Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:50

"Таттуу үндүү Бактыгүл", кош болуңуз!


"Нарынга көпүрө курсам дечү"
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:18 0:00

"Азаттыктын" архивинен: Майра Жакып келининин видео маеги, 2013-жыл.

"Азаттык" радиосунун эң алгачкы аял кабарчысы, Бактыгүл деген ысым алдында 24 жылдай добушу ободо жаңырган, маркум кесиптешибиз Төлөмүш Жакып уулунун байбичеси Майра Жакып келини 76 жаш курагында капыстан дүйнө салды. Мюнхенге барган сайын дасторкону белен, ак пейил Майра жеңеге учурашып, үйүнө конуп түнөп да жүрдүк. "Төлөмүш атаңар илгери баланча жерге кыргыз келиптир деген кабарды укса, белек-бечкегин көтөрүп алып издеп жөнөчү. Колундагы саатын чечип, белекке берген учуру да болгон. Ушунчалык мээримдүү адам эле. Менин апам, кийин сиңдим ооруп калганда да акчасын аябай, аларды аягына дейре дарылатты. Андай ак көңүл, мээримдүү адамды кийин такыр учурата албадым", - деп үшкүрүнө айтканы эсимде калыптыр.

Крым чөлкөмүндөгү Феодосия шаарына жакын айылдардын биринде мектептин директору болуп иштеген атасы 1941-жылы алгачкылардан болуп согушка чакырылат. Жапжаш апасы кыштын күнү үчкө чыга элек тестиер кызын чанага салып алып көчөдө баратса, фашисттердин авиациясы асманда чуулдап, сиреналар кулак жаңыртып, элдин баары жертөлөдөгү жан сактоочу жайды көздөй жүгүрөт. Жаш келин элдин агымы менен түртүшүп баратып чананын жибин колдон чыгарат. Бомбалоо далайга созулуп тынчыганда, көз жашы көлдөгөн келин сыртка жүгүрүп чыкса, айлана тегеректе кызыл жаян жарадар, өлгөн адамдар сулап жатат. Ортодо калың тыбыт жоолукка оролгон кичинекей Майра кирпиктерин кар аралап чанада отурат... "Ошондо аман калган экемин, көп жашайм го" деп күлүп айтып берген эле.

Кайдан, согуштун азап-тозогун көрүп, апасы, таяке-жээндери менен Германияга туткунга айдалган Майра жеңе айтып отурса жокчулук, ачарчылыктын азабын жаш кезинде аябай көп тартыптыр. Түркияда тыңып кетебизби деп үмүт кылган крымдык татар туугандар ал жакта таптакыр оокаты өтпөй калганда кайра Германияга кайтышат. Каржалган куу турмуштун айынан апасы, сиңдиси биринин артынан бири жаш кезинде о дүйнө салышат.

Майра жеңе ал кезде "Азаттык" радиосунда кыргыз кызматын негиздөөчүлөрдүн бири Төлөмүш Жакып уулуна турмушка чыгып, балалуу болуп очор-бачар боло баштаган кези эле.

Ыраматылык Төлөмүш агай комузда чертилген күүлөрдү, комуздун коштоосунда аткарылган ырларды ар кайсы жерден таап жаздырып алып, кээде түнү менен ошол кассеталарды ойнотуп коюп угуп отура берчү экен. Мекенине болгон кусалык, көзүнөн учкан тоо-өзөндөр, жайлоодо өткөн балалыгы ошол комуздун кылдарында калгандай бугун чыгарчу окшобойбу. Ошондой ичинде арманы сызылган адамга жар болуу да оңой болбосо керек. Балким, тескерисинче, экөө бири-бирине жөлөк таяк болуп, колдоп түшүнгөнү ошондондур. 50 жылдан ашуун көрбөй зар болгон мекенине барганда, "каап, байбиче, мындай болорун билгенде Түркиядан үй алмак эмесмин. Андан көрө ошол акчага Нарын дарыясына көпүрө куруп бермекмин. Ошол кыялыма жетпей калат окшойм" деди эле, мен дароо эле: "Сат ал үйдү. Мага анын кереги жок. Эч ойлонуп капаланба. Оюңдагы ишти аткар" деп жооп бергем. Төлөмүш агайыңар Кыргызстандан кайтып келгенден кийин бат эле кайтыш болуп кетпедиби", - деп эстеп отурган эле.

Былтыр Мюнхенде кыргыздардын Нооруз майрамына катышып, "мен биз жакта ушунча көп кыргыз жаштары окуп, иштеп жашап жатканын көрүп абдан кубанып турам. Илгери Төлөмүш агайыңар жалгызсырап, кыргыз издеп эле жүрчү" деп күлдүргөн эле. Белгилүү бир батыштык калемгер "менин эң башкы кыялым - жаным үзүлгөндө туфличен болгум келет" деген экен. Башкача айтканда, ооруп төшөктө жатып калгысы келбептир. Анысы кандай, Майра жеңе жүгүрүп жүрүп эле капыстан кете берди. Акыркы деми калгыча үч кызы, неберелери үчүн жанын аябады. Тамак-аш, оокатын белендеп, энелик парзын ашыра аткарды. Жанын бир аз аяса, жашоосу узара түшөт беле, антпеди. Бала чактан далайга чыдап чыйралган жүрөк мындан ары чыдабады. Токтоп калды.

Сизди биз ар дайым Кыргызстандагы өзүңүздүн курбалдаш угармандарыңыз атагандай, "добушу таттуу Бактыгүл", мээрман эне, ак пейилдүү апабыз эле деп эскеребиз. "Азаттык" радиосунда мурда иштеген жана азыр эмгектенип жаткан бардык кесиптештериңиздин атынан "кош болуңуз" дегенден башка арга жок.

Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG