Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:45

АКШнын транзиттик ташуулар борбору 2014-жылдын 11-июлунан баштап Кыргызстандагы ишмердигин токтотот.

Муну кепилдеген мыйзамды 20-июнда Жогорку Кеңеш кабыл алып, ага президент Алмазбек Атамбаев 26-июнда кол койду.

Транзиттик борбордун ишин токтотушу Кыргызстандын экономикасына кандай таасир этет? Транзиттик борбор бюджетке салып келаткан 60 миллион доллардын ордун толтуруунун кандай жолдору бар? Өкмөт сунуштап жаткан экономикалык долбоорлор дароо ишке ашабы? Ооганстанга жүк ташуучу транзиттик борбор Кыргызстан менен кызматташтыгын жарандык тартипте улантышы мүмкүнбү?

Ушул жана башка суроолорду “Азаттык” адистер, саясатчылар жана угармандар менен чогуу “Арай көз чарай” талкуулады.

Түз ободогу талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов жана экономика илимдеринин доктору, эксперт Жумакадыр Акенеев катышты жана Кыргыз өкмөтүнүн өкүлү Толкун Абдыгулов менен Бонн шаарындагы Евразия борборунун президенти Майкл Лабуштун комментарийлери пайдаланылды.

“Азаттык”: Алды менен Өмүрбек мырза, сизге суроо: Сиз - парламентте бул мыйзамга каршы чыккан беш депутаттын бирисиз. Өкмөт, парламент өтө чукул, шашып чечим кабыл алды, ансыз деле 2014-жылы АКШ күчтөрү Ооганстандан чыкса, транзиттик борбордун кетиши мыйзам ченемдүү болчу, бул кадамдан АКШ эмес, Кыргызстан уттурат деп айтып жатасыз. Кандай аргументтериңиз бар?

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



Өмүрбек Абдырахманов: Базанын кетиши жөнүндө америкалыктар өздөрү биринчи айтып чыгышты. Анткени 2014-жылы АКШ Ооганстандан чыгып кетери менен базанын иши токтомок. Бирок биздин өкмөтүбүз шашып, эки-үч күндө фракциялардан өткөрүп, сессияга алып чыгышты.

Ал жерде ачык эле угалы, кыргыз эли деле аргументтерди уксун дегенге болбой, жабык карап коюшту. Жабыкта деле “өкмөттү колдошубуз керек” дегенден башка сыр болгон жок. Депутаттар ордун (экономикалык – ред.) кантип толтурабыз деп сурашты. Ага да жыйынтыктуу жооп болгон жок. Премьер-министрибиз үч-төрт кен байлыгын ача койсок жабылат деп айткан. Жаңы эмес эскилерин иштете албай, күнүнө чыр-тополоң, чукул абал киргизип атабыз. Кайдан жаңы нерселер болот?

Шашылыш кетирүүнүн максатын жашырбай эле коелу, эсиңизде болсо, шайлоолордун алдында биздин ар бир партиянын жетекчилери Москвага чуркап барышкан. Кээси Кремлге кирип, кээси аттап өтө албай кайра келишкен. Бул сыр эмес.

Келгенден кийин чет өлкөнүн президентинин, орун басарларынын сүрөттөрүн мактанып, көчөлөргө илип турушкан. Башка өлкөнүн лидерин рекламалоо өлкө үчүн уят. Баары базаны кетиребиз деп убада кылышкан. Ич ара макулдашуу болгон. Орустардын сайттарын ачып көрсөңүз болот, президентиңер чоң убада берген, ал аткарбаса чоң чыр чыгат дегенди ачык-айкын айтып атышат алар.

Жумакадыр Акенеев: Америкалык база 2001-жылы Ооганстандагы терроризмге каршы болгону алты ай мөөнөткө киргизилген. Анан бир жылга созулган. Азыр эми ошол база же транзиттик борбордун бул жерде жайгашып турганына он эки жыл болду. Туура, 2009-жылдан баштап бир нерсе төлөнө баштады. Ага чейин болгон пайданын бардыгын биринчи, экинчи президенттердин үй-бүлөсү алып атты. Ошонун бардыгын түшүнүп туруп америкалыктар бюджетке берчү акчаны ошолорго берип атты.

Экинчиден, аскерлерди ташуучу транзиттик борбор Бишкек шаарынын борбордук аэропортуна жайгашып атат. Аны реконструкция жасаганда биз аркылуу бир топ компаниялар учуп, короткон 300 млн. долларды кайра кайырмакпыз. Алар база жайгашкандыктан, уча албай жатышат.

Үчүнчүдөн, бул жерде Кыргызстандын өзүнүн кызыкчылыгы болушу керек. Кыргызстан - ЖККУнун, КМШнын, ШКУнун мүчөсү. Мүмкүн ошол мамлекеттер АКШнын аскердик базасы бизге коопсуздук жаратууда деп айтып аткандыр. Алар менен өнөктөш болгондон кийин сөзсүз база чыгыш керек эле.

Айтылып атпайбы, жылдын аягына чейин туруш керек эле деп. Эми жарым жыл эч нерсени чечпейт. Жарым жылга узартуу үчүн кайра келишим түзүп, парламент аркылуу өткөрүш керек эле. Ошондуктан ансыз деле Ооганстандан чыгып атат, база өз жолу менен 2014-жылга чейин чыгып кетишин туура деп ойлойм.
Ал эми 60 миллион доллар боюнча. Ар кандай шалаакылыкты токтотуп, мамлекеттик кызматкерлерге көп акча коротпой, көмүскө экономиканы тыйып, тышкы мигранттардан түшкөн 3-4 миллиард долларды туура бурсак бюджетке андан 5-10 эсе көп акча түшөт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG