Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:37

31-август, Эгемендик күнү биз "Кыргызстандагы азыркы акыбалды кандай баалайсыз? Алдыга койгон максаттарына жетип, эл турмушун жакшыртууга эмнелер тоскоолдук болууда?" деген суроолорду жакынкы жана алыскы чет элдик эксперттерге жолдодук.

"Кыргыз бийлиги экономиканы илгерилетүүсү керек"

Казакстандык көз карандысыз саясатчы Амиржан Косанов:

- Кыргызстан жалпы саясий ачыктык, демократиялык реформалар жагынан алганда Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстанга караганда кыйла алдыга кетти. Биз аны моюнга алабыз жана жалпы коомдун өнүгүүсү үчүн оң процесс деп кабылдашыбыз керек. Ар кандай революциялардын оң жана терс жактары болот экен. Өкүнүчтүүсү, кайсы бир саясий топтордун ич ара талашы, саясатчылардын дымагы мындай окуяларга таасир этпей койбойт. Аны ачык айтуубуз абзел. Бирок башкы жыйынтыгы дурус. 23 жылдан бери Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанда президенттер алмашпай отурса, Кыргызстан бир нече жолу мамлекет башчыны алмаштырууга жетишти.

Амиржан Косанов.

Амиржан Косанов.

Ал эми экономикага келсек, Кыргызстан алдыга чыкты деп айта албайм. Албетте, Казакстандагыдай кара май, газ жана башка баалуу жаратылыш байлыктары жок болгондуктан мамлекеттик казнаны толтуруп, байып кетүү өтө кыйын. Азыркы кыргыз бийликтеринин алсыз жери ушул экономика болууда – орто, чакан бизнести колдоп өнүктүрүү азырынча колунан келбеди. Эл турмушунун деңгээли чөлкөмдө төмөнкү саптарда кала берүүдө. Саясий реформа абдан керектүү нерсе, бирок аны нанга сыйпап, майдын ордуна жей албайт экенсиң да. Ошондуктан азыркы кыргыз жетекчилерине биринчи кезекте экономиканы жолго коюп, эл турмушун жакшыртуусун каалайт элем.

"Орусиянын таасири астында калуу кыргыз коомчулугу үчүн зыян"

Өзбекстандык саясат таануучу Анвар Назиров:

- Кыргызстан “чү” дегенде эле демократиялуу жолду тандады. Бул жолду алиге чейин көпчүлүк адамдар сындашат. Бирок демократиялык жол оң жактарын да көрсөттү. Азыр эми Кыргызстан, Казакстан, Тажикстандын Орусия менен жакындашуусу алардын эгемендигине коркунуч жаратууда. 2010-жылы Ошто болгон окуяны эл ичиндеги нааразылыктын туундусу деп айтышат. Менимче, Оштогу окуялар Москванын оюну болгон. Мындай пикирге кошулган көп адамдар бар. Кыргызстандын Орусия менен жакындашканы, Орусия жана Кытайга ылым тартып, өз позициясында бекем турбаганы, өзгөчө Москванын Кыргызстандын ички ишине кийлигишүүсүн кыйла күчөттү. Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү чоң проблема жаратат. 2010-жылы Москванын кийлигишүүсүнүн кесепетинен Кыргызстан бөлүнүп кете жаздады. Бүгүн Кыргызстандын бүт бойдон Орусиянын таасири астында калганы өлкө экономикасы жана коомчулугу үчүн чоң зыян. Бул жөнүндө кыргыз коомчулугу Эгемендик күнү жакшылап ойлонушу керек.

Биздин Борбор Азия өлкөлөрү арасында интеграция болбоду. Мында Өзбекстандын да, Казакстандын да айыбы бар. Лидерлерибиздин интеграцияга эрки дагы, акылы дагы жетпеди. Эсиңизде болсо, 1990-жылдардын башында Борбор Азия республикалары интеграцияны көздөй бараткан. Кийин баары тескери кетти. Азыркы Бажы союзу, Шанхай кызматташуу уюму, Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ОДКБ) дегендер саясий максатта түзүлгөндүктөн пайдасыз. Алар өз ара мамилени өнүктүрүүчү уюм эмес. Кыргызстандын ички ишине башын салчу уюмдар.

Борбор Азияга ич ара интеграция үчүн уюм керек. Ал Казакстан, Азербайжан, Грузия жана Түркия аркылуу Европа Союзу менен түз кызматташуусу, ал үчүн өз ара транспорт каттамдарын өнүктүрүүсү абзел. Украинадагы окуялардын фонунда Орусия менен тыгыз алака эмнеге алып барарын кыргызстандыктар ойлонуп көрүүгө тийиш.

Ош окуясынын артында Орусия турганын кайра айтам. 2005-жылдан кийин Өзбекстандын Орусия менен жакындашуусу өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна чоң зыян келтирди. Борбор Азияга ич ара интеграция үчүн уюм керек. Ал Казакстан, Азербайжан, Грузия жана Түркия аркылуу Европа Союзу менен түз кызматташуусу, ал үчүн өз ара транспорт каттамдарын өнүктүрүүсү абзел. Украинадагы окуялардын фонунда Орусия менен тыгыз алака эмнеге алып барарын кыргызстандыктар ойлонуп көрүүгө тийиш. Кыргызстан, ошондой эле Борбор Азия мамлекеттери экономикалык жактан чоң жаңылыштык кетирди. Алардын экономикасы чийки заттар менен соода кылганга ооп кетти. Кыргызстанда бир туруп Кытай бизнесмендери, бир туруп орус бизнесмендери таасирин күчөтүүдө. Кыргызстан Орусияны эмгек ресурстары менен камсыздоочу базарга айланды. Бул жалпы регионго мүнөздүү. Өзбекстан Кытайга газ сатууда, бирок кыштактарга газ жетпей жатат. Азыркы жагдайда экономикалык эркиндик жөнүндө сөз кылуу кыйын.

"Терс көрүнүштөр кыргыз коомун такшалтты"

Москвадагы Саясий изилдөөлөр борборунун директору Алексей Мухин:

Алексей Мухин.

Алексей Мухин.

- Кыргызстан СССР ыдырагандан кийинки өнүгүү жолунда татаал окуяларды баштан кечирди. Саясий системасы талкаланган, экономикасы катуу жабыркаган учурларга күбө болдук.

Бирок мындай терс көрүнүштөр кыргыз коомун такшалтты. Соңку жылдарда саясий система калыбына келтирилди. Экономикада позитивдүү көрүнүштөр пайда болду. Мунун баары өлкө туура багыт тандап алганынан кабар берет. Бирок бул жолдо да көзгө дароо көрүнбөгөн бир топ кыйынчылыктар бар. Маселен, Украина менен Грузиядагыдай болуп, Батыш кредиттеринин сыйкырдуу дүйнөсү улуттук экономиканын бардык маселелерин чечет деген азгырыкка жетеленбеш керек. Менимче, ар кандай азгырыктарга берилбей, улуттук кызыкчылыкты гана көздөсө, мурдагы советтик өлкөлөр көбүрөөк утат. Саясий өнүгүү жагынан мен Кыргызстанды Борбор Азия өлкөлөрү арасынан Казакстандан кийинки орунга коёт элем. Албетте, мен кичине көбүртүп айтып атам. Орусия Кыргызстандагы саясий окуяларга кунт коюп байкоо салып, алар келечекте оң натыйжа алып келет деп үмүттөнөт. Мен Кыргызстанды эгемендүү өлкө болуп калыптанып, азыркы кризистерге толгон дүйнөдө өз жолун тапкандыгы менен куттуктайм.

"Кыргызстан баскан жолдон башкалар да өтөт"

Түркмөнстандык диссидент, 1990-92-жылдардагы түркмөн парламентинин депутаты болгон Халмурад Сойинов азыр Швецияда жашайт.

- Эң алды кыргыз элин күнкорсуздук күнү менен куттуктаймын. Кыргызстандын постсоветтик Борбор Азия республикаларынын төбөлсүз мамлекет болуп калыптанышындагы орду өзгөчө. Себеби, Советтик Кыргызстан дайыма өзүнүн илимий жана илимий-техникалык потенциалы менен күчтүү республика катары белгилүү эле. Советтер Союзу кыйрагандан кийин Кыргызстан өз жолу менен кетти: туура багытты - демократияны тандады. Демократиялуу жолго түшүүнү, башкаруунун демократиялык механизмдерин киргизүүнү кыргыз эли ийгиликтүү ишке ашырды. Демократиялуулук жагынан кыргыз эли Борбор Азия мамлекеттеринин башка калктарынан: түркмөндөрдөн, өзбектерден, тажиктерден жана казактардан айырмаланып турат. Акыркы 23 жылда парламент шайлап, референдум өткөрүп, атүгүл кан төгүп жатып лидерин алмаштырды. Бул кээде чоң трагедия менен коштолду. Ошондой эле Кыргызстан эгемендүүлүк жылдары түркмөн жаштарынынын билим алуусуна көмөктөштү. Жүздөгөн түркмөн улан-кыздары Кыргызстандын университеттеринде окуп, билим алышты. Бул үчүн кыргыз элине алкыш.

Кыргыз эли митингге, жөө жүрүштөргө чыгып, алтурсун кан төгүп жатып, жетекчиликти алмаштырды жана демократиялык өзгөрүүлөргө татыктуу экенин көргөзө алды. Демек, кыргыздар ушул катаал жолду өтүшү керек эле. Ал жолду башка мамлекеттер эми өтүүгө тийиш. Алар кандай формада өтөт, билбейбиз.

Кыргыз коому үчүн башка Борбор Азия өлкөлөрүндөгүдөй эле уруучулук, тууганчылык, жердешчилик мамилелер жана бөлүнүү мүнөздүү нерсе. Ушундан келип жетекчилерде мамлекетти, облус-райондорду өз уруусуна, туугандарына таянып башкарчу кесели бар. Бул тарых тереңден келаткан салт-адат. Бирок бүгүнкү цивилизациялуу дүйнөдө өлкөнү бир урууга же тууган-уруктарына жөлөнүп башкаруу мүмкүн эмес. Муну акыркы 10-15 жылда Кыргызстанда болгон окуялар көрсөттү. Улут лидери катары бардык жарандарга тегиз кызмат кылып, эч кимди бөлүп-жарбай урматтап, сыйлоого милдеттүү. Бул жалгыз Кыргызстан эмес, Түркмөнстанга да тиешелүү. 23 жылдан бери Түркмөнстанды бир гана региондон чыккан адамдар жетектейт. Башкаларды бийликке жакын жолотушпайт. Өзбекстанда Каримов жана анын чөйрөсү, Тажикстанда Рахмондун үй-бүлөсү жана жакын чөйрөсү, Казакстанда Назарбаев өзүнө ишенимдүү адамдар менен чогуу каалагандай бийлик жүргүзүүдө. Бул айтылган кемчиликтерге карабай, Кыргыз эли митингге, жөө жүрүштөргө чыгып, алтурсун кан төгүп жатып, жетекчиликти алмаштырды жана демократиялык өзгөрүүлөргө татыктуу экенин көргөзө алды. Демек, кыргыздар ушул катаал жолду өтүшү керек эле. Ал жолду башка мамлекеттер эми өтүүгө тийиш. Алар кандай формада өтөт, билбейбиз.

"Кыргызстан үч держава менен сыпайы мамиле түзө алды"

АКШдагы Жорж Мэйсон университетинин профессору Эрик МакГлинчи:

- Казакстан баш болгон башка борбор азиялык мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстан саясий жактан алганда абдан ачык өлкө. 1991-жылы эле Кыргызстан коңшуларына караганда экономиканы либералдаштыруу багытына эрте кадам таштаган. Азыр бизнес жүргүзөм, иш ачам дегендерге мүмкүнчүлүк толтура. Жергиликтүү элдин көбүндө өз алдынча иш баштаганга акча гана жок. Мени таң калтырган дагы бир жетишкендик – Кыргызстан эл аралык аренада Орусия, АКШ жана Кытай өңдүү үч чоң мамлекет менен бирдей жакшы мамиле түзө алды. Кыргызстанда кандайдыр кызыкчылыгы бар ушул үч үлкөн мамлекет өз ара чатакташпай, үчөө бирдей жагымдуу маанайдагы мамиле-катнаш орнотуп алышты.

Кыргызстан бир топ жылдар саясий бейстабилдүүлүк шартында жашап келди. 2005чи, 2010-жылкы окуялар, андан кийинки кыргыз-өзбек кандуу калабасы – мунун баары өлкө үчүн чоң сыноо болду. Азыр деле кыргыз бийликтери келечекте андай чыр-чатактарды басуу механизмдерин жакшылап түзө элек. Саясий стабилдүүлүктү бекемдей турган туруктуу механизмдер калыптана элек. Бирок өкмөт, эл, жарандык коом ушул багытта бирге иштеп атканы кубандырат. Дагы бир Кыргызстан эле эмес, бул Американы да тынчсыздандырчу жагдай – соңку жылдары ашынган байлар менен жакыр турмушта жашап аткан катмар ортосундагы ажырым аябай чоңоюп баратканы. 10-15 жыл мурун мындай эмес эле. Өтө ашынган байлар мурдагыдан да байышты, кедейлер ого бетер жакырланды. Бул кандай болбосун коом үчүн кооптондурчу көрүнүш. Анан көп улуттуу өлкө болгондуктан, ошол ар түркүн этностор ортосундагы мамилени, ынтымакты бекемдөө – өкмөттүн артыкчылыктуу багыты болууга тийиш.

"Ички биримдик болгондо Кыргызстан чындап өнүгөт"

Тажикстандын Саясат таануучулар ассоциациясынын төрагасы Абдугани Мамадазимов:

Абдугани Мамадазимов.

Абдугани Мамадазимов.

- Кыргыз эли эркиндикке умтулуу, өз кызыкчылыгын коргоо жагынан башка коңшулаш элдерди артта калтырды. Бул өзгөрүүлөргө региондор аралык эрегиш, ички биримдиктин жоктугу да таасир этти деңизчи, ошентсе да кыргыз эли адам укуктары, саясий, жарандык эркиндиктерди жогору койгон эл катары региондо алдыга озуп чыкты. Өз өнүгүүсүндө бирде ылдый, бирде өйдө келаткан жолдо кыргызстандыктар жакынкы келечекте сөзсүз ийгиликтерге жетишет деп ишенем.

Өксүктөргө келсек, менин кыргыз кесиптештерим таарынышпасын, бирок мен «Манас» эпосун окуп чыгып айрым тыянактарга келдим. Ал жаңылыш ой болушу да мүмкүн. Кыргыздарда илгертен эле уруулар ортосундагы эрегиш, уруш-чабыш көп болгон экен. Ошол тарыхый тактын изи азыр деле барбы деп ойлойт экенсиң. Кыргыз коомунда ички биримдик, мамлекеттин келечеги үчүн бекем биримдик түзүлгөндө нагыз өнүгүү башталат. Экинчи чоң маселе – Кыргызстандан Тажикстандагыдай эле жумушчу күч гана эмес, акылдуу, билимдүү адистер да башка жактарга агылып кетип атат. Бул өтө кейиштүү көрүнүш. Алар башка өлкөлөрдү байытып, экономикасына салым кошууда. Кыргызстан бул жагын да колго алып, көчүп кетип аткандардын санын азайта алса, бул да өлкөнүн келечеги үчүн жагымдуу фактор болуп бермек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG