Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Атамбаевдин казактарды капа кылган маеги


Сүрөттө: Алмазбек Атамбаев "Евроньюс" телеканалына маек куруу алдында
Сүрөттө: Алмазбек Атамбаев "Евроньюс" телеканалына маек куруу алдында

Президент Алмазбек Атамбаевдин Европага сапары маалында "Евроньюс" телеканалына курган маеги талкуу жаратууда.

Президент Алмазбек Атамбаев «Евроньюска» берген 11 мүнөттүк маегинде өлкөдөгү эң көп талкууланган маселелерге токтолгон. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги болсо президенттин Euronews телеканалына берген маегинде айткан сөзү боюнча түшүндүрмө күтүүдө.

Атамбаев атайын кызматтарды айыптады

Алгач абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровдун маселесине кайрылып, президент сот чечимин сыйлоо керектигин белгиледи. Ошондой эле бул иш «ашкере саясатташканын» айтып, «Манас» аэропортундагы АКШнын аба базасы чыгарылган соң көтөрүлө баштаганын кыйытты:

- Мен 15 жылдан ашык оппозицияда жүргөм. Ошол жылдар аралыгында укук коргоочу же журналист Азимжан Аскаров жөнүндө эч нерсе уккан эмесмин. Аскаров боюнча окуя биз АКШнын аскерий базасын өлкөдөн чыгарууну суранган соң чыкты. Ошондуктан, бул маселе саясатташып кетти.

Президент Атамбаев маегинде өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүнө токтолуп, анын жыйынтыгында өлкө бюджетинин кирешеси үч эсе көбөйгөнүн кошумчалады. Мунун эсебинен мугалимдер менен дарыгерлердин айлыктары эселеп көбөйгөнүн жана жемкордукка байланышы бар бир катар жетекчилер жоопкерчиликке тартылганын президент мисал келтирген.

Ош, 17-июнь, 2010-жыл
Ош, 17-июнь, 2010-жыл

Ал эми Украинанын чыгышындагы чатакты жөнгө салуу боюнча суроого жооп берип жатып Атамбаев Кыргызстандагы июнь окуяларын эскерип, аны айрым атайын кызматтар уюштурган деген пикирин билдирген:

- Биздеги ыңкылаптан кийин июнь айында айрым чатактар уюштурулган. Бул улут аралык кагылышты кайсы бир атайын кызматтар уюштурган деп эсептейм. Ошондо райондук, облустук бийлик органдарын басып алуулар катталган. Ал учурда мен премьер-министр болчумун, андан соң президент болдум. Мен Москва же Вашингтонго эч убакта чалган эмесмин. Мен ал жерлерге өзүм барчумун.

Атамбаевдин саясий “архитектурасы”

Атамбаевдин саясий “архитектурасы”

Президент Алмазбек Атамбаевдин Брюсселдеги Евробиримдиктин жетекчилери Дональд Туск жана Жан-Клод Юнкер менен жолугушуулары жыйынтыкталды.

Жолугушуулардын биринде Евробиримдиктин жетекчилери Кыргызстанда күздө өтө турган президенттик шайлоого кызыгып, болочоктогу мамлекет башчысы ким болорун сурашкан.

Өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигине кошулушун комментарийлеген Атамбаев Кыргызстандын мындан башка тандоосу болбогонун белгилеген:

- Биз кимдир бирөө менен соода кылып, коңшулар менен иштешибиз керек. Эгерде ЕАЭБга кирбесек бизди блокада коркунучу тооруп турган. 2010-жылы Казакстан бир жарым ай бизге блокада кылганда адам курмандыктары да болгон. Блокада абдан жаман нерсе. Эгер бизге альтернативалар сунушталбаса, биз кайсы жакка кошулубуз керек? Ооганстангабы? Биз Евробиримдикке бүгүн эле кошулууга даярбыз. Мен муну да сунуштагам. Бирок алар биздин чектеш чек арабыз жок деп ачык айтышты.

Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга сапарында президенттикке Кремлге ыңгайлуу талапкерди көрсөтүшү ыктымал деген маалыматтарды «акылга сыйгыс» деп атаган.

"Айтылган сөз - атылган ок"

Атамбаевдин апрель окуяларынан кийинки экономикалык блокада жөнүндө билдирүүсүн казакстандык айрым маалымат каражаттары сындап чыгышты. Казакстандык саясат талдоочу Досым Сатпаев бул осол билдирүү катары кабыл алынганын айтты:

- Бул билдирүүнү Казакстанда нааразылык менен кабыл алышты. Таң калууну жаратты деп айтсам да болот. Себеби, бул билдирүүнү апрель окуясынан жети жыл өткөндөн кийин азыр жасоого зарылдык бар беле деген суроо туулат. Бир жагынан эки ыңкылаптан кийин кулатылган президенттерге казак бийлиги колдоо көрсөтүшү учурдагы кыргыз бийлигине жакпашы мүмкүн. Бирок убагы өткөн соң аны айтуу менен мамилени бузуу зарыл беле?

Ал арада Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы "бул билдирүү боюнча кыргыз тараптан түшүндүрмө күтүп жатабыз” - дегенин Tengrinews маалымат агенттиги жазып чыкты.

Экономист Жумакадыр Акенеев президенттин экономикалык блокада тууралуу билдирүүсүнүн өзөгү бар деген пикирде:

- Апрель окуяларынан кийин 45 күнгө жакын чек араны жаап, блокада болгону чындык. Чек араны узак убакытка жаап алганы туура эмес болуп калган. Бирок блокада эсебинен анча-мынча адамдар жабыр тартты дегени чындыкка жатпайт го.

Евробиримдик Атамбаевдин "мураскерин" сурады

Евробиримдик Атамбаевдин "мураскерин" сурады

Президент Алмазбек Атамбаевдин Евробиримдиктин лидерлери менен Брюсселдеги жолугушуусунда Кыргызстандагы быйылкы президенттик шайлоо маселеси көтөрүлдү.

Ал эми президенттин өлкөдөгү курчуган абалды өзү барып басып жүргөнү тууралуу маалыматты төгүндөгөндөр да чыкты. УКМКнын мурдагы төрагасы Кеӊешбек Дүйшөбаев президент маек учурунда эмоцияга алдырып, көп факттарды бурмалаганы билинип калды деген пикирде:

- Президент Атамбаев июнь окуялары учурунда ал жерлерге барганы эсимде жок. Биринчи жетекчилерди кайтаруу милдети УКМКга жүктөлгөн эмеспи. Анан кайсы жерге барганын биз билмекпиз да. Бизге айтпай эле барбаса, менде андай маалымат жок. Маселен, июнь окуяларында Роза Отунбаеванын барганы эсимде. Ушундай маселелерге келгенде эмоцияга алдырып жиберет эмеспи.

Саясат таануучу Даниел Кадырбеков президент эл аралык маалымат каражаттарына маек берүүдө өзгөчө сак болушу керектигин белгилейт. Президенттин эмоциялык билдирүүлөрү жалпы өлкө кадыр-баркына доо кетириши мүмкүн:

- Президент европалыктарга жакканга аракет кылды. Атамбаев айтып койсо эле анын баарын туура деп кабыл алып калышпайт. Аны анализдешет. Анан президент айткан нерсе жалган чыгып калса уят эле. Жалпы өлкө кадыр-баркына шек келиши мүмкүн. Ошондуктан, мындай маектерге өзгөчө маани берип, ар бир билдирүүгө даярданыш керек болчу.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Европа Биримдигине сапары өткөн жума аягында болду. Анын алкагында Евробиримдиктин жетекчилери менен жолугуп, Мюнхендеги коопсуздук жыйынына катышты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG