Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Интернет тааныткан таланттар


Интернет, анын ичинде социалдык тармактардын өнүгүшү менен эл арасында кай бир таланттын ээлеринин популярдуу болуусу жеңил болуп калды. “Азаттык+” буга чейин шоу-бизнес өкүлдөрү, эстрада жылдыздары туурасында сөз кылса, бул жолу студияга эл арасындагы таланттарды топтоду.

Интернетте көп көрүлгөн тасмалардын бири - “Булбулум”. Тасмадагы баш каарман Дастан Ысык-Көл облусунда 11-класста окуйт. Дастан "Азаттык плюстун" студиясына келип, келечекте ырчы болуу кыялы менен бөлүштү.

Ырчы, продюсер Актан Исабаев мындай таланттар дээрлик ар бир аймакта, айылда бар экенин айтып, аларды колдогон атайын долбоорлорду иштеп чыгууну сунуштады.

Баянда кол ойнотуп, ыр ырдаган 60 жаштагы Бүбүсара Жалалова Сокулук районундагы мектептердин биринде музыка сабагынан билим берет. Аны популярдуу кылган тасма бейтапканалардын биринде тартылган.

Москвада иштеген кыргызстандык Жазбек Мамбеткулов Виктор Цойдун ырларын кыргызчага которуп ырдайт. Анын видеолору социалдык тармактарда популярдуу болуп, өз күйөрмандарын тапкан. Жазбек чоң сахнада таанымал жылдыз болбосо да, Москвада кездешкен мекендештер аны таанып калса, кубанып, дем-күч алып, шыктанып калат.

"Азаттык+": Эл ичиндеги булбулдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:51 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG