Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:10

1953-жылдын 18-мартында "Эркин Европа/Азаттыктын" кыргыз тилиндеги алгачкы уктуруусун Азамат Алтай обого алып чыккан. “Азаттыктын” тарыхы ушул күндөн башталган.

1953-жылы кыргыздын чыныгы патриот уулдарынын бири, таланттуу журналист Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) диктатор Иосиф Сталиндин өлүмү тууралуу кабарды кыргыз тилинде маалымдап, «Азаттык» радиосунун (“Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын кыргыз кызматы) тушоосу кесилген.

Ала-Тоонун алыстагы бүркүтү

Маркум Азамат Алтай учурунда “Азаттык” радиосунун кыргызча алгачкы уктуруусу кандайча башталганын төмөнкүдөй эскерген эле.

- АКШнын билермандары радио толкундар чек араны билбейт, аны кармоого мүмкүн эмес дешип, радио түзүүнү колдоого алышкан. “Азаттык” радиосун курганда биз Түркстандын атынан курдук. "Азаттык" радиосунун биринчи директору казак болду. Орун басары өзбек. Мен болсо спикер элем. Кыргыздардыкы түркмөндөрдүкүнөн бир аз жогору эле. Түркмөндү катчы кылып, төрт киши менен “Азаттыктын” алгачкы берүүлөрүн баштадык. Кандай гана кыйын күндөрдү баштан өткөрсөк да кыргыз деген атты, намысты сактап калдык, - деп маркум Азамат Алтай 2003-жылы Нью-Йорк шаарындагы үйүндө эскерген эле.

Кыргыз эл баатыры, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси Бексултан Жакиев «Азаттыктын» берүүлөрүн студент кезинен бери угуп келатканын айтып, кыргыз кызматын түптөгөн Азамат Алтай, Төлөмүш Жакып уулу сыяктуу кызматкерлерин учурунда "эл душманы" деп совет бийлигин жаманатты кылганын мындайча эскерет:

- Азамат Алтай абамдын көзү өтүп кеткенине быйыл беш жыл болот. Биз билебиз, ал кишини учурунда гезиттерде көп жолу аябай жамандады. ЦРУнун агенти, чыккынчы деп жалган жалаа жаап, эл душманы атады. 1991-жылы Азамат Алтайдын үйүндө бир айча жүрүп калдым. Архивинин баарын аңтардым. Бир топ китептерин, архивин Кыргызстанга ала келдим. “Азаттыктын” макалаларын карап отуруп, эмне үчүн бул Азамат Алтайды жамандаганын, эл душманы деп жарыялаганын ошондо түшүндүм. Себеби биринчиден, биздин чоңдордун ката иштерин, кемчиликтерин көп айтышкан экен. Экинчиден, бизде жашырган чындыкты алар айтып турган. “Манас” эпосунун мааракесине келгенде, туулган жери - Ысык-Көлгө алып бардым. Ошондо көлгө жүзүн жууп, “эми өлсөм арманым жок” деди эле. Ал кыргыз дегенде ичкен ашын жерге койгон чыныгы мекенчил, намыскөй, баарыбызга үлгү инсан эле.

2003-жылы Нью-Йоркто жолугушканыбызда Азамат Алтай чет жерде жүрсө да Кыргызстан жана Борбор Азия тууралуу алты миңдей китеп жыйнаганын, Кыргызстан жөнүндө маалыматтарды дүйнөлүк маалымат булактары үчүн даярдап жазып бергенин, Чыңгыз Айтматов менен Бүбүсара Бейшеналиева жана башка кыргыз маданият ишмерлери тууралуу Батышка кеңири маалымдаганын кең-кесири кеп салып берген.

- Мурда баары эл душманы деп жаа бою менден качса, эгемендүүлүк алганы баары мага салам берип келишет, - деген эле залкар агабыз.

Азамат Алтай "Азаттыктын" Прагадагы баш кеңсесинде Тынчтыкбек Чоротегин менен, 2003-жылдын 18-июну.

Азамат Алтай "Азаттыктын" Прагадагы баш кеңсесинде Тынчтыкбек Чоротегин менен, 2003-жылдын 18-июну.

Азамат Алтайдын алыста жүрүп Кыргызстанды таанытууга чоң үлүш кошконун “Азаттык” радиосунун мурдагы жетекчиси Тынчтыкбек Чоротегин мындайча белгиледи:

- Совет доорунун бүт кемчиликтерин Азамат Алтай “Азаттык” үналгысы аркылуу бетке айтып турган. Чынында эле “Азаттыктын” башатында турган Азамат Алтай деген кыргыздын тарыхында калган улуу инсаны. Көзүбүздү ачты. Саясатчылар, деле бардык радио уккан элдер жашырынып болсо дагы Азамат Алтайдын үнүн угуп жатканын бала кезде өз көзүм менен көрүп күбө болгом. Алыста туруп, Кыргызстан үчүн тоодой эмгек кылды. Советтик түзүлүштүн кемчиликтерин, алар жаап-жашырган терс жактарын, кийин Акаевдин режимин, Үзөңгү-Куушту Кытайга белекке бергенин сындап, элдин, кыргыздын анык чыккынчысы Аскар Акаев деп бетине айтпады беле. Азамат Алтайды 2003-жылы “Азаттыктын” 50 жылдык мааракесине ардактуу ардагер катары Прагага чакырып, чер жаза баарлашкан элек. 5-6 тилде эркин сүйлөп, мааракенин көркүн ачып, ак калпак кийип, бийик интеллект экенин дагы көрсөткөн болчу. Эгерде башка элдерде, мисалы, армяндарда ушундай инсаны болсо, алар эчак даңазалап көтөрүп кетмек.

Журналист Кыял Абдраманова Азамат Алтайдын эмгеги анын көзү тирүүсүндө бааланбай калганын, Азамат Алтай атындагы музей уюштуруунун зарылдыгын айтып, кыргыз радио журналисттери үчүн сыйлык берилсе дурус болоор эле деген ойдо:

- Көзү тирүүсүндө Азамат Алтайды кыргыздар эмгегин баалап, биз ал кишиге бир сыйлык, урмат көрсөтө алган жокпуз. Анан да кыргыз радио журналистикасында конкурс уюштуруп, ошол кишинин атындагы бир сыйлыктар уюштурулса дурус болмок, аты түбөлүккө калмак.

Кыргызстанда Азамат Алтайдын жээни Тойчубек Турганбаевдин, агабыздын жакшы санаалаштарынын демилгеси менен анын ысымындагы Эл аралык кайрымдуулук фондун уюштурулду. Азамат Алтайдын китепканасын ачуу, музейин уюштуруу, даректүү тасма тартып, ысымын түбөлүккө калтыруу демилгесин колдогондор көп.

Алыста жүрсө да жүрөгү Кыргызстан деп соккон

Согуш маалында туткунга түшүп калган Кудайберген Кожомбердиев (Азамат Алтайдын өз аты-жөнү) сталиндик тоталитардык замандын запкысынан айбыгып, мекенине кайтпай калганы менен Кыргызстандын эгемендүүлүгүн көксөп, чындыкты айтып турган.

Кудайберген Кожомбердиев кеңеш доорунда чыккынчы аталып, анын арты менен айылдаштарынын, жакындарынын, санаалаштарынын далайы куугунтукталып, ишмердүүлүгүнө, өмүрүнө зак кеткен.

Азамат Алтай өзү болсо эгемен өлкөлөрдө жашап жүрүп, Германияга, АКШга каттаган кыргызстандык маданият ишмерлери менен жолугууну эңсеп турса да, атайын кызматтар ага мүмкүндүк бербей, колго түшүрүү үчүн аңдып жүрүшкөн.

Азамат Алтай 1920-жылы 15-сентябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Кызыл-Чек айылында туулган. 15 жашында Түп районундагы зооветтехникумда окуп келгенден кийин комсомолдун Тоң райондук комитетинде жаш муундарды тарбиялоо бөлүмүндө иштеп жүрүп, 1940-жылы аскерге кеткен.

Улуу Ата Мекендик согуш маалында, 1941-жылы Литвада туткунга түшүп, уруш аяктаганга чейин фашисттик концлагерде болгон. 1945-жылы Батыш ынтымагынын аскерлери тарабынан боштондукка чыгарылып, Батыш Европада туруп калган.

Тактап кетүү зарыл болгон жагдай – Кудайберген Кожомбердиев эч качан «Түркстан легионунда» кызмат кылган эмес.
Азамат Алтай жубайы Сания менен. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз)

Азамат Алтай жубайы Сания менен. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз)


Кудайберген Кожомбердиев 1940-жылдардын аягында Батыш Европада жашап калган борборазиялык бозгундардын «Түрк эли» уюмунун ишмердигине активдүү катышкан. «Түрк эли» уюму Борбор Азиядагы советтик жумурияттардын көз карандысыздыгы, өз келечегин өзү аныктоо укугу, демократиялык болочогу үчүн күрөшүү максатын көздөгөн.

Ал 1950-жылдардан тартып Франция, Германия, Америкада кыргыздардын тарыхын, маданият-салтын изилдеген окумуштууларга жардам көрсөтүп, кыргызча булактарды англисчеге которуп, жалпы Батыштагы Борбор Азия элдерине тийиштүү адабиятты жалпылап, чоң каталог түзүүгө катышкан.

Азамат Алтай 1953-жылы баш кеңсеси Мюнхенде жайгашкан "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын кыргыз кызматына жумушка кирип, ошол жылдын 18-мартында «Азаттык» радиосунун тунгуч кыргызча берүүсүн обого алып чыккан.

Ошондон тартып ал өмүрүнүн 40 жылын «Азаттык» үналгысына арнаган.

Көзү тирүүсүндө маркум Азамат Алтай “Азаттыкка” берген маегинде Аскар Акаев мыкты илимпоз болгону менен өлкө башчысы катары жакшы иштей албай, кыргыз элине чыккынчылык кылып, Кытайга Үзөңгү-Куушту берип салганын учурунда сынга алган. Ошондой эле Курманбек Бакиев да Кыргызстанды кыйынчылыктарга кептеп салганын, бир туугандары, уулдары менен бийликти ээлеп, элди ойлобой калышканын сындаган.

Азамат Алтай 1995-жылы 24-августтан 11-сентябрга чейин эгемен Кыргызстанга сый конок катары келип, "Манас" дастанынын мааракесине катышкан. Түгөлбай Сыдыкбеков, Кусейин Карасаев, Жусуп Мамай сыяктуу кыргыз залкарлары менен жолуккан, дейт тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин.

Азамат Алтай 1988-жылы пенсияга чыгып, ошондон өмүрүнүн акырына чейин Нью-Йоркто жашап келген эле.

«Азаттык» үналгысынын түптөөчүсү, коомдук ишмер Азамат Алтай рак оорусунун айынан 2006-жылы 23-майда Нью-Йорк шаарында дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү өзүнүн керээзине ылайык, маркум жубайы Сания апанын Нью-Йорктогу кабырынын жанына коюлган.

Азамат Алтай агабыз көзү тирүү болсо быйыл 93 жашка чыкмак. Бирок шум ажал аганы арабыздан беш жыл мурун алып кетти. Аны көзү өткөндөн бери Кыргызстандагы акын-жазуучулар, жакын санаалаштары Азамат Алтайдын эмгеги учурунда жана азыркы мезгилде да татыктуу баасын ала электигин айтып, анын ысымын түбөлүккө калтыруу керектигин белгилеп жүрүшөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG