Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:50

Кыргызстанда банк менен кредиттик компаниялардан насыя алып, аны төлөгөнү келгенде кайтара албай калдык деп дооматын өкмөткө артып, карызын кечүүнү талап кылган жарандар жана алардын башын кошкон кыймылдар көбөйдү.

Насыячылардын мындай дооматтары коомдо карама-каршы пикир жаратып, айрымдары өкмөт насыячыларга колдоо көрсөтсүн десе, айрымдар алардын артында тукурган атайын күчтөр бар деп бүтүм чыгарууда. Насыя аларда зарыл документтерди тез даярдаган жарандар эмне үчүн кесепетин убагында ойлонушпайт? Буга чын эле банктардын чоң үстөк пайыздан пайда табуу арааны себеппи же күнүмдүктү гана ойлогон жоопкерсиздик негиз түзүп жатабы?

“Азаттык” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул маселени ортого салды.

Талкууга “Бай түшүм” банкынын жетектөөчү юристи Мухамед Жумалиев, “Компаньон” банкынын кредиттерди башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Дамир Алымбек уулу жана насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылынын төрайымы Динара Мансурова катышты.

Элдин баары кризисте, үстөк пайыздарды төлөй албай жатышат. Буга биздин банктардын проценттик үстөгүнүн абдан чоң экендиги башкы себеп.

“Азаттык”: Динара айым, банктан насыя алып, анан аны төлөй албай калган жарандардын укугун коргоочу атайын элдик комитет түзүүгө эмне түрткү берди? Насыячылардын кандай укуктары бузулуп жатат?

Динара Мансурова: Чындыгында 20 жылдан бери Кыргызстандын банк системасында бир да жолу реформа болгон жок. Ушунча мезгилден бери эл кредит алып жатат, бирок укугу корголгон жок. Мурун кредит боюнча иштер сотто каралбайт деген негизде үйүн алдырып көчөдө калгандар көп болгон. Биздин иштеп жатканыбызга алты жылдын жүзү болду. Ошондон бери насыячылардын укугун коргогон акцияларды өткөрүп, митингдерде талап койгондон кийин банктар элге жүзүн буруп, алар менен эсептешип калышты. Демек, кичине болсо да жылыш болду. Ага чейин микрокредиттик компаниялардын кызматкерлери карызы бар адамды машинага салып алып, “тиги тууганыңдан карыз ал, бул таанышыңдан карыз ал” деп аябай кыйнашчу. Азыр кээ бир уюмдар менен насыячылардын кредитти мамлекет сатып алып, карызды төлөп берсин, компенсация берсин дегени да туура эмес. Биздин комитет эл канча төлөй алса банк ошону алсын да, мөөнөтүн узартып берсин деп гана сурап жатабыз. Анткени элдин баары кризисте, үстөк пайыздарды төлөй албай жатышат. Буга биздин банктардын проценттик үстөгүнүн абдан чоң экендиги башкы себеп.

“Азаттык”: Бирок насыя алардан мурун үстөк пайызы канча болорун санатып туруп алышат да?

Динара Мансурова: Туура, бирок биздин эл экономикалык жактан сабатсыз, маалыматы жок, түшүнбөй эле ала беришет. Кредит алып жатканда проценттик үстөгүн санабай туруп алышат. Биздин бийлик азыр насыячылардын талаптарына абдан дыкат көңүл бөлүшү керек. Себеби, азыр өлкө боюнча калктын 80% кредит алган. Алардын нааразы абалына өкмөт көңүл бурбаса, башка бир күчтөр пайдаланып кетиши толук мүмкүн.

Эгер насыячылар кредитин убагында төлөбөсө, өлкөнүн банк системасында кризис башталат. Банкка өз акчасын салгандардын укугу, коопсуздугу тепселенет.

“Азаттык”: Мухамед мырза, насыячылар мурда Бишкекте эле нааразылык акцияларын өткөрүп, өкмөттөн жана банктардан карызын кечүүнү талап кылып келишкен болсо, кийинки кезде аймактарда да уюштуруп, манифест деген документтерди кабыл алып, АКШ элчилигине чейин талап коюп жатышат. Буга эмне себеп?

Мухамед Жумалиев: Буга бир нече себептер бар. Алардын ичинен эң негизгиси насыячылардын укугун коргойбуз деген бир кыймыл түзүлгөн. Ошол кыймылдын өкүлдөрү насыячыларды алган каражаттарын төлөбөөгө үгүттөп, өлкөдөгү финансы рыногунда туруксуз абалды түзүүгө аракет кылып, мыйзамга карама-каршы келген көп аракеттерди жасап жатышат. Мисалы, биздин “Бай түшүм” банкы боюнча арыз жазды деген 243 насыячынын 5% арыз жазбаганын билдиришти. Андан тышкары 33% убагында төлөп аткандар болуп чыкты. Кыймылдын мүчөлөрү “бизге кошулгула, насыяңар кечирилет” деп аларды үгүттөшкөн. Булар банк системасын саясий оюндарга курал катары колдонгулары келип жатат. Андан тышкары насыячылардын акчасын төлөй албай жатканына экономикалык абалдын начарлашы, насыя алгандардын ишинин мурдагыдай жүрүшпөй калганы жана көптөрүнүн миграциялык агым менен тышка чыгып кеткени себеп. Эгер насыячылар кредитин убагында төлөбөсө, өлкөнүн банк системасында кризис башталат. Банкка өз акчасын салгандардын укугу, коопсуздугу тепселенет.

“Азаттык”: Дамир мырза, мен Өзгөн шаарынын бир тургуну “ушул Компаньон деген компаниянын кызматкерлери карапайым элге кредитин тим эле бекер берип жаткандай мактайт экен да, үстөк пайызын ала келгенде эч нерсеңе карабайт экен. Айылдагы эл алардын бал тилине кирип алып, кредитти түшүнбөй эле алып жатышат” деп айтканын уктум эле. Мындай дооматка негиз барбы? Кредит алчу кишинин муктаждыгын иликтеп туруп бересиздерби?

Дамир Алымбек уулу: Абдан туура, биздин “Компаньон” банкы 12 жылдан бери эл менен тыгыз иштеп келе жатат. Албетте, кредит аларда ар бир кардарга келишимдин шарттары тааныштырылат, финансы рыногундагы абал боюнча да маалымат берилет. Ошон үчүн кардарлар өз каалоосу менен зарылдыгына жараша көлөмүн, мөөнөтүн салмактап туруп алышат. Насыячылардан митингден кийин биздин банк боюнча 485 кайрылуу түшкөн. Анын ичинен 63 арызы же 12% ырасталган жок. Азыр ээлери дегендер аны жазбаганын билдиришти. Андан тышкары 38 кайрылуучунун насыясы эбак жабылган экен, кайрылгандардын 38% насыясын өз мөөнөтү менен төлөп жаткандар, 29% кечигип төлөгөндөр, 4% гана соттун кароосуна берилгендер болгон. Тилекке каршы, насыячылар элди дүрбөлөңгө салгандардын тилине кирип, алданып келишкен.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG