Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Жоолаштырган жол кырсыгы


Түптө былтыр автожол кырсыгына кабылган Айгерим Бакибаева андан оор жаракат алганы аз келгенсип, эми сот жообуна тартылып жатканына даттанды.

Ал аталган жол кырсыгына күнөөлүү деп КСДПнын жаштар канатынын жетекчиси Ринат Самудиновду атап, кырсыктын себебин аныктоочу схеманы өзгөрттүргөн деп кине койууда. Ринат Самудинов муну бет тырмоочулук катары кабыл алып, айдоочу кыз фары жок машинеси менен каршы тилкеге чыгып кетип, аварияга жол берген деп айыптады.

Он айга созулган тергөө иши

Бул жол кырсыгы 2015-жылы 25-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Кутургу айылына жакын жерде болгон. Бишкектен келе жаткан “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автомашина Түптөн келе жаткан “Субару Форестер” үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкан. Соккудан улам, “Хонда Фиттин” айдоочусу Айгерим Бакибаева унаасынын капталындагы терезесинен чыгып кеткен. Жаракат алган айдоочу кыз төрт айга чукул дарыланып, окуя кандай болгонун кийин гана эстеген. “Субару Форестердин” ээси Ринат Самудиновдун арызынын негизинде айдоочу кыз аталган жол кырсыгына күнөөлүү катары учурда сот жообуна тартылып жатат.

Айгерим Бакибаева жол кырсыгынын себебин аныктоочу схеманын өзгөртүлгөнүн кийин гана байкап калганын мындайча баяндады:

- Биринчи күнү чийилген схема туура эле болгон экен. Бирок кийин алар аны оңдошуп, бир топ өзгөртүү жасаганы көрүнүп калды. Анткени мен алдыман киши чыга калып, андан буйтап солго бурулуп, анан кайра оңго бурайын деп токтоп турган учурда келип сүзүп жатпайбы. Аны өзүнө ылайыктап туруп, оңдотконун кийин билип жатпайымбы. Мен төрт айдан ашуун дарыланып жаттым. Анан башында агам мени күнөөлүү болсо керек деген негизде аларга “автоунааңарды оңдотуп берейин” деген экен. Бирок ал “жаңысын алып бересиңер” деп болбой коюптур. Анан “мен токтоп калганда келип урганыңар аз келгенсип, эми машинени төлөп дагы беришибиз” керекпи десем эле ал кайра өзгөрө баштады.

Зордукпу же долулукпу?

Бирок Кыргызстан Социал-Демократтар партиясынын жаштар канатынын жетекчиси Ринат Самудинов анын кийлигишүүсү менен жол кырсыгынын схемасы өзгөртүлгөн деген дооматты четке какты. Анын айтымында, айдоочу Айгерим Бакибаева буга чейин тергөөдө жана сотто көрсөтмөлөрүн бир нече жолу өзгөртүп, жоопкерчиликтен качуунун амалын издөөдө. КСДПнын жаштар канатынын жетекчиси Ринат Самудинов айдоочу кыз негизсиз жерден догурунуп жатканын тастыктоочу далилдер жетиштүү деп эсептейт:

- Мына ошол кыз тарап буга чейин төрт жолу экспертизага берди. Төртөө тең бул окуяда менин күнөөм жок экенин, ал авария кыздын айынан болгонун тастыктап берди. Чынында биз мына ошол күнү ал кыздын өмүрүн сактап калганга жардам бердик. Анан убакыт өткөн соң, кайра бизди күнөөлүү кылгысы келип, бет тырмоочулук кылып жатканы Кудайга жагабы? Анын агасынын башында “карындашым күнөөлүү болгон экен” деп айткан сөзү телефонго жазылган. Кийин эле ал анан “машинени калыбына келтирип берем” деген убадасынан айный баштады да. Анан алар сотко келип алып эле, эми башкача көрсөтмө берип баштаганы таң калтырууда. Мага жеткен маалыматтар боюнча ал кызга ИИМдеги бир тааныштары акыл үйрөтүп, сот жообунан бошонуп кетүүгө жол издеп жатат. Анан эми мен өзүм акыйкаттыкты айтам деп, калыс сөзүмдү сүйлөп жүргөн адам катары кантип анан бирөөнү сүзүп кетип анан кайра анын өзүн айыптап чыгайын...?

Көп нерсени чечкен “көз ирмем”

Экинчи машиненин айдоочусу Ринат Самудинов ал жол кырсыгында колунан жеңил жараат алган. Андан соң ал жол кырсыгынын катышуучусу катары айрым интернет сайттарга коопсуздук курун тагынып жүрүүнүн зарылдыгын айтып, 25-октябрда жогорку ылдамдыкта келе жаткан “Хонда Фиттин” айдоочусу кур тагынбаганын мисалга алган. Айдоочу кыздын жамбашы менен буту сынып, баш мээси чайкалган.

Сүзүшкөн машиналар
Сүзүшкөн машиналар

Ринат Самудинов айдаган машинеде отурган жол кырсыгынын күбөсү Уларбек Бакырдинов мындай дейт:

- Ал кыз бир фарасы менен жогорку ылдамдыкта келе жатып, каршы тилкеге чыга калып, биз менен сүзүшүп кетип жатпайбы. Мына ошол жол кырсыгы боюнча фотолорду караган адам деле, кайсы унаа кайсынысын сүзгөнүн байкайт. Анан эми ал кыз өзүнүн көрсөтмөсүндө токтоп турганда келип, сүздү деп жалган айтып жатат. Трассалогиялык экспертиза “машине жүрүп бара жатканда кагышкан” деген корутунду чыгарып берген. Аны тастыктоочу бир топ жагдайлар иликтенген.

Айдоочу кыз оор жаракат алган окуя болгон жерге кийин барып калган Алмаз Жумагулов болсо эки машиненин кагылышуусун күтүүсүз жагдай менен байланыштырды. Күбө Алмаз Жумагулов көз ирмемде болгон жол кырсыгынын жагдайлары туурасында мына буларга токтолду:

- Автоунаанын үнүн угуп, мен мына ошол жерге баргамын. Барсам, ал кыз бери жакта эс-учун жоготуп коюп, жаткан экен. Анын автоунаасы жолдун четинде турган. Мына ошондо ал кыз алдынан бир киши чыга калганда, андан качам деп каршы тилкеге чыга калып, кайра бурам деп жаткан кезде тигил машине туурасынан келип сүзгөн экен. Менимче, тигил машине катуу ылдамдыкта келе жатканда кыз бурам деп, токтой калган окшойт. Бул жол кырсыгы эми көз ачып жумганча болуп кетти окшойт.

Бул жол кырсыгы боюнча тергөө иштери аяктап, ишти кароо Түп райондук сотуна өткөрүлүп берилген болчу. Буга чейин бир нече ирет улам артка жылдырылып келген бул ишти жакында Түп райондук соту карап баштамакчы.

XS
SM
MD
LG