Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:11

"Азаттыктагы" алгачкы аял-кабарчы - Бактыгүл


Төлөмүш Жакып уулу жубайы Майра Жакып келини, кызы менен (аманат сүрөт)

Төлөмүш Жакып уулу жубайы Майра Жакып келини, кызы менен (аманат сүрөт)

"Азаттык" радиосунун кыргызча берүүлөрү обого чыга баштаганына 60 жыл толду. 18 жылдай кыргызча берүүлөрдү жалаң эркек кабарчылар алып барса, алгачкы жолу 1971-жылы "Азаттыкта" аял алып баруучу - Майра Жакып келининин үнү жаңырат. "Бактыгүл" деген ысым алдында сүйлөгөн кабарчынын добушу Кыргызстандагы угармандарга жагып, алар ушул кабарчыңар көбүрөөк чыгып жүрсүн деген катты Мюнхенге да жөнөтүшкөн экен. Ыраматылык Төлөмүш Жакып уулунун байбичеси Майра Жакып келини ушул күндөрү Германиядагы үйүндө жашап, үч кызы жана неберелеринин чайын ичип отурган кез.

Майра Жакып келини 1938-жылы Украинанын Крым чөлкөмүндө жашаган татар үй-бүлөдө туулган. Феодосиянын жанындагы айылда мектепте директор болуп иштеген атасы Экинчи дүйнөлүк согушта курман болуп, далай бомбалоодон аман калган тестиер кыз энеси жана башка жакын туугандары менен кошо Германияга туткунга айдалган. Он жаш кезинде немистердин лагеринде жашап жүрүп, ал жерде кароолчу болуп иштеген кыргыз жигити Төлөмүш Жакып уулуна алгач учураган мезгилди эскерип отурду.

- 1947-жылы энем кайра турмуш куруп, кыздуу болушту. Баарыбыз немистердин лагеринде жашачубуз. Түрк тилдүү элдердин өкүлдөрүн орустар жана башкалардан бөлүп өзүнчө лагерде кармайт эле. Ыраматылык күйөөм Төлөмүш ошол лагердин кампасында кароолчу экен. Ал кезде мен он жаштагы тестиер кызмын, ал менден он эки жаш улуу эле, мен аны кайдан тааныйын? Ата-энем таанып калган. Кийин 1948-жылы Түркияга кеттик. Ал жакта аябай оор күндөрдү баштан кечирдик. Мен гимназияга барып окудум, окууну бүткөн соң университетке тапшырып өтүп кеттим. Бирок акчабыз жок букара элек, ата-энем кыйналбай андан көрө кайра Германияга кетели, сени окута албайбыз, жумуш таап иште деп айтышты. 1961-жылы кайра Германияга кайттык. Кийинки жылы болсо керек, Мюнхенде түрк тилдүү элдер чогулуп Курман айтты белгилейт деп калышты. Так ошол Курман айтты белгилеген жерден энем Төлөмүшкө кездешип учурашып, бири-бирин таанышкан. Төлөмүш сураптыр: “Кызыңыздын башы бошпу? Бойдокпу?” деп. Энем бойдок деп жооп берген. Төлөмүш ага чейин бир немис аялга үйлөнүп, ал рак оорусунан кайтыш болуп калган экен. “Кызыңды мага бересиңби?” деп энемден сураса, ал берем деп жооп бериптир. Бизди радионун машинеси менен үйгө чейин жеткиртип, жаныбызга койдун этин, толгон тамак-аш, кока-кола, фанта салып берди. Андайды көрбөгөн элем, жокчулук аябай кыйнап турган кез эле. Ошентип 1963-жылы баш коштук. Анда Төлөмүштүн “Азаттыкта” иштеп жүргөнүнө он жылдай болгон.

Маекти толугу менен угуңуз

“Азаттыкка” агай кандайча кирип калган экен? Азамат Алтай чакырганбы?

- Ооба, алды менен Азамат Алтай баштаган, кийин ал Америкага көчүп кетээрде ордуна Төлөмүштү сунуштап киргизген. Биз үйлөнгөн кезде кыргыз, казак, түркмөн, өзбек биригип “Түркстан” редакциясы деп аталчу. Аздан соң кыргыз менен казак өзүнчө редакция болуп, ага Даулет Тагиберли деген казак киши жетекчи болуп дайындалды. Кийинчерээк кыргыз менен түркмөндү бириктирип, Тажымурат деген киши башкы редакторлукка бекитилди. Андан кийин барып кыргыздар өзүнчө редакция болгондо Төлөмүш кыргыз кызматын жетектеп калды. Ошону менен Төлөмүш 1953-жылдан 1983-жылга чейин отуз жыл “Азаттыкта” эмгектенди.

Сиз качан кирдиңиз “Азаттыкка”? Башында кандай кабарларды даярдап жүрдүңүз?

- Мен 1971-жылы Төлөмүш ооруп калганда эркин кабарчы деп катталып ишке алындым. Эч нерсе даярдабайт элем. Төлөмүш жазып даярдап бергендерди радиодо окуп берчүмүн. Жаңы үйлөнгөндө мен кыргызча билбейм, Төлөмүш түркчө билбейт, экөөбүз бири-бирибизден тилди үйрөнүп жүрдүк. Төлөмүштүн үйүндө кыргызча китептер бар экен. Мага адегенде тамгаларды үйрөт, анан “Кыргыз эл жомокторун” окуйм деп өзүм тырышып жүрүп үйрөнүп алдым. Кийин анын пайдасы тийип, радиодо иштеп калбадымды.

Радиодо сүйлөгөндө эмне деп баштачу элеңиз? "Саламатсыздарбы" деп учурашчу белеңиз?

- “Азаттык радиосу сүйлөйт. Микрофондо - Бактыгүл” дечүмүн.

Бактыгүл деген ысымды кандайча тандап калдыңыз?

- Төлөмүш айтты да. “Бактыгүл деген жакшы ысым. Сен да мага тийип бактылуу болуп олтурасың. Ушул ысым жарашат деп”. (каткырып күлөт). 1971-жылы Төлөмүш ооруп калып, добушу чыкпай калды. Айласы кетип, эми кандай кылам деп турса, ал кездеги деректири Даулет агай айткан экен, аялыңа окутуп көрбөйлүбү деп. Мен үйдөн даярданып барып, редакциядан Төлөмүштүн жазгандарын окудум. Студияда кайра-кайра окутушуп, каталарымды оңдошуп, үнүмдү жаздырып алышты. Бир жумадан кийинби, айтор бат эле Мюнхенге Кыргызстандан кат келген экен. “Бир аял окуду. Ал кыргыз эмес экен. Бирок анын добушу эч тоскоолдуксуз угулду. Үнү да таттуу экен. Эркектер окуганда “тыр-тырр” деген бир добуш чыгып угулбай калат эле. Аялдыкы даана угулду, ошону көбүрөөк сүйлөткүлө” деп жазышыптыр. Жетекчилер таң калып, ошону менен иштеп калдым радиодо. Кийинчерээк жазганды жакшылап өздөштүрүп, немис, түрк тилиндеги гезит-журналдардан кабарларды которуп, кыргызча материал даярдай баштадым.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG