Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:17

Тарых бизге кээде мыйыгынан жылмаят, муну билчү белең дегенсип...

Женевада улуу жол башчынын өзгөчө изи калган үч үй бар. Эң биринчиси - ошол кезде эле орустар “каружка” деп атачу, азыркы Каруж (Carouge) көчөсү 91-93 үй. (Бул жакта көчө номерлери ар бир үйгө эмес ар подъездге коюлат. Ж.Э.) Ошол “каружка” орустар топтолуп, жыш жайгашкан сүйүктүү району болгон экен. Анткени ошол үйдө айтылуу “Искра”, “Вперед”, “Женевская школа марксизма” гезиттеринин типографиясы болгон. Андан сырткары жубайлар Лепешинскийлердин жүз орундуу ашканасы болуптур. Жалындуу революциячылдарга айла жок турбайбы, ошол Ольга Борисовна Лепешинская дегендин (кийин академик жана Сталиндик сыйлыктын ээси) атасы Орусияда менчик шахтасы, менчик кемеси, кирешелүү катар үйлөрү бар ченебеген бай адам болгон экен дагы, көзү өткөн соң ал байлык кызына мураска калат. Лепешинская болсо ал байлыкты демөөрчү катары революциячылдарга ошол ашканадан бекер тамак жасап берчү экен. Андан тышкары ал үйдө революциялык адабияттардан турган китепкана жайгашыптыр. Ал китепкана кийин КПСС БК тушунда Марксизм-Ленинизм Институтун түптөөгө негиз болгон дешет.

Ленин жашаган үй. Каруж көчөсү, Женева

Ленин жашаган үй. Каруж көчөсү, Женева

​Өткөндө ушундай тарыхый үйдү сүрөткө тартып алайын деп ал жерге атайын бардым. Алдынан тынымсыз трамвайлар, элдер өткөн, кыдыракей дүкөнчөлөр жайгашкан 91-93- үй. Жол башчы жашаган үй-китепчедеги (“Владимир Ульянов, литератор. Каруж көчөсү 91”) маалымат боюнча ал квартира үчүн “литератор” жылына 600 франк төлөчү экен. Бүгүнкү күнү дал ошол подъезд түбүнө португалдар бакалея дүкөнүн анан дагы чакан кофекана ачышкан экен. Карап турсам алар өздөрүнчө бакылдашат. Элге сыр бербей, маңдайында көпкө туруп ошол тарыхка сүңгүйм. Элестетем. Дал ошол подъездге атайын барып кирем, дубалдарын кармалайм. “Аялынан бою кичирээк, жапалдаш, өңү серт өңдүү, начар, эски кийим кийинген, бирок бар нерсеге ышкылуу, тимеле талашып-тартышканды сүйгөн” адам эле деп сүрөттөйт Лениндин Женевадагы эмигрант замандаштарынын бири Ариадна Тыркова-Вильямс эскерүүлөрүндө. “Күлгөндө оозун ачпай жөн гана жылмайып, монгол көздөрү жүлжүйө түшөөр эле... ” Каруж көчөсүнүн боюнан дал ошондой адамды элестеттим.

Ленин жашаган үй, Жонксион району, Женева

Ленин жашаган үй, Жонксион району, Женева

Андан кийин экинчи даректи колума камдап шаардын Жонксион деген районуна жөнөдүм. Барып эле үйдүн бооруна илинген темир тактаны көрдүм. Анда: “Владимир Ильич Ульянов. Ленин. Советтер Союзунун түзүүчүсү. Бул үйдө 1904-жылдан 1905-жылга чейин жашаган” деп жазылып турат.

Үчүнчү дарек биз жанынан такай өтчү Женева университетинин дал маңдайындагы жапондордун "Такуми" кафеси. Илгери бул кафенин ордунда Ландольт деген пивокана болуптур. Ленин башында турган большевиктер жумуштан чыгышкан соң дайыма ушул пивоканага келишчү экен. Баса, Ленин пивону абдан жакшы көрчү тура. Ал пивоканада “Ленин” деп бычак менен кырып жазылган жыгач, чоң, тегерек үстөл болгонун Женеванын мурдагы мууну эле эмес жаштарынын көбү да кабардар экенине өзүм сураштырып жүрүп ынандым. “Андай үстөл бар болгону ырас, бирок кийин ал кайда калгандыгынан кабарым жок.

Башкысы, Ландольт пивоканасы орус революциячылдарынын, студенттеринин жана орус эмигранттарынын жандуу оруну болгондугу чындык” дейт, Женева университетинин тарых мугалими Ирэн Херрман. Жанында Бастион деген чоң парк болгон үчүн ал жерде дайыма эл көп болуп, ал жерден французчага караганда орусча сүйлөшкөндөрдү көп угууга болоор эле деп эскеришет. Ошол кездеги эмигрант Бонч-Бруевичтин эскерүүсүндө бир күнү 1903 – жылы пивокана жайгашкан ошол имаратта орус социал-демократтарынын 2-съездине В.И.Ленин велосипеди менен шашып келатып дөңгөлөгү трамвайдын рельсине кирип кетип, катуу жыгылат экен. Болгондо да бети менен түшүп, догдурга барууга туура келиптир. Акыры кечигип келип, докладын көзүн таңдырган бойдон окуган экен. Лениндин докладынан кийин жарыш сөзгө Ю.Мартов чыгып Г. Плехановду жамандап, экөө кырды-бычак болуп ошол жерден бири-бирин дуэлге чакырганга чейин барган, деп жазат ал эскерүүсүндө. Баса, Плехановдун квартирасы дал ошол пивокананын катарында болгон экен. Ал эми Бобровская-Зеликсон өзүнүн “Подпольщиктин күндөлүгүндө” 1904 – жылы жаңы жылдын урматына Ленин башында турган партиялаштары болуп Ландольт пивоканасында чогулуп, пиво ичишип, ошол жерден Ленин: “Улуу бороон жакындап келатат” деп жаңы жылдык тост айтканын эскерет.

Эмесе, кызыгууну туудурган Лениндин банктагы эсеби. Швейцариянын финансы борбору эсептелген Цюрих шаарындагы Банхофштрасс кантоналдык банкында В.И.Ульяновдун ысымына катталган банк эсеби болгондугу жөнүндө маалымат биринчи ирет Орусияда 1997-жылы маалым болгон экен. Ошентип Лениндин мураскорлору айтылуу Ernst&Young компаниясына ал эсептин чоо-жайын билип берүүсүн өтүнүп кайрылышат. Жыйынтыгында 1917-жылдан бери Цюрих шаарындагы UBS банкында, 611361 эсеп номеринде В.И.Ульяновдун (Ленин) наамында 12,9 франк сакталуу экендиги маалым болгон. 1917-жылы ал сумма болгону 5 франк, 5 сантим болгон экен дагы дээрлик 100 жыл өткөнчө ал сумманын пайызы 12,9 франкка өсүптүр. Бул боюнча маалымат топтоп жатып Швейцарияда жашаган жазуучу Михаил Шишкиндин “Русская Швейцария” китебин таап алдым. Көрсө, Ленин Швейцариядан Орусияга биротоло кетип жатып банктагы акчасын бүт алат дагы “түбүндө” калган 5 франк, 5 сантимди жана өзүнүн банктагы сактык китепчесин большевиктердин Цюрих боюнча секциясынын катчысы Моисей Харитоновдун жубайы Раиса Харитоновага “партиянын взносун төлөп кой” деп калтырат экен. Р. Харитонова кийин эскерүүсүндө Лениндин аманатын аткарганы кантоналдык банкка кантип барганын төмөнкүчө эскериптир.

“- В. Ульянов! Кандайча!? Азыр бүт гезиттер жазып аткан кадимки Ульянов, алиги бизде эмигрант болуп жүргөн баягы Ульяновбу!?” дешип банк кызматкерлери жабылып сурашат экен. “Ооба ошол, Цюрих, Шпигельгассе көчөсү 14, өтүкчү Каммерердин үйүндө жашаган Ульянов! Эми ал Орусиянын бактылуу келечеги үчүн күрөшүп жүрөт” дедим дейт Харитонова. Башкы кассир “Эмесе, калган сумманы алып эсепти жапсаңыз болот” дептир, Харитоновага сактык китепчесин берип жатып. Бирок ал “мен ал акчаны алганы келген жокмун. Мен бул сактык-китепчени мекениме алып кетем ал эми 5 франк банкта кала берсин. Бул чоң акча эмес бирок анын ээси чоң адам. Сиздерге ушуну айтып койгум келди” деген экен.

Ирэн Херрман

Ирэн Херрман

Бул маалыматтын кызуусу менен Женевадагы UBS банкынын бир кызматкерине жолуктум. Ал: - Мен банк жөнүндө маалымат бергенге акым жок, жалпы гана бир эрежени айта алам, ошондо да аты-жөнүмдү жазбайсыз, - деди. – Жарайт, дедим. Эгерде дүйнөнүн кайсы бир бурчундагы бир кардар банкка 10 миңби, 100 миңби же миллионбу акча салып, бирок ондогон жылдар бою же суммасын албай же кошпой айтор дайынсыз болуп кетсе, ал сумма банктын эмес мамлекеттин өзгөчө кароодогу ячейкасына өткөрүлөт жана сакталып тура берет. Бул кардар үчүн шарты өзгөрүлүп кетти дегендик эмес, ал эч жакка жоголбойт, пайызы эрежедегидей өсө берет. Эгерде ал кардардын көзү өтүп кеткен болсо анын мураскору өлгөндүгү тууралуу жана өзүн анын үй-бүлө мүчөсү же жубайы экендигин тастыктап бериши керек дейт. Ал эми В.И.Лениндин жагдайын айта турган болсок, ал өтө чоң тарыхый инсан болгон үчүн жана эсебиндеги акчанын саны өтө аз болгон үчүн банкта кала берсе керек...", - дейт банк кызматкери.

2006-жылы “Комсомолькая правда” гезити Лениндин тукуму болгон Ольга Дмитриевна Ульяновага бул маселе боюнча атайын байланышып, суроо узатышкан экен. Ал "Ооба, мага ал боюнча айтышкан. Эми ал болбогон акча экен...Мага анын кереги жок. Жатса жаткандыр да, жата берсин. Бул талкууга алчу тема эмес!" деп так кесе жооп бериптир.

Жыйынтыктап айтсак, Владимир Ильич Ленин Женевада толук төрт жыл жашаптыр. (1895, 1900 жана 1903-жылдан 1905-жылга чейин) Ал ортодо ал Швейцариянын башка шаарларында да жашап турган. Төрт жылын өткөрсө да Ленин Женева шаарын жактырган эмес экен. Ал бул туурасында Луначарскийге төмөнкүчө айтыптыр: (айтканын өз тилинде көрөлү) “Грустно, черт побери, снова вернуться в проклятую Женеву! У меня такое чувство, словно в гроб ложиться приехал”

Лениндин эстелиги

Лениндин эстелиги

Ошентсе да улуу революция үчүн анын Женевадагы күндөрү эң маанилүү жылдар болгонун төмөнкү аткарылган эмгектеринен улам билсе болот: “Искра”, “Вперед” жана “Пролетарий” гезиттеринин чыгышы, “Марксизм жана эмпириокритицизм”, “Орус социал-демократтарынын милдеттери”, “Бир кадам алга, эки кадам артка”, “Демократиялык революция жасоодо социал-демократиясынын эки тактикасы” эмгектери ж.б. эбегейсиз сандагы макала, заметкалары.

Эгерде орус басылмаларынын жазганына ишенсек, СССР кезинде анын бардык аймагы боюнча болжол менен 12 миңге жакын улуу жол башчыга тургузулган эстеликтер болгон экен. (Анын ичинде Орусия аймагында 7000, Орто Азия жана Кавказда болжолу 300) Бул сандар так болбогон күндө да совет мезгилинде Ленин атабыздын барааны биз үчүн буга окшогон ченемдерден артык эле. Ченебеген тарыхтын огу жалгыз бир адамга байланыштуу болуп калганы бул чыныда керемет эле... Андан бери тарых көп ирет ала салды. Адам жашоосунда жер силкинткен улуу система жаралып, кайра жексен болду. Бүгүнкүнүн кызыгы ушул – канча заман алмашса да ошонун бир жаркын элеси болуп, эскинин жаңы карааны сыяктанып, ал тарых “беш франк беш сантимге” айланып бир коңулда жата бергени... Ошол үчүн бекеринен Швейцария банкынын терең сырлары дебейттир. Ал жерде дагы дүйнөнүн далай сырлары кылымдар үчүн уктап жаткандыр...

Жеңишбек Эдигеев, Женева шаары

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG