Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:28

Орустун таанымал акыны жазып кеткен горизонталдык жана вертикалдык курак деген метафора-теория бар. Адам туулганынан тарта жашап өткөргөн жылдардын саны, башкача айтканда биологиялык-календарлык жашы анын горизонтал курагын көрсөтөт дейт чукугандай сөз тапкан, таап эле жөн койбой, ары калчап тазартып, бери өкчөп кырдантып, ой, маанайдын ыргагын Чоң Мезгилдин доошуна уйкаштырып жаза алган Вознесенский Андрей.

Ал эми вертикал курак руханий жетилгендиктин ченин билдирет. Мамлекеттүүлүгүбүздүн 2200 жылдыгы, учурдагы устаранын мизинде тургандай абалы жөнүндө тынбай айтылып жаткан өйдө-ылдый сөздөрдөн улам маселеге ушул теорияны колдонуп көрсөк кантет деген ой келди мага. Ырас, карт тарыхка кылчая карап, байыркы доорлордон бабаларыбыздын изин табуу – абдан сыймыктуу иш. Муну тарыхчылар колдорунан келишинче аткара беришер. Бирок жыйырма эки кылым илгерки саясий түзүлүштүн биз үчүн мыйзамдуу таберик эсептелишинен да бүгүнкү күндө кыргыздын улут катары кайсы деңгээлде өсүп-өнүккөндүгүн, мындан аркы өркүндөө мүмкүнчүлүгү канчалык экендигин аңдап билүү көбүрөөк мааниге ээ болот деп ойлойм.

Карылыкпы же бечелдикпи?

Лев Гумилевдун кыргызчага да которулган «Этногенез жана жердин биочөйрөсү» деген белгилүү эмгегинде улуттардын пайда болуп, калыптанып, өркүндөп жетилип, анан кайра улам чөгүп, кедери кетип отуруп акыры житип жоголуу траекториясы көрсөтүлгөн.

Бул чийме атактуу илимпоз Лев Гумилевдун "Этногенез жана Жердин биочөйрөсү" деген эмгегинен алынды.

Бул чийме атактуу илимпоз Лев Гумилевдун "Этногенез жана Жердин биочөйрөсү" деген эмгегинен алынды.

Ал ийри сызык чокуга Сизиф түртүп чыгарган таштын ошол тоонун экинчи бетинен ылдый кулап кеткен изиндей элес калтырат. Мындагы бир кызык жагдай, окумуштуу чийген I-XV кылымдардагы Евразиянын этномаданий тутумдарынын динамикасын көрсөткөн графигинде саналуу эле башка улуттардын катарында кыргыздар да камтылган. Буга сүйүнбөй эле (ачууланбай дагы) коё туралы, анткени мында IX-X кылымдар чегиндеги сормо саздай болгон обскурация деңгээлине түшүп кеткен, анан араңдан зорго суурулуп, нөлдүк чектеги сызыкты бойлой боортоктоп калган тарыхый учур чагылдырылган. Байыркыбыз деп мактана бербейли дегеним – эгер Гумилевдун ушул теориясына таянсак, анда эң узагы миң жылда өчүп кетер пассионардуулук курагы биз үчүн артта калган болот...

​Бирок канчалык таланттуу иштелбесин, теориялык схема жандуу турмуштун маңызын эч качан өксүтпөй, дал өзүндөй толук чагылдыра албайт эмеспи. Болбосо биринчи миң жылдыктын босогосунан мүдүрүлүп кулап түшүп, анан бутуна кайра тура албай «сойлоп» калган кыргыздын бүгүнкүсүн кандай чийме менен көрсөтүүгө мүмкүн? Байыркынын рухий алпы Манастын житкен огу кечээ Айтматов болуп, керемет кыргыз киносу болуп рух асманына кайра атылып чыккан жокпу?!! Мынчалык шаңданайын десең туташ жакырчылык (экономикалык да, рухий да) бучкактап ындыныңды өчүрөт... Маданий (моралдык, эстетикалык, тиричилик, укуктук, саясий) формациялар боюнча караганда өнүккөн улуттар басып өткен оозеки адабият, кол өнөрчүлүк, сентиментализм, классицизм, романтизм, реализм (же уруучул-жамаатчыл коом, феодализм, капитализм... ж.б.д.у.с.) доорлорунун эң алгачкы, төмөнкү тепкичтеринде жүрөбүз дале болсо. Албетте, жалпы массадан кескин айырмаланып, атүгүл дүйнөлүк мейкиндикке суурулуп чыга алган бирин-экин өнөр, илим адамдарын айтпаганда.

Бул эмне, жетиле албаган бечелдикпи же эки миң ашык жашагандан кийинки карып-арыгандыкпы? Мунусу да тигиниси да эмес. Гумилевдун схемасына кирип калган «кыргыз финалы» жоокерчилик менен күн өткөргөн көчмөн цивилизациянын өчүү доорун туура эле чагылдырган. Бүгүнкүбүз такыр башкача.

Жаштык

Көрсө, вертикал курак өзгөрүлмөлүү чоңдук экен (А.Вознесенскийдин өзү буга кандай карагандыгын билбейм). Ар бир адам орто жашка (өзүнүн индивидуалдуу орто өмүрүнө) жеткенге чейин бир нече ирет рухий карылык этабын баштан өткөрүшү мүмкүн. Сыртынан караганда «жылан чакпай, жылкы теппей эле» күтпөгөн жерден жапжаш жигиттердин өз жанын кыйганга барышынын бир себеби ушул. (Бирок жекече инсандык жетилүү жолун издебей, өздүк МЕНи ачылбаган бойдон «эл катары, көптүн шары менен» жашагандар буга эч качан тушукпашы көбүрөөк ыктымал). Мындай кризисти жеңип өткөндөн кийин өзүңүздү андан мурункудан да күчтүүрөк, жашыраак сезген белеңиз, окурман?

Кыргыз туусун көтөргөн атчандар

Кыргыз туусун көтөргөн атчандар

Ал эми улуттун өнүгүү жолунда вертикал «жаштык-карылык» доорлору алмашылган учурлар көп кезигет. Адегенде бөлөктөрдөн эки мисал келтирели. Илим менен техникада, маданият менен мамлекет системасын курууда немистердей зор ийгиликтерге жетишкен улуттар саналуу гана. Бирок ушул улуу журт XX кылымдын ортосуна чукулдаганда катуу алжып, фашизмге жетеленип калбады беле? Ал эми убагында улуу Гёте өзү таазим кылган фарси маданиятынын тең мураскору – тажик эли кечээ эле кандай карып-арыды, ич ара кырылышып. Фанатизмдин туңгуюк жолунан араңдан зорго кайта алды...

Кыргызга келсек, Гумилевдун мезгил сызыгында үзүлүп калгандай улут жашоосу кайра жандана албай келген миң жылга чукул доорду өтө узакка созулган карылык десе болчудай. Себеби ошончо убак бою кыргыздар гүлдөп, өнүгөр мезгили алдыда эмес, артта калган көчмөн цивилизация дөөлөттөрүнүн кагынчыгы менен эптеп жан сактап келиптир.

Орусияга өз ыктыярыбыз менен эмес, аргасыздан (тагыраагы, объективдүү зарылдыктан, турмуш кыстоосунан улам) кошулганбыз же күч менен каратылганбыз десек да, ошол тарыхый татаал окуя кыргыздын жашап кетүүсүнө, жашаруусуна өбөлгө түзгөнүн моюнга алуу керек. Бүтүндөй элди тукум курут кылып жибере жаздаган 16 - жылда кыргыз кескин карыды, арыды, карып болду. Эгер ошол беймаал, сабырсыз бунттун алдын алганда, XIX кылымдын экинчи жарымындагы улуттун жашаруу процессинин деми менен биз азыр алда канча бакубат болуп, 1937-жылдын жасалма түрдөгү рухий картайтуусуна бекемирээк туруштук бере алат элек... «Өнүккөн социализм» мезгилиндеги совет эли болобуз деген маңкурттук духовканын көлкүлдөтө эритүүсүнө да. (Ушул жерде таланттуу, сабаттуу илимпоздордун бири Гүлнара Айтпаеванын мен өзүм макул болбогон көз карашын келтире кетейин. Анын пикиринче, Үркүн трагедиясы элдин ичкериден чыйралуусуна, таптакыр башка деңгээлдеги аң-сезимге өтүшүнө, социалдык трансформацияланышына түрткү берген. Дал ошол себептен мындай катарсисти баштан өткөрбөй калган түштүк кыргыздары илим-билимге бир топ кеч аралашкан. Менин оюмча, региондор ортосундагы бул төгүнгө чыгарылгыс айырмачылыктын себеби 16-жылга чейинки саясий-маданий жашоо жолунун ар башкача болгонунда. Түндүктө орус, европа маданиятына аздыр-көптүр сугарылган татарлардын таасири менен элүү жылда эл жаңырган, жашарган, руханий күч-кубат алган. Түштүк болсо жашарын жашап бүткөн хандыктардын регрессчил (карылыкка бет койгон) системасынын, бул дүйнөдө татыктуу өмүр сүрүүнү эмес, селдечен идеологдор убада кылган тиги дүйнөдөгү бейишти ойлонткон «маданияттын» басмырлоосунда кала берген).

Данек

Жаштык дегенде мен эң оболу бул сөздүн жашоого уңгулаш эзелки маанисин көңүлдө тутам. Мезгил агымы улам барган сайын тездеп, ыкчамдап, жан сактоо үчүн күрөш, жаңырууга, озунууга умтулуу күчөгөндөн күчөп бараткан азыркы доордо кыргыздын жашап калышы же кайсы бир суперэтностун жумуруна жук болуп жутулуп кетиши өзүндөгү жаштык жигерди, жаратман потенциалды иштете алышына жараша болот.

Кыргызстандагы Туу күнүн белгилеген жаштар. 4-март, 2013-жыл

Кыргызстандагы Туу күнүн белгилеген жаштар. 4-март, 2013-жыл

Кыргыз канчалык эскирбесин, картайбасын, анын жаштык деми али күчүндө. Ээрчимелик, белимчилик, туурамачылык, баёолук, темирдей тартипке салып кыңк эткирбей башкарган падышаны эңсегендик, ич ара бөлүнө жаатташуучулук ж.у.с. жактарыбызды эске алганда, биз али өспүрүмдүк өткөөл курактагыдай көрүнөбүз. Бул бечелдигибиз. Сөздүн толук маанисинде, айрыкча азыркы цивилизациялуу мамлекетке синонимдеш маанисинде, кыргыздар УЛУТ болуп жетиле албай келет. Өсүү даремети (потенциалы), жетилүү данеги бизде бар. Потенция реалдуулукка айланышы, данек мөмөлүү дарак болуп өсүп чыгышы үчүн биз эки нерсеге өзгөчө көңүл бөлүп, кам көрүшүбүз зарыл.


Биринчиден, улут деген бүтүн, сындуу түзүлүш анын өкүлдөрүнөн жетиштүү сандагы ИНСАНдар өсүп чыкканда гана жаралат. Өз эркиндиги, адамдык бедели, намысы үчүн күрөшкөн, укук-милдетин даана билген, бул жагынан өзүнө да, тегерегиндегилерге да бекем талап коё алган, өзүнүн кайталангыс чыгармачыл шык-жөндөмүн, дараметин ачуу үчүн талбай эмгектенген адам гана инсан деген атка татыктуу болот. Бирок, экинчиден, караламан калктын катмарында ар бири өзүнчө уникалдуу дүйнө болгон инсандар көп болушу үчүн сырткы өбөлгө – мамлекеттин максаттуу, ырааттуу, иш жүзүндө реалдуу жүргүзгөн саясаты зарыл. Укук-милдет таразасы так болмоюнча, сот адилеттүүлүгү толук камсыздалмайынча, улуттун аны түзгөн баштапкы бүтүндүк катары инсандык түзүмү (структурасы) кристаллдашпай кала берери анык.

Бул үчүн жогору жактан саясий адил эрк, чечкиндүүлүк, төмөндөн чыгармачыл эмгек, талыбаган күрөш керек.

Жолдош Турдубаев, публицист

P.S: Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG