Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

Өкмөт тендерди кагазда өткөрүүнү каалайт


Каррикатура
Каррикатура

Каржы министрлиги мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамды өзгөртүп, тендерлерди коомчулуктан жашыруун өткөрүү аракетин көрүп жатканы айтылууда.

Каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар боюнча департамент электрондук сатып алуулар мыйзамын өзгөртүп, тендерлерди мурдагыдай кагаз жүзүндө өткөрүүнү сунуштап жатканы белгилүү болду. Мындай долбоор министрликтин сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлду.

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча департаменттин башкы адиси Тилек Айталиев өзгөртүүлөрдүн башкы максаты мыйзамды жакшыртуу деп ишендирүүдө.

Кагаз түрүнө эч качан өтпөш керек. Дүйнө эли интернетке толугу менен өтүп жатса, биз кайра артка кетебизби? Кагазга өтсөк, жемкорлук күчөйт.
Умбриэл Темиралиев

- Негизги максат мыйзам кабыл алгандан кийин аны дагы да жакшыртуу. Атайын коррупциялык жол ачып берели деп эч качан мыйзам кабыл алынбайт. Мамлекеттин балансындагы акционердик коомдор чарбалык субъект болуп саналат. Биз ошолорго иши тез жүрүшсүн, мобилдүү болсун деп жатабыз. Ошол эле учурда мамлекеттик сатып алуулардагы ачык-айкындык принциптери толук сакталат. Электрондук сынактар ошол бойдон калат. Болгону квалификациялык, техникалык талаптар өзгөрөт.

Каржы министрлиги коррупцияга жол ачабы?

Аталган долбоордо тендерлерди мурдагыдай кагаз жүзүндө өткөрүү, атайын тартип боюнча чарбалык субъекттердин сатып алууларын интернетке жарыялабай тез арада уюштуруу, тендерлерди мамлекеттик сатып алуулар боюнча бирдиктүү порталдан тышкары башка сайттарга да жарыялоо сыяктуу бир катар сунуштар киргизилген.

Бул сунуштар дароо бизнес коомчулуктун, эксперттик чөйрөнүн катуу сынына кабылды.

Умбрэл Темиралиев
Умбрэл Темиралиев

ЖИА бизнес бирлигинин башчысы Умбриэл Темиралиев Каржы министрлигинин сунушун эскиге кайтуу аракети деп баалайт. Анын пикиринде, эгер сунуш кабыл алынса, мамлекеттик сатып алууларда коррупция күчөп, тендерлер тар чөйрөнүн кызыкчылыгы үчүн гана өтүп калат.

- Тендерлер жабык болсо маалымат эч кимге жетпей калат. Билген гана адамдар тендерлерди коррупциялык схемалар аркылуу утуп баштайт. Ошондуктан элдин башын оорутпай бир эле портал болушу керек. Керектүү аймактар, керектүү министрликтер маалыматтын баарын ошол жерден табышы керек. Кагаз түрүнө эч качан өтпөш керек. Дүйнө эли интернетке толугу менен өтүп жатса, биз кайра артка кетебизби? Кагазга өтсөк, жемкорлук күчөйт.

Темиралиев кошумчалагандай, ишкерлик чөйрөсү мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын өзгөртүүгө караманча каршы, андан көрө азыркы иштеп жаткан электрондук сатып алуулар порталын жакшыртуу талапка ылайык болмок.

Аткаминерлерди бармак жалаткан тендерлер...

Мамлекеттик сатып алуулар, тендерлер аткаминерлер үчүн акча өөнөп калуунун эң ийкемдүү жолу экени белгилүү.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев эгер тендерлер кагаз жүзүндө өтсө, ачык-айкындык жоголот деген пикирде.

- Бул чын эле артка кадам. Коррупциялык көрүнүштөр көбөйөт. Коррупцияга каршы күрөштүн эң негизги шарттарынын бири – бул ачык-айкындык. Ким эмне сатып алып жатканын эл билиши керек. Кайсы ишкана кимден эмне сатып алып жатканы, баасы кандай экени коомчулукка ачык болуш керек. Бул өзгөртүлбөй турган шарт

Тендерлери электрондоштуруу мурдагы каржы министри Акылбек Жапаровдун тушунда ишке кирген
Тендерлери электрондоштуруу мурдагы каржы министри Акылбек Жапаровдун тушунда ишке кирген

Эксперттердин баамында zakupki.gov.kg порталы иштеп баштаган 2015-жылдын апрелинен бери мамлекеттик сатып алуулар ачык-айкын жүрүп, 5 миллиардга жакын сом үнөмдөлгөн. Аталган долбоорду мурдагы Каржы министри Акылбек Жапаров демилгелеп, Азия өнүктүрүү банкы каржылаган болчу. Электрондук сатып алуулар аймактардагы ишкерлерге да тендерлерге катышууга жол ачкан. Эгер кагазга өтсө, алардын жолу буулат дешет адистер.

Буга чейин ыгы жок мамлекеттик сатып алуулар боюнча бир нече талаш жаралып, коомчулуктун сынынан улам бир катар мамлекеттик органдар керексиз кымбат баалуу буюмдарды сатып алуудан баш тарткан. Тендерлерди интернет аркылуу көзөмөлдөгөн коомчулук парламентти кымбат баалуу креслодон, Каржы министрлигин планшет сатып алуудан айныткан.

XS
SM
MD
LG