Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:14

Москва арбитражы канадалык Stans Energy компаниясына каршы Кыргызстандын доо арызын канааттандырды. Бул чечим өкмөткө 118 миллион доллар доодон кутулууга жана камакка алынган Кумтөрдүн акцияларын бошотууга үмүт берүүдө.

Stans Energy компаниясынын арызынын негизинде Москва Соода-өндүрүштүк палатасынын алдындагы Арбитраж кыргыз өкмөтүн 118 млн. долларга доого жыгуу боюнча чечимди былтыр чыгарган. Ал чечимди кыргыз өкмөтү аткарган жок деген жүйө менен Канаданын Онтарио соту Кумтөр долбоору боюнча Кыргызстандын 60 пайыздык акциясын камакка алган эле. Өкмөт алдындагы Соттук өкүлчүлүк борборунун жетекчиси Тимур Шамбетов бул чечим Кумтөрдүн акцияларын бошотууга жол ачканын билдирүүдө:

- Москва шаардык арбитражынын чечими 30 күндүн ичинде эч кандай доо арыз берилбесе, күчүнө кирет. Эгер Stans Energy доо арыз менен кайрылса, дагы бир аз созулуп калышы мүмкүн. Сот өкүмү күчүнө кирери менен биз Канаданын Онтарио сотуна кайрылууга даярданып атабыз. Анда биз Кумтөрдөгү камакка алынган акцияларды бошотууну суранабыз.

Шамбетов кошумчалагандай, Москва арбитражынын чечими күчүнө кирсе, Кумтөрдүн камактагы акцияларын бошотууга мүмкүнчүлүк ачылат. Анткени, акцияларды камакка алууга негиз болгон сот чечими күчүн жоготууда.

Куттуу-Сай кени

Куттуу-Сай кени

Бирок Stans Energy компаниясы расмий сайтында бул чечим боюнча доо арыз берерин жарыялады.

Кыргызстандын активдерин камакка алууга жетишкен Stans Energy компаниясы Куттуу - Сай кенин иштетүүгө 2009 - жылы лицензия алган. 2012-2013 - жылдары парламентте ал лицензиянын мыйзамдуулугу боюнча маселе көтөрүлүп, Бишкектеги райондор аралык соту лицензияны алып койгон.

Stans Energy өз кезегинде кыргыз тарап лицензияны мыйзамсыз тартып алды деп, Москвадагы Арбитражга кайрылган. Ошондон бери бул соттошуу уланып келет.

“Кыргызалтын” компаниясынын мурдагы президенти Токон Мамытов бул сот чечиминин Кыргызстан үчүн мааниси чоң экенин билдирүүдө:

- Бул чечимдин Кыргызстан үчүн абдан чоң мааниси бар. Анткени Кумтөр боюнча сүйлөшүү улантылат. Жаңы өкмөт кандай жолду тандабасын, анын башын ачып, соттогу иштерин азайтуу зарыл. Бүгүнкү күндө 57 миллион долларлык акция камакта. Анын 47си дал ушул Stans Energy компаниясынын доосунун негизинде.

Мамытов кошумчалагандай, мындан сырткары “Центерра Голддун” 10 миллион долларлык акциясы “Ак-Кеме” мейманканасы боюнча түркиялык “Систем Мүхендислик” компаниясынын арызынын негизинде камакка алынган.

Соттук өкүлчүлүк борборунун маалыматы боюнча эл аралык соттордо Кыргызстанга каршы 10 иш каралып жаткан. Алардын жалпы доосу бир миллион доллардан ашканы айтылып келет. Алардын эң ириси Жерүй кенине байланыштуу казакстандык “Визор” компаниясынын, "Манас Банкка" байланыштуу латвиялык ишкер Валерий Белакондун, Бишкек эркин экономикалык аймагынын иши боюнча кореялык ишкер Ли Жон Бэктин иши бар эле. Бирок 6-майда Москванын шаардык арбитражы Кыргызстан корей жаранына 22,5 млн. доллар төлөп берсин деген мурдагы соттук чечимди жокко чыгарганы дайын болду.

Алмамбет Шыкмаматов

Алмамбет Шыкмаматов

Кыргызстандын мурдагы юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов бул иштердин баарын кыргыз өкмөтү аягына чыгарууга аракет кылышы керек дейт:

- Биз эл аралык сотторго кабылып калдык деп коркпошубуз керек. Анткени алардын баары мурдагы президент Бакиевдин уулу Максимдин тегерегинде жүргөн адамдар эле бизди сотко берип, шаштыбызды кетирүүнү каалап жатат. Тескерисинче, алар менен аягына чейин күрөшүп, өз укугубузду коргогонго аракет кылышыбыз керек.

Ошол эле учурда мындай чуулгандуу иштер өлкөгө келүүнү каалаган инвесторлорду чочутуп, инвестициялык климатты начарлатары айтылып келет. Чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу боюнча иш алып барган ишкер Кайрат Итибаевдин айтымында, кыргыз өкмөтү ар кыл чатактарды сотко жеткирбей чечүүгө аракет кылышы керек:

- Мындай чуулгандуу жараяндар биздин кадыр-баркка шек келтирип жатканы турган иш. Ошондуктан, өкмөт бул жаатта туруктуулукту камсыздап, мыйзамды бекем сактап ар кыл талаштуу маселелерге өз убагында көңүл бурушу шарт. Антпесе, мындай иштер улам-улам боло берет. Ошол эле мезгилде бийликтин сапаты кандай болсо, келген инвестор деле ошондой болот. Эгер биз мыйзамды так сактабасак, бизге да ошол сыяктуу бир нерсени алып калсам экен деген инвесторлор туш болот.

Кыргызстанда буга чейин эл аралык арбитражда соттошуу тажрыйбасы жок болчу. Мына ошондуктан адистер мына ошол көп иштер боюнча Кыргызстандын утулуп жатышынын себептерин тажрыйбасыздык менен байланыштырышат. Мындан сырткары мурда чет элдик инвесторлор менен келишим түзүп жаткан учурда аларга укук жагынан көбүрөөк мүмкүнчүлүк берген шарттар каралып калган дешет адистер.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG