Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:17

Көздөн учкан Барак


Барак эксклавы. 25-январь, 2013-жыл.
Барак эксклавы. 25-январь, 2013-жыл.

Кыргызстандын Өзбекстандагы Барак эксклавынын жашоочулары көбү айылынан чыгып кетип, батирде же туугандарыныкында жашап келишет.

Айылын сагынган барактыктар бири-бирине кезигип калса бир тууганын көргөндөй кубанышат. Анан атайы чогула калып баарлашып, ыйлап-сыктап алышат.

Айыл тургуну Азада Мамытова азыр Кара-Суу районунун Тельман айылында бирөөнүн үйүндө баш калкалап жүрөт. Жанында 2-3 небереси да бар. Балдарынын баары Орусияга иштеп кетишкен экен.

- Былтыр 17-январда бир-эки чатак чыгып, чек ара жабылган. Ошо бойдон 3-4 ай олтурдук. Жегенге эч нерсебиз калбай калган күндү баштан кечирдик. Гумжардам алып барышчу, анысы деле көпкө жетчү эмес. Неберелерим болсо печенье жейм деп ыйлашат. Колго таттуу токоч жасап берчүбүз,- деди Мамытова көкөйгө тийген күндөрдү эскерип.

Азада Мамытова айылдан чыгып кеткени менен кайра кайрылып барып, ата-конушун бир көргөнгө зар экенин жашырбады:

"Ак-Таш" чек ара бекети
"Ак-Таш" чек ара бекети
- Үйлөнө турган балам, турмушка узата турган кызым бар. Кай жерге той кылабыз, кудаларды кай жерде тосуп алам. Үйүбүз жоктугунан балдарым Орусияда жүрүшөт. Неберелер менин колумда. Мал-жаныбыздын баарын сатып чыкканбыз, эч нерсе калган эмес. Эми минтип ит көрбөгөн күндү көрүп жатабыз. Күндө ыйлайбыз. Үйүбүздү көргүбүз келип, сагынабыз. Ыйлай берип көздөн ажырып, жүрөк ооруга чалдыкмай болдук. Арманыбыз көкүрөккө батпай калды.

Мамытовага окшоп Барактан келип, Ошто жана Кара-Сууда жашап аткандар толтура. Алар чек ара ачылбаса, эксклавга жакын арада кайтчудай эмес:

- Барактыктардын баары эле бери жакка көчүп келе бергенбиз. Негизинен Ошто, калганы ушул Тельман, Сары-Колот, Мамажан, Ленин айылдарында жүрөбүз. Айылдаштарды көрүп калсак, төбөбүз көккө жете түшөт. Кичинекей бала-чакалар деле алыстан көрсө “иий, эжем” деп чуркап келип кучактап калышат.

Барак айылы Кыргызстандын Өзбекстандагы эксклавы. Өткөн жылкы чек арадагы чатактардан кийин, ага барчу жол жабылып Кыргызстан менен каттам үзүлгөн. Азыр айыл тургундары айылга Кызыл-Кыя аркылуу 350 чакырым жол жүрүп катташат:

Баракка гуманитардык жардам жеткирүү
Баракка гуманитардык жардам жеткирүү
- Баракта азыр 29 үй жашап атат. Негизи 200дөй түтүн бар эле. Бир жылдан бери аз-аздан чыгып атып саналуу киши калды. Жумуш жок болсо, жегенге эч нерсе калбаса ушундай кадамга барат экенсиң да. Баракта азыр бир үйдө бирден-экиден эле адам бар. Мындайча айтканда, үйлөрдү кайтарып эле жашап атышат. Оорукана, дүкөн жок. Мектепте 5-класска чейин 20-30дай бала окуйт. Аларды 5-6 мугалим, бир класска кошуп алып билим берет. Быйылтан тарта ал жерде жашоо токтойт окшойт. Тракторлор, унаалар баары чыкты. Малдарын да сатышты. Жерибиз менен үйүбүз эле калды. Дыйканчылык кылганга деле болбой калган. Анткени Өзбекстан суу бербейт. Кыргызстандан бара турган суу бизге кирбейт. Барактын айланасын казып салышкан,- деди Оштогу кыздарынын үйүндө жашап аткан Шааркан Мырзаева.

Барактыктарга өкмөттүн токтому менен Кара-Суунун Сары-Колот участкасынан жер тилкелери бөлүнүп берилген. Бирок ал жерде үлүшү жок, же там-ташы жок болгондуктан тирилик өтпөй турганын айтышып, чек арага жакын жерден жер тилке берүүсүн талап кылып келишет. Эксклавдык дагы бир тургун Диларам Мурзаева бул боюнча мындай деди:

- Барак деген айыл жок болгону калды. Бизге ал жакта да кыйын, бул жакта да кыйын болуп атат. Эми бизге ушу чек арага жакын жерден эле жер тилкесин берип, үй салууга жардам беришсе болду эле. Сары-Колоттон жер беришкен. Ал жерде же суу жок, же үлүш жерибиз жок, же жарык жок экен. Өзүбүздүн эле Ак-Таш айыл өкмөтүбүздөн жер беришсе жакшы болмок.

Барактан келгендердин арасында "жер бербесе койсун, Баракка эле коридор ачып берсин” дегендер жок эмес. Алардын бири - Азада Мамытова:

- Чек арада чатак болуптур, чуу чыгыптыр десе эле жүрөк зыркырайт. Кыргызстандын бир карыш жери болсо да сактайлы, нысапсыздай болуп кетип калбайлы деп, чыдап жашап атсак же өкмөт түзүктөп көңүл бурбайт. Барак эксклавынын жашоочулары деп бир жеңилдик берип койбойт. Суудан, же башка салыктардан бошотуп койсо эл аз-маз ыраазы болот эле. Жок дегенде ушу Баракка жакын жерден жол ачып берип койсун. Өз тирилигибизди өзүбүз кылып жашай беребиз.

Барактыктар күн алыс кээде ушинтип баарлашканы чогулуп турушат. Бу жолу Тельманда аялдар чай ичкени жыйылган. Бирок бири-бирине айта турган арманы бир эле - чек ара, үй, жумуш.

- Көчөдө кетип баратып адамдарга суктанабыз. “Азыр ушулар үйүнө барышат, жылуу-жумшак өз үй, өлөң төшөгүндө жатышат” деп. Ар бир адамдын үйү болгону кандай сонун? Адамдар үйүн кандай жакшы көрүшөт. Бирок бизде гана үй жок, жер жок. Айланайын бийликтегилер, бизди карап койгулачы, бизге жардам берип койгулачы,- дешти Барактын тургундары.

Барак айылы Кыргызстандын Өзбекстандын аймагындагы эксклавы болуп эсептелет. Ал жерде 300гө жакын түтүн жашайт. 2013-жылы январь айында Баткендеги Сох анклавында чыккан чырдан кийин өзбек тарап Баракка кеткен жолду бир тараптуу жаап койгон. Ошондон бери алар эки өлкөнүн ортосундагы “Достук” өткөрмө пунктунан жана Кызыл-Кыя шаарына жакын өткөрмө бекети аркылуу Кыргызстанга катташат.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG