Линктер

Саясатташкан насыя көйгөйү


Бишкекте Ак үйдүн алдында насыя алып, бирок төлөй албай калган адамдар өткөргөн акциялардын бири

Бишкекте Ак үйдүн алдында насыя алып, бирок төлөй албай калган адамдар өткөргөн акциялардын бири

Кыргызстанда банктардан насыя алып, бирок кайтарып бере албай калган жарандарын маселеси социалдык көйгөйгө айланууда.

Бирок насыяны төлөй албай калгандарды же болбосо аны жоопкерсиздик менен төлөбөй жүргөндөрдү топтоп, кызыл кулактык кылган кыймылдар дагы күч алган. Буга соңку мезгилде жер-жерлерде өткөн митингдерде насыяларды кайтарбоого үндөгөн ураандарды талдоочулар каржы тутумун алсыратуу аракети катары сыпатташууда. Насыя алуучулардын укугун коргоо кыймылы мындай дооматты четке кагып, уюм укугу бузулгандардын кызыкчылыгын коргоо үчүн гана иштейт деп ишендирди.

Каз-катар митингдер каякка алып барат?

Насыя алуучулардын укугун коргоо кыймылы жыл башынан бери эле банктар менен кредиттик союздарды ашкере сүткордукка айыптаган бир нече митингдерди өткөрдү. Мындай нааразылык акциялары быйыл 1-мартта, 1-апрелде жана 26-майда өлкөнүн айрым аймактарында жана баш калаада уюштурулду.

Аталган митингдерде алынган насыяларды биротоло кечип жиберүү же болбосо аны төлөө мөөнөтүн узартып, үстөк пайыздарын токтотуу сыяктуу жеңилдиктерди кароо талаптары коюлган. Насыя алуучулардын укугун коргоо кыймылы сунуш кылып жаткан манифестине жүз миңге чукул адам кол койгонун жар салды.

Кубан Чороев

Кубан Чороев

Бул кыймылдын өкүлү Кубан Чороев банктар аралык кредиттик-маалымат бюросуна таянып, өлкөдөгү насыясын төлөй албай калгандардын көрсөткүчү туурасында мына буларды билдирди:

- Биздин Кыргызстанда банктардан алган насыяларын төлөй албаган 116 миң киши "кара тизмеде" катталып турганы анык. Мына ошол “кара тизменин” кесепетинен жарандар Кыргызстандан сыртка чыгып барып иштеп, мына ошол насыясын кайтарууга дагы мүмкүнчүлүгү жок болуп жатат. Анткени банктардын талабы боюнча аталган насыя алуучулар өлкө аймагынан чыга алышпайт. Бул адам укугун бузуу. Анан дагы майда насыя берген компаниялар акчаны төлөй албай калган адамдардын үйүнө барып эле, соттун чечими жок эле короодогу акыркы уюн же коюн жетелеп кеткен учурлар бар.

Бирок бул маалымат кошумча тастыктоону талап кылат. Банктар аралык кредиттик-маалымат бюросунан насыясын төлөй албай калгандардын жалпы санын текшерүүгө мүмкүн болбоду. Бирок Кыргызстан банктар союзунун маалыматы боюнча насыя алып, бирок аны кайра кайтара албай калгандардын көрсөткүчү 2016-жылдын январь айына карата беш пайыздан ашпайт.

Банк тутумуна келтирилген коркунуч

Кыргызстандагы банктар менен каржы уюмдарынын өкүлдөрү насыя алуучулардын укугун коргоо кыймылынын коюп жаткан талаптарын орунсуз жана опурталдуу көрүнүш катары кабыл алышты. Анткени алардын баамында, жарандарды насыяларын кайтарбоого үндөөлөр күчөй турган болсо, анда ал өлкөнүн каржы тутумун талкалоого алып келиши мүмкүн. Анткени учурдагы мыйзамдык эрежелер боюнча банктар менен кредиттик союздар “оор” насыяларды кечип жиберүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Эгерде буга бара турган болсо, анда алар сырттан келчү каржылык инвесторлорун жоготуп, банктардын кредиттик линияларды үзгүлтүккө учуратып алуу коркунучу бар экени айтылды.

Максат Ишенбаев

Максат Ишенбаев

Каржы аналитиги Максат Ишенбаев насыя алуучулардагы жоопкерсиздиктин кесепетине байланыштуу жагдайга тынчсыздануусун билдирди:

- Бул чектен чыккан жоопкерчиликсиздикке алып келе турган иш. Мындай чакырыктар туура эмес. Аларды уккан жарандар алган насыяларын төлөбөй койсо, анда соттун чечими менен күрөөдө турган үй-мүлктөрүнөн ажырайт. Мына ошондой жөнү жок кыймылдарды түзүп алып, анан каяктагы бир ишке ашпай турган популисттик талаптарды койгондун арты жакшы болбойт. Аларды ээрчиген жарандар дагы алданышат. Анткени тигилердин максаты мына ошол карапайым адамдардын карыз жүгүн жеңилдетүү эмес экенин түшүнүүгө мезгил жетти. Эгерде алар насыясын төлөбөй койсо, банктарга аманат акчасын салгандардын укугу эмне болот? Анда алар дагы митингге чыгышсын. Анан эки тарапты уруштуруп коюп карап тура берелиби? Мыйзамга сыйбаган чагымчыл аракеттерди жасап, чакырык таштаганы үчүн мына ошол насыячылардын укугун коргойбуз деген кыймылдын жетекчилерин жоопко тартуу керек. Насыя алгандардын арасынан карызын төлөй албай калган беш пайыз жарандардын айынан өлкөнүн бүтүндөй каржы тутумун талкалап салууга жол беришибиз керекпи? Анан эми азыр насыяны чындап эле төлөй албай, аны алган адам каза болуп, катуу ооруп же башка бир оор учурларга туш болгондуктан карызды кайтара албаган учруларды банктар карап, анын кайсы бир бөлүгүн жоюп же төлөө мөөнөтүн узартып берип жатпайбы. Анан биротоло кечип жиберет дегенге эч ким ишенбеши керек. Анткени банктар негиздүү жүйөсү болбосо баары бир төлөтүп алат. Мыйзам ошондой.

Быйыл 25-майда насыясын төлөй албагандардын жана банктардын көйгөйүн чечүү үчүн өкмөттүн мекемелер аралык комиссиясы түзүлүп, алардын өкүлчүлүктөрү ар бир облус борборунда иштей баштаган.

Мына ошол мекемелер аралык комиссия тарабынан ар бир насыя алуучунун таржымалы иликтенип, алардын жүйөсүнүн негиздүүлүгүнө жараша карызын жеңилдетүү шарттарын иштеп чыгуу боюнча чечими кабыл алынган. Бирок өз ара түшүнүшүүгө барууну көздөгөн мына ошол сунушка карабастан, кыймылдын айрым мүчөлөрү митингдерди уюштуруп, кайра эле насыяларды төлөөдөн баш тартуу чакырыктарын таштаган. Мына ошондон улам коомчулукта бул кыймылдын көздөгөн максаттары күмөн саноолорду жарата баштаганы айтылган болчу.

Насыя алуучулардын укугун коргоо кыймылынын өкүлү Кубан Чороев бул дооматтарды мындайча четке какты:

- Бизге карата айтылып жаткан дооматтар негизсиз. Анткени мына ошол банктар тарабынан насыя алуучулардын укуктары бузулган учурлар көп болгондуктан улам ушул кыймыл түзүлгөн. Биз жөндөн-жөн эле банктарга карата тиешелүү талаптарды коюп жаткан жокпуз. Анткени учурдагы мыйзамдар мына ошол эле банктардын укуктарын коргоого гана багытталып жазылып калган. Насыя алуучулардын укуктары болсо каралбай калгандыктан улам алардын абалын жеңилдетүүчү программа кабыл алынышы керек деген маселени көтөрүп жатабыз.

Чакырык – анархияга карай жолбу?

Бирок кыймыл тарабынан жарандардын банктар менен болгон акча-насыя мамилесин курчутуп, анын масштабын улам чоңойтууга жасалган аракеттер бар экени белгиленди.

Эгерде алар насыясын төлөбөй койсо, банктарга аманат акчасын салгандардын укугу эмне болот? Анда алар дагы митингге чыгышсын. Анан эки тарапты уруштуруп коюп карап тура берелиби?

Бул жагдайды иликтеген адис-талдоочулар аталган социалдык көйгөйдү саясатташтыруу жана ал аркылуу саясий упай топтоо тенденциясы күчөп баратканын мисал келтиришти.

Мунун өзү жөн эле социалдык көйгөй эмес, коомдогу жана мамлекеттеги оор кесепеттерге алып келчү чатактын башаты болушу мүмкүн дейт экономист Искендер Шаршеев:

- Биз бардыгыбыз мыйзам боюнча эле жашап келе жатпайбызбы. Насыяларды алганда атайын келишим түзүп, анын шарттарын карап чыгып, анан ал жагы биздин ыңгайыбызга туура келсе, кол коюп, алып жатабыз да. Бизди буга эч ким мажбурлаган жок да. Анан учурунда насыяны алып алып, анан төлөгөнгө келгенде “мыйзам туура эмес, биз төлөбөйбүз, анткени анын үстөк пайыздары көп экен, шарттары оор болчу” дегенибиз мыйзамга дагы, акылга дагы сыйбай турган нерсе да. Мунун аягы анархияга алып келиши мүмкүн. Цивилизациялуу коомдо мындай ашкере чакырыктар болбошу кажет. Юридикалык көз караш менен алып караганда, насыяны алып алып, анан кийин аны кайтарбайм деген нерсе бул жөн эле шылуунчулуктун бир түрү. Анан эми кимдир бирөөлөр бул маселени көтөрүп, калктын кайсы бир катмарынын көңүлүн бурдуртуу үчүн, аларды кызыктырып, өзүнө тартуу үчүн жасалган атайын усулу болушу мүмкүн. Мен болсо башка бир логиканы көрбөй турам.

Аргасыз абалдагыларды алдоо

Насыя алуучулардын укугун коргоо кыймылы банктар берген акчанын үстөк пайыздарынын ашкере чоңдугун жана кайтаруу мөөнөтүнүн кыскалыгын жүйө келтирет. Мына ошондуктан аларды алган адамдар карызга батып, насыяларды өз учурунда кайтара албай калып, өз өмүрүнө кол салган учурлар дагы бар экени мисалга алынган. Бирок ошол эле кезде аталган кыймыл насыя алуучулар менен кызматташууда жарандардын каржылык сабаттуулугу, карыз алуудагы жоопкерчиликти жогорулатуу жана акчаны кайтаруу тобокелдиктерин азайтуу маселесин эмнегедир көтөргөн эмес.

- Бизге карата айтылып жаткан дооматтар негизсиз. Анткени мына ошол банктар тарабынан насыя алуучулардын укуктары бузулган учурлар көп болгондуктан улам ушул кыймыл түзүлгөн. Биз жөндөн-жөн эле банктарга карата тиешелүү талаптарды коюп жаткан жокпуз.

Адистер кээде адамдар насыяны максатсыз колдонуп, бирок аны карасанатайлык менен кайтаргысы келбеген учурлар анда кандайча жөнгө салынууга тийиш деген суроону кабыргасынан коюшту. Ошондой эле айрым көз боёмочу топтор адамдардын банктардагы насыясын кечтирип берем деп убада берип, алдап кетип жаткан учурлар бар экени дагы белгилүү болду. Насыячылардын укугу боюнча элдик комитеттин Жалал-Абаддагы өкүлү Гүлайым Султанова бул жагдай туурасында мындай дейт:

- Азыр эл арасында бирөөлөр “мен антип жиберем, мен тигинтип жиберем” деген сыяктуу убадаларды айтып, аргасыз абалга кептелген адамдарды алдап, мына ошол жагдайды колдонгон топтор дагы чыккан экен. Биздин арабызда го, андай адамдар жок. Бизде болсо андай акча алмай деген жок. Болгону мына ошондой оор каржылык абалга дуушар болгондордун маселеси бир оң жагына чечилип калса деген эле тилек менен жүрөбүз. Бирок адамдардын бардыгы бирдей эмес экен да. Мына ошондой топтор жалгандан кандайдыр бир “долбоорлор ишке киришти, мынча сомдон акча аласыңар, ага чейин мынча топтош керек, кийин насыяңарды ошол акчага жаап аласыңар” деп насыя алып, кайтара албай жүргөндөрдү алдап кеткендер да бар экен.

Банктар аралык кредиттик-маалыматтык бюронун маалыматы боюнча, Кыргызстанда банктардан жана кредиттик союздардан насыя алуучулардын саны беш жүз миңге чукул. Мунун арасында жеке адамдар менен катар эле укуктук жактар дагы бар. Берилген насыялардын үстөктөрү орточо 30 - 34 пайыздын айланасында. Кредиттик линияларды чет өлкөлөрдөн тартып келген Кыргызстандагы банктар менен каржылык уюмдар үстөк пайыздардын жогору бойдон калып жатканын өлкөдөгү насыялык тобокелдикти эске алган жагдайлар менен түшүндүрүп келишет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG