Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:38

Жогорку Кеңеш коррупция боюнча маалымат билдирген аткаминерге акчалай сыйлык берүү тууралуу мыйзамды кабыл алды.

Парламент жемкорлукту ашкерелеген адамга акчалай сыйлык берүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда тең колдоп, кол коюу үчүн президентке жолдоду.

Мыйзам долбоорун “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү, мурдагы баш прокурор Аида Салянова демилгелеп, беш депутат авторлош болгон.

Авторлордун бири Өмүрбек Текебаев мыйзам күчүнө кирсе ири коррупциялык схемалардын бетин ачууга өбөлгө болот деп ишенет. Айтымы, талап кылынган пара сотто далилденсе, анын 30 пайызы сыйлык катары маалымат жеткирген адамга берилет.

- Бул мыйзамдын максаты ири коррупциялык көрүнүштүн бетин ачкан адамдарга мотивация берүү. Аларды кызыктыруу үчүн пара катары алынган акчанын бир бөлүгү берилет. Мындан тышкары бул мыйзам чоң кызматта отуруп, мекемедеги жемкорлук тууралуу кабар берген адамдарды жоопкерчиликтен куткарат.

Башкы демилгечи Аида Салянова аталган мыйзам мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге гана тиешелүү экенин баса белгилейт. Анын ырасташынча, мыйзам күчүнө кирсе жеке адамдарга колдонулбайт.

- Бул мыйзамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштебегендерге тиешеси жок. Мыйзам ири мамлекеттик мекемелердеги коррупцияны азайтууга багытталган. Эгер аткаминер мекемесиндеги коррупциялык схеманын бетин ачса, ал сөзсүз түрдө колдоого алынышы керек. Айрымдар таза жетекчилер да курмандык болуп калышы ыктымал деп жатышат. Андай болбойт. Анткени тиешелүү кызматтар фактыны далилдейт. Эгер кызматкер жалаа жапкан болсо кайра өзү мыйзам алдында жооп берет.

Мындан тышкары аталган мыйзамда коррупцияны ашкерелеген адамды мамлекет үй-бүлөсү менен коргоого алары, юридикалык жардам акысыз берилери жана иштен алынбашына үч жылга мораторий киргизилери жазылган.

Бийлик мыйзамды кыянат колдонобу?

Оппозициялык саясатчы, экс-баш прокурор Азимбек Бекназаров мыйзам долбоору жазылгандай иштебейт деген пикирде. Анын ою боюнча, бийлик бул мыйзамды оппоненттерин камоо үчүн кыянат колдонушу мүмкүн.

- Бийлик пара талап кылды деп жалган жалаа менен айрым жетекчилерди камашы мүмкүн. Бул популисттик мыйзам. Үстүңөн арыз түштү деп коркутуп-үркүтүүгө, шантаж кылууга негиз болот. Бул өз кезинде укук коргоо кызматтарында коррупцияны күчөтөт.

Кыргыз коомун акча үчүн баалуу маалымат айттыруу кыйын. Мындай пикирин коррупция темасы боюнча эксперт Эркайым Мамбеталиева билдирди. Анын жүйөсүндө Америка, Европа өлкөлөрүндөгү жарандар коррупциялык көрүнүштөр тууралуу сыйлык бербесе деле айтат. Андыктан жарандарды соодалашуу жолу менен эмес, паракорлор тууралуу өз эрки менен маалымат берүүгө көндүрүүнү сунуштайт.

- Бул жерде психологиялык фактор да маанилүү. Сыйлык берип же коргоого алып койсо эле коррупция ашкереленип калбайт да. Өнүккөн мамлекеттердин жарандары мыйзамсыз ишти тиешелүү органдарга айтууну милдетиндей эле көрүшөт. Аларга эч кандай сыйлык деле берилбейт. Бизде болсо андай адамдарды чыккынчы катары көрүшөт. Ошондуктан аң-сезимди өзгөртүшүбүз керек.

Кыргызстанда 2010-жылдан кийин коррупцияга каршы аёосуз күрөш жүрөрү айтылган. Байкоочулардын баамында, иш жүзүндөгү күрөш тандоо жолу менен жүрүүдө. Мындан улам кеңири тамыр жайган паракорчулукту маалымат бергендердин жардамы менен азайтуу мүмкүн эмес дешет эксперттер.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Уланбек Эгизбаев

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы, “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасы үчүн иликтөөлөрдү жасайт. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. 2016-жылы дүйнөлүк Webby Awards (Интернет-Оскар) сыйлыгын алган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG