Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:59

Өзгөчө кырдаал саясий куралбы?


5-август, 2010-жыл
5-август, 2010-жыл

Кыргызстанда “Өзгөчө абал жөнүндөгү” конституциялык мыйзамды өзгөртүү сунушталып жатат. Коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоордо өзгөчө укуктук режим – “кризистик абал режими” деген жаңы түшүнүк киргизилген.

Коомдук талкууга коюлган мыйзам долбоордо өзгөчө укуктук режим – “кризистик абал режими” деген жаңы түшүнүк киргизилген. Мындай режимди "эгер өлкөдө куралдуу көтөрүлүш, улут аралык жаңжал, калайман башаламандык, жол тосуу өңдүү жагдайлар жаралса Башкы штабдын жетекчиси жарыялайт" деп жазылган.

Ал арада мындай демилге Баш мыйзамга каршы келери айтылып, аскерлер саясий курал катары колдонулушу ыктымал деген чочулоону да жаратты.

Башкы штаб коомдук талкууга чыгарган мыйзам долбоордо азыркы “Өзгөчө абал жөнүндө” мыйзамдагы “кризистик кырдаал” деген түшүнүккө тактоо киргизилген. Атап айтканда, бул түшүнүктөн табигый-техногендик кырсыктар, эпидемия, эпизоотия жана эпифитотия өңдүү жагдайлар такыр алынып салынган.

Ош, 20-август, 2010-жыл
Ош, 20-август, 2010-жыл

Өлкөдөгү куралдуу көтөрүлүш, улут аралык жаңжал, калайман башаламандык, конституциялык түзүлүшкө шек келтирип, коомго коркунуч туудуруп, республикалык мааниси бар жолдорду тосуудан, стратегиялык объекттерди басып алуудан улам жаралган жагдай “кризистик кырдаал” болот деп жазылган.

Мындай жагдайды жөнгө салуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын жазуу түрүндөгү сунушу менен Башкы штабдын жетекчиси айрым учурда алдын ала жарыялабастан “кризистик кырдаал режимин” киргизет деп жазылган.

Эч кандай кризистик абал режимин киргизбей эле, ар бир орган өз милдетин так аткарса эле баары жөнгө салынат.
Абдрахман Маматалиев

Долбоорго ылайык, Башкы штабдын жетекчиси чечими тууралуу президентке маалымат берет. Өлкө башчысы өз кезегинде ал чечимди өзгөртө алат жана мындай убактылуу чаранын мөөнөтү 30 күндөн ашпашы керек. Куралдуу күчтөр, аскер бөлүктөрү кризистик кырдаал режими маалында кара күч, атайын каражат, курал-жарак колдоно алат.

Башкы штабдын маалымат катчысы Азамат Дүйшөнбековдун бышыкташынча, бул мыйзам долбоорду бардык күч түзүмдөрдүн эксперттеринен турган атайын топ даярдады:

- Долбоордо “кризистик кырдаал режими” деген жаӊы өзгөчө укуктук режимин киргизүү, кризистик кырдаалдарга тыюу салууга, аларды жөнгө салууга жана коркунуч туудурган масштабдарга чейин жайылып кетүүсүнө жол бербөө чаралары каралган. Кризистик кырдаал режимин киргизүү маселелерине тийиштүү мыйзамдык жазма буйруктар, мамлекеттин жогорку кызмат адамдарынын ушул тармактагы милдеттери белгиленген.

"Полициялык мамлекет эмеспиз"

Негизи азыркы мыйзамдагы “кризистик кырдаал” деген түшүнүктү өткөн чакырылыштагы парламент киргизген. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исмаил Исаков өзү демилгечи болгонун айтууда:

- Себеби биз 2010-жылы башыбыздан ошондой окуяны өткөргөнбүз. 2010-жылдагы окуяларда милициялар, дагы башка күч органдарынын бири Бакиевдерди карап, башкасы дагы башканы карап иштей албай калган. Эмне кыларын билбей, өздөрүнүн милдетин аткарган эмес. Ошондуктан биз “кризистик кырдаал” деген жаңы термин киргизгенбиз. Анын автору менмин.

Бишкек, 5-август, 2010-жыл
Бишкек, 5-август, 2010-жыл

Анткен менен Башкы штабдын демилгеси сынга да кабылды. Мурунку вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев азыркы мыйзамды өзгөртүүнүн зарылчылдыгы жок деген пикирде:

- Азыркы мыйзамдарда өзгөчө абалды ким кандай учурда, тартипте, кантип жарыялары так жазылган. Биз демократиялык мамлекетпиз, парламенттик башкаруу системасында жашап жатабыз. Күч органдарын тейлеп турган, башкы кол башчы болгон президент бар. Алардын функциялары так жазылган. Эми ал милдеттердин баарын Башкы штабдын жетекчисине берүү туура эмес. Биз полициялык мамлекет эмеспиз да. Азыркы Конституцияда анча-мынча мүчүлүштүктөр болгону менен ушундай кырдаалда көрүлө турган чаралар так жазылган. Бизде ар кандай кырдаалдар болгон. Эч кандай кризистик абал режимин киргизбей эле, ар бир орган өз милдетин так аткарса эле баары жөнгө салынат.

Аскерлер саясий курал катары колдонулушу ыктымал деген кооптонуу жаратты. Чек ара кызматынын мурунку төрагасы Курманакун Матеновдун жүйөсүндө, Башкы штабдын демилгеси Конституцияга шек келтирет:

- Конституциянын талаптары боюнча Куралдуу күчтөрдү ички саясий маселелерди чечүүгө пайдаланууга такыр тыюу салынган. Аларды мындай максатта колдонгон күндө деле аскерлер, офицерлер мындай милдетти аткарганды билбейт. Анткени алар буга даярдалган эмес. Булардын милдети такыр башка. Мындай жагдайда укук коргоо органдары гана иштеши керек. “Куралдуу күчтөр жөнүндө”, “Коргоо жөнүндө” мыйзамдарда булар жогорудагыдай жагдайларга аскерлер укук коргоо органдарынын күчү жетпей жатса, айрым аскердик түзүмдөр, аскер бөлүктөрү катыша алат, колдонсо болот деп жазылган. Бирок мыйзам долбоордо кризистик кырдаал маалында Башкы штаб баарын өзү көзөмөлдөп, өзү жетектейт деп жазылыптыр. Менимче бул туура эмес.

Кыргызстанда Куралдуу күчтөрдүн баарынын башын бириктирген Башкы штаб 2014-жылдын башында түзүлгөн. Жогорку аскердик орган тууралуу мыйзамда сырткы эле эмес, өлкө ичинде мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жараткан кризистик кырдаалдарды жөнгө салууга жоокерлер тартылат деп жазылган. Бул өз кезегинде өлкө жетекчилери ар кандай нааразылык акцияларды тыюуда армияга таянганы жатат деген сөздөрдү жараткан.

XS
SM
MD
LG