Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:52

Кыргызстанда миң адамга беш же жети донор гана туура келет. Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, миң адамга 40-60 донор туура келиши керек. Бул тууралуу Республикалык кан борборунун директору Бакыт Карабаев "Азаттыкка" берген маегинде билдирди.

“Азаттык”: Буга чейин ыктыярдуу донорлор азайып, ооруканаларда кан тартыштыгы сезиле баштаганы айтылып келген. Азыр бул багытта абал кандай болуп калды?

Бакыт Карабаев: Жылда жай мезгилинде бир аз көйгөйгө кабылабыз. Себеби, биздин активдүү донорлор деп эсептелинген жаштар, студенттер каникулга тарап кетишет. Экинчиден, кызматкерлердин көпчүлүгү эмгек өргүүсүнө чыгат. Үчүнчүдөн, көп жылдан бери Орозо айы жай мезгилине туш келгендиктен, көйгөй жаралып, кан тартыштыгы сезиле баштайт. Бейтаптардын саны азайбайт. Бирок донорлордун активдүүлүгү басаңдап калат.

“Азаттык”: Азыр кандын запасы канча?

Бакыт Карабаев: Бизде эки түрдүү запас бар. Бири канга муктаждарга, ал эми экинчиси өзгөчө кырдаал жаралган учурда, адамдар жапырт жараат алган кезде пайдаланылат. Маселен, жакында эле газ ташыган автоунаалар жарылып, көп адам жабыр тартпадыбы. Ушундай учурда канга муктаждык күчөйт. Биз мурдагы запастар менен абалдан чыгабыз. Бирок аны кайра толуктоо маселеси келип чыгат.

“Азаттык”: 6 миллион калкы бар мамлекет үчүн запаста канча кан болушу керек?

Бакыт Карабаев: Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун көрсөткүчү боюнча, миң адамга 40 - 60 донор туура келиши керек болсо, Кыргызстанда миң адамга беш же жети донор гана туура келет. Бул абдан төмөн көрсөткүч.

“Азаттык”: Башка мамлекеттерде кан донорлоруна жакшы мамиле жасалып, жеңилдиктер берилет экен. Бизде донор тартуу аракети көрүлөбү?

Бакыт Карабаев: Мыйзамга ылайык, бизде “ардактуу донорлор” айына миң сомдон жөлөк пул алат. Өнүккөн мамлекеттерде адамдар ыктыярдуу түрдө келип кан тапшырышат. Аларда бирөөгө жардам бериш керек деген түшүнүк күчтүү. Бизде болсо көп учурда тууган, жек-жааттарына кан керек болгон учурда келишет. Кыргызстанда жана коңшу мамлекеттерде элдин көз карашы, приоритети башкачараак. Бул жагдай социалдык маселелер, калктын жашоо деңгээли менен байланыштуу.

“Азаттык”: Сарык жана башка жугуштуу оорулар кан куюудан улам келип чыгууда деген маалыматтар бар? Муну көзөмөлдөө маселеси колго алынганбы?

Бакыт Карабаев: Абдан курч, кооптуу суроо. Кан берип жатканда жарандарга жугуштуу оорулар жукпайт. Анткени биз бир жолу колдонулуучу, таза медициналык каражаттар менен иштейбиз. Пакеттер кан тапшыруучунун көзүнчө ачылат. Ал эми бейтаптарга кан куйганда сарык жана башка илдеттер жугат дегенге кошулбайм. Себеби, кан жүз пайыз тестирлөө, текшерүүдөн өткөрүлөт. Куйганга уруксат деген тыянактан кийин гана дарылоо мекемелерине жиберилет. Кокус текшерүү учурунда кичине эле өзгөрүү болсо, жокко чыгарылат.

“Азаттык”: Донорлорго да катуу талап коюлат да?

Бакыт Карабаев: Сөзсүз түрдө. Алар бизге келгенде дароо эле кармап алып кан албайбыз. Толугу менен кароодон, лабораториялык текшерүүдөн өткөндөн кийин гана кан тапшырышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG