик портфелдин сапаты начарлайт. Анткени 50 пайыз кардарлар кредитти жана ипотеканы доллар түрүндө алган, андыктан алар өз карыздарын төлөөгө келгенде абдан кыйналышат. Экинчиден, эл сомго ишенбей өз каражаттарын чет элдик валюта түрүндө сактай баштайт. Бул кырдаалдын тереңдешине алып келет. Мындан тышкары Кыргызстандын тышкы карызы 3 миллиард долларды түзөт. Өзүңөр билгендей 2015-жылы аны жабууга 15 миллиард 661,1 млн. сом, 2016-жылы болсо 20 миллиард сомду валютага айландырып төлөйбүз. Бул дагы бюджет үчүн жүк. Биз экономикалык саясатты өзгөртүп, конкреттүү реформа жүргүзбөсөк мунун баары кесепетин тийгизиши мүмкүн. Чечкиндүү, так реформаны биз азырынча көрө элекпиз. Бардык процесстер бизде бардыгы жайында, ырааттуу деген түшүнүксүз, ыргылжың абалды көргөзүүдө. Анан бирдеме болсо эле Улуттук банкты күнөөлөй башташат.

Маек орус тилинен которулду. Аны менен бул жерден таанышсаңыз болот. (ST)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG