Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Милициядан качкан адам кыйноо көргөнүн айтты


Иллюстрация
Иллюстрация

Уурулук фактысы боюнча шектүү адамдын жакындары Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн үстүнөн Башкы прокуратурага кайрылганы жатат.

Муну алар райондук милиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынып, кыйноого кабылгандыгы менен негиздөөдө. Мындай дооматты райондук милиция мойнуна алган жери жок. Райондук милиция учурда уурулук фактысы боюнча козголгон кылмыш ишти тергеп жатат.

Аксы райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишти бир ай мурда катталган уурулук фактысынын негизинде козгоп, Кербен шаарынын 21 жаштагы тургуну Самарбек Максатбек уулу кылмышка шектүү катары кармаган.

Милициянын колунан качып кеткен тургунду азыр жакындары жашыруун кармап турушат. Жаңжалдын чыгуу себебин Самарбек Максат уулу милициянын запкысына кабылганы менен түшүндүрдү:

- Милиция бөлүмүнө мени уурулукка шектүү катары алып барышты. Ал жерден "акчаны кайда жашырганыңды айтасың" деди. Мен эч нерсе түшүнө алган жокмун. Акча албаганымды жана уурдабаганымды айттым. Анан дароо мени столго отургузуп, башыма желим баштык кийгизип, кыйноого алышты. Андан соң противогаз кийгизип, абаны бууп коюшту. Ошентип 5-6 орган кызматкери тергөөчүнүн кабинетинде "уурулукту мойнуңа аласың, анан бул жерден чыгасың" деген талап коюшту. Аргасыз мен акчаны алганымды жана байкемдин үйүнүн короосуна жашырганымды айттым.

Чындык издеген эне БУУга кайрылат

Чындык издеген эне БУУга кайрылат

Бишкектин тургуну Кайыр Жээренчиева баласын кыйноого алган милиция кызматкерлерин жоопкерчиликке тартуу талабы менен 2013-жылдан бери акыйкаттык издеп жүрөт.

Максат уулунун айтымына караганда, агасыныкына жеткен кезде милициянын колунан качып чыгып кетүүгө үлгүргөн. Баласын катып отурган апасы Насипкан Назаралиева милициянын бул аракетин катуу айыптады.

- Баланы ур-токмокко алып жаткан учурда милиция бөлүмүндө каза тапса ким жооп берет? Кокус жамандык болсо асынып алды деп колума сөөгүн карматып салмак. Эки милиция баламдын колунан, дагы экөө бутунан, бири белинен кармап туруптур. Бир кызматкер башына 17 жолу баштык кийгизип, ур-токмокко алган. Булардын дагы бир кызматкери телефонго видеого тартып турган. Акырында баламды токко отургузабыз дегенде аргасыз акчаны кайда катканын айтып берем деп милицияканадан чыгуунун жолун издеген. Бул эмне деген кордук?! Кийин ошол кызматкерлер бизге келип, "туура эмес кылып коюптурбуз" деп кечирим сурашты. Бирок биз ага макул эмеспиз. Баары жазага тартылып, кызматтан кетиши керек.

Милициядан жабыркадым деп жаткан кылмышка шектүү адамдын туугандары буга чейин райондук прокуратурага кайрылып, бирок, кылмыштын курамы жок деген жооп алышкан. Ошондуктан, Самарбек Максатбек уулунун тарапкерлери жергиликтүү күч кызматтары ич ара келишип алды деп эсептеп, эми Башкы прокуратурага кайрылууну көздөп жатышат.

Аксы райондук ички иштер бөлүмү кыйноо фактысы боюнча маалыматты төгүнгө чыгарууда. Кылмышка шектүү бул аракети менен кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу айласын издөөдө. Бул багытта облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков буларга токтолду:

- Аксы районундагы Кербен шаарында автотетиктер дүкөнүндө болгон уурулук боюнча кылмышка шектүү катары Аксы райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип суралган Максатбек уулу Самарбекке карата милиция кызматкерлери тарабынан кыйноо фактылары аныкталган эмес. Аксы райондук соттук медициналык, Ош шаарындагы психикалык экспертизаларынын жыйынтыктарынын негизинде жана кылмыштын курамы жок болгондуктан Максатбек уулу Самарбектин арызы боюнча Аксы райондук прокуратура тарабынан кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылган. Ал эми жогорудагы уурулуктун бетин ачуу максатында Аксы РИИБ тарабынан ыкчам иликтөө жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бир кызматкер башына 17 жолу баштык кийгизип, ур-токмокко алган. Булардын дагы бир кызматкери телефонго видеого тартып турган.

Адистердин маалыматында, соңку учурда милиция тарабынан кыйноо фактылары азайганы менен анын арты токтобой келет. Анын себебин акыйкатчынын облустагы өкүлү Алима Аманова тергөө иштериндеги алешемдиктер менен байланыштырды:

- Соттор жана тергөө органдары кылмыш иштин бетин ачууда мойнуна алдыруу менен гана чектелип, анын далилдөөнү жакшы билбей жатышат. Соттор да ошол бойдон өкүм кабыл алып, ал далил катары кабыл алынып жатат. Бизде криминалистика жакшы өнүккөн эмес, тергөө учурунда акыркы илимий жаңычылдыктар такыр колдонулбайт. Бир жагы буга коррупция да түрткү берет. Үчүнчүдөн, бизде орган кызматкерлери жыл аягында кылмыштын бетин ачуу боюнча отчет берип туруш керек. Ушул жагдайлар кыйноолордун токтолуусуна тоскоолдук жаратат.

Кыйнооого каршы улуттук борбордун маалыматына караганда, соңку учурда кыйноо фактысы боюнча козголгон кылмыш иштердин саны эки эсе көбөйдү. Бирок кылмыш иштерди тергөө, сотто кароо айлап-жылдап созулуп, көп учурда акталып же иш кыскарып кетип соттолгондор дээрлик жокко эсе.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, быйыл кыйноо фактысы боюнча 20га жакын кылмыш иши козголгон. Анын 11и сотко өткөрүлдү. 2014-жылы Жалал-Абадда эки милиционер кыйноо колдонгону үчүн 11 жылга эркинен ажыратылган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG