Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:40

Ала-Бука районундагы Баймак айылында ушул жылдын 17-ноябрында өткөн үйлөнүү той маалында чыккан кыргыз-тажик улутундагы жергиликтүү жаштардын чатагы түрдүү талкууга жем таштады.

Укук коргоочулар бул улут аралык араздашууга алып барбас бекен деп чочулашса, тартип коргоо кызматтары менен жергиликтүү тургундар муну кызуу кандуу балдардын катардагы мушташы деп, тараптар дароо эле элдешип, ынтымакта жашап жатканын айтышууда.

Ала-Бука районунун Баймак айылында кыргыз-тажик улутундагылар басымдуу көпчүлүктү түзөт. 17-ноябрда айылдын тургуну, тажик тектүү Камил Садыковдун уулунун үйлөнүү тоюна байланышкан окуя коомчулуктун көңүлүн буруп турат.

Айрым маалымат агенттиктери жана укук коргоочулар үйлөнүү тойдо кыргыз улутундагы уландар кыргызча ыр ырдалбаганын шылтоо кылып, тойго бүлүк салганын жазышууда.

Ала-Букадагы "Эдита шанс" бейөкмөт уюмунун башчысы Елена Иванованын айтымында, кыргыз уландар тойго барып чыр чыгарышып, бирок ал жерде тажик жаштары көптүк кылып, кыргыздарды сабап коюшкан. Ал жапырт мушташка алып барган:

- Жаалданган кыргыз улутундагы жаштар айылдагы башка балдарды ээрчитип келип, унаалардын айнектерин талкалап, тойго даярдалган үстөлдөрдү аңтарып киришкен. Бирок айрым интернет сайттарда жазылгандай турмушка чыгып жаткан келинге тийишкени тууралуу мен эч нерсе айта албайм.

Айрым интернет сайттарда кыргыз жаштары үйлөнүү тойго даярдалган тортту тебелеп, келинди маскаралаганы жазылган.

Жаңжалдашкан тарап жарашты

Ала-Бука райондук милиция бөлүмүнүн башчысы Асылбек Бийчиев мындай маалыматты төгүндөдү:

- Бул иш тойлордо кадимкидей эле болуп жүргөн бейбаштык. Эки улуттагы эки бала "музыканы сен кыргызча койосуң, мен өзбекче коём" деп эле уруша кетиптир. Ошол жерде эле териштирилген. Ал эми интернетте жүргөндөрдүн баары калп. Бул боюнча азыр кылмыш иши жүрүп жатат. Азыркы учурда урушкан балдар бири-бири менен жарашып, ынтымакка келишиптир. Мындан улам кылмыш ишин кыскартуу күтүлүп жатат.

Бийчиевдин айтымында, жаңжалдан жабыркады деген Парпиев Шайырбек менен Парпиев Булутбек окуяга күнөөлүү катары кармалган Халилов Зафар менен Садыков Гайбиллага дооматы жок экенин тастыктаган арыздарын жазып беришкен.

Той берген үйдүн ээлеринин бири, жаңы үйлөнгөн Кабылдын жеңеси Макбуда Садыкова менен телефон аркылуу байланышканда, ал “Азаттыкка” буларды айтты:

- Бул жакта баарыбыз жарашып, бири-бири менен жакшынакай эле жашап жатышат. Биз мурдагыдай эле мамиледебиз, баары жай-жайында. Биз бири-бирибиздин тоюбузга барып, бирге жүрөбүз. Бизден камтама болууга керек жок. Себеби бир кан, бир жанбыз.

Бул окуяга улут аралык жаңжалдын боёгун сүртүү аракети бар деп, жергиликтүү тургундар камтамачылыгын билдирип жаткандай. Баймактык Гүлбара Ашырбаева айылдагы соңку жагдайды мындайча сүрөттөдү:

- Бир аз тополоң болгон, өтө деле чоң масштабда эмес. Урушкан балдарды кечээ эле көрдүм. Кучакташып алып, күлүп жүрүшөт. Мен "ай, тентек балдар" деп сүйүнүп койдум. Булар мурда бир мектепте, бир класста чогуу окушкан. Баары жакшы эле болуп бүттү, эми баары бүткөн соң ушундай кичинекей нерседен чоң нерсе чыгара берсек кандай болоор экен?

Жазасыз калуунун кесепеттери

Анткен менен айрым укук коргоочулар этникалык мүнөздөгү мындай көрүнүштөргө "жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын" деген аракеттер кийин чоң жаңжалдарга жол ачышы мүмкүн деген тынчсыздануусун айтып жатышат.

"Борбор Азиянын эркиндик добушу" укук коргоо порталынын редактору Абдумомун Мамараимовдун айтымында, мындай ар бир окуя укуктук баасын алышы керек:

- Былтыркы Ош окуяларына чейин деле ушундай маалыматтарды алып турганбыз. Ушундай ар бир жаңжал "жакшы" деп бүтүп келген. "Эл жарашты, баары жакшы" деп бүтүрүп койгонго аракет кылып жатышат. Чындыгында ал көйгөй чечилбеген бойдон калууда. Себеби күнөөкөр тарап күнөөсүн толук мойнуна алып, аң-сезими менен кечирим сурабайт. Кылмыш ишинен, жоопкерчиликтен качуу максатында эле кечирим сурап коёт. Ал эми жабыркаган тараптын кеги ичинде кала берет.

"Кылым шамы" укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулова бул окуяны көңүл сыртында калтырбай, мындан ары дыкаат көзөмөлгө алуу зарыл деген ойдо:

- "Ушул боюнча баары тынчыды, баары бүтүп калды" деп көңүлүбүз жай болгондон алыс болушубуз керек. Себеби ушундай кичинекей учкун бар жерде жалын болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан бул жерде эң алгач профилактикалык иштер жүргүзүлүшү зарыл. Айылдагы жаштар бири-бирин тойлордо же ушундай иш-чараларда эле көрбөстөн, алар ар күнү жолугуп турушу үчүн демилгелер болушу керек.

Былтыр кыргыз-өзбек улутундагы жаштардын Ош шаарында чыккан чатагы 400дөн ашык адам каза тапкан июнь коогасына алып барган эле.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG