Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:02

Башкы прокуратура Бишкек шаардык милициясынын үч кызматкерине карата кыйноо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Алар кылмышка шектелген адамдын күнөөсүн сабап моюнуна алдырган деп айыпталууда. Кыйноолорго каршы борбор акыркы учурда күч кызматкерлеринин үстүнөн кыйноо фактылары боюнча даттануу көбөйгөнүн билдирди.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашкандай, кыйноого шектелген милиция кызматкерлеринин бири Бишкек шаардык милициясында иштесе, экөө Ленин райондук ички иштер бөлүмүндө эмгектенген.

Алар Бишкектин №1 тергөө абагында каракчылык үчүн шектелип камалган жаранды кыйноого алып, башка кылмышты моюнуна алдыруу үчүн уруп-сабаган. Мындан соң сабалган жаранга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Бирок милиция кызматкерлери аны жүргүзүүгө жолтоо болуп, адистерге медициналык кароону жүргүзүүгө каршылык көрсөткөнүн Башкы прокуратуранын өкүлү Назик Байгазинова “Азаттыкка” айтып берди:

- Аталган кызматкерлер талап-тоноочулук фактысы боюнча кармалган жаранды №1 тергөө абагына алып чыгышканы аныкталган. Ага башка кылмышты моюнуна алдыруу максатында күч колдонушкан. Эртеси күнү жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бул экспертизанын жүрүшүнө ар тараптан тоскоолдук көрсөтүшкөн. Бул факты боюнча Бишкек шаардык милициясынын бир кызматкеринин жана Ленин райондук милициясынын эки кызматкеринин үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин кыйноо жана кызматтык укуктарынан ашыкча пайдалануу беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Иллюстрация

Иллюстрация

Байгазинова жакында эле кыйноо фактылары боюнча Чүй облустук милициясынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголгонун кошумчалады.

Башкы прокуратура жарандарды кыйноого алгандарга каршы күрөш күчөтүлгөнүн билдирип келет. Буга акыркы учурда бул жаатта кылмыш ишинин көп козголуп, чектен чыккан милиция кызматкерлеринин жазага тартылып жатканын жүйө келтирүүдө.

Мунун жыйынтыгында кыйноо боюнча даттануулар былтыр мурдагы жылдарга караганда кыйла азайганын баш прокурор Индира Жолдубаева апрель айында билдирген. Анын маалыматында, 2014-жылы 220 арыз келип түшсө, былтыр алардын саны 199га азайган. Ал эми 34 кылмыш иши козголуп, 13 иш сотко ашырылганын кошумчалады.

Кылмыш иши козголду деп айтылганы менен көпчүлүгү соттон акталып кетет. Бир эле кылмышка шектүү эмес, судмедэксперттерге чейин кол көтөргөн факт болгон.

Анткен менен Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор бул жаатта кайрылуулардын азайбаганын билдирүүдө. Аталган борбордун директору Нурдин Сулаймановдун айтымында, жабык жайлардагы ур-токмокко тушугуп даттангандар арбын:

- Былтыр жалпысынан 167 кайрылуу келип түшкөн. Быйылкы жылдын жарымында эле кайрылгандардын саны 100дөн ашты. Жыл аягына чейин бул сан өткөн жылдагыдан да көбөйөт деп ойлоп жатабыз. Мунун себеби кыйноолордун көбөйгөнү деле эмес, зордук-зомбулук болгондо ачык айтып жатканы болсо керек деп ойлойм.

Ошол эле учурда кыйноо боюнча иш алып барган укук коргоочулар кылмыш иши козголгону менен сот тарабынан жазага тартылган милиционерлер аз болуп жатканын билдиришүүдө. Маселен, “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулованын айтымында, кыйноого шектелген милиционерлердин көпчүлүгү сотто бошотулуп жатат:

- Кылмыш иши козголду деп айтылганы менен көпчүлүгү соттон акталып кетет. Мындай мисалдар аябай көп. Бул иш деле сотко барып токтоп калса таң калбайм. Бул жерде бир эле кылмышка шектүү эле эмес, судмедэксперттерге чейин кол көтөргөн факт болгон. Күнөөлүүлөр сөзсүз түрдө жазасын алышы керек. Бирок соттон токтоп калган иштерди көрүп, ар кандай ишенбөөчүлүк жаралууда.

Иллюстрация

Иллюстрация

Кыргызстанда жабык жайларда кыйноо фактылары кеңири жайылган көрүнүш экени айтылып келген. 2010-жылдан соң бул жаатта иштер күчөтүлүп, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор түзүлгөн. Башкы прокуратурада кыйноого каршы атайын бөлүм да иштей баштаган.

Бийлик адамкерчиликсиз мамилеге каршы күрөштү күчөтүп, мындай жолго барган кызматкерлерге жаза катаалданып жатканын айтып келет. Коопсуздук жана чек ара боюнча вице-премьер Жеңиш Раззаков “Азаттыкка” бул жаатта иштер уланарын убада кылды:

- Биз учурда Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор менен биргеликте иш жүргүзүп жатабыз. Алар берген материалдарды көзөмөлгө алып, кылмыш иштердин аягына чыгышына көзөмөл жүргүзөбүз. Ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, айрыкча милицияга түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Эл аралык уюмдар бул жаатта аткарылчу иштер арбын экенин эскертип келет. Маселен, АКШ мамлекеттик департаментинин быйыл апрелде жарыялаган баяндамадасында Кыргызстандын укук коргоо органдарын негизсиз камоо, кыйноо, коркутуу, опузалоо фактыларына каршы күрөшүүгө чакырган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG