Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:45

“Ачык бюджет” интернет порталы Кыргызстандын бюджеттик каражаттарынын мамлекеттик мекемелерде сарпталышын жарыялады. Ага ылайык, Каржы министрлигинин быйылкы жети ай ичиндеги эле чыгымы бүтүндөй парламенттин бир жылдык бюджетинен ашып түштү.

Мамлекеттик мекемелер бюджеттик каражатка кандай мамиле жасашат, айрым мекемелерде кыскартуулардын жүрүшү өз жыйынтыгын берип жатабы? Бул суроолорду экс-депутат Өмүрбек Абдрахмановго узаттык.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, Каржы министрлиги жети айда 900 млн сом короткону маалымдалды. Министрлик муну бир гана борбордук аппарат эмес, бүтүндөй каржы тутумунун чыгымы катары түшүндүрмө берүүдө. Ошентсе да 1100 адамга бул каражат көппү же нормалдуу көрүнүшпү?

Абдрахманов: Биздин бюджетибиз болгону 2 млрд. доллар. Бул каражатты тейлеш үчүн миңден ашык адамдын кереги жок. Бирок биздин бюджетибиз жана бийлигибиз борборлоштурулганынан улам чиновниктер өтө эле көп болуп атат. Себеби бардык салык, финансы Бишкекке чогулуп, андан кийин гана аймактарга бөлүп беришет. Биздин айыл өкмөттөрдүн 90 пайызы дотацияда отурат. Ошон үчүн Финансы министрлигинде аябай көп адам отуруп алып, акча бөлүштүрүү менен алек.

Парламент 50 пайызга унааларды кыскарттык деп элди алдап жатат. Анткени бул машинелер башка бир мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилди. Демек мамлекеттин акчасы кыскарган жок.

“Азаттык”: Көпчүлүк бийлик бутактары өз бюджетин кыскартып, мамлекет акчасын сарамжалдуу колдонуп жатабыз деп айткан учурларга күбө болуудабыз. Ушундай билдирүүлөр иш менен канчалык шайкеш келип жатат?

Абдрахманов: Бул билдирүүлөр сөз менен элди алдоо. Эсиңиздерде болсо керек, Акаевдин маалында аткаминерлер 10 пайыздан үч жолу, жалпы жонунан 30 пайызга кыскарган. Бакиевдин учурунда 15 пайыздан эки жолу кыскарган, демек жалпысынан эки бийликти кошкондо 60 пайыз болду. Буларга кошумча Атамбаевдин учурунда да эки жолу чиновниктерди кыскартып ийишти. Демек азыр бир да аткаминер калбай, 90 пайызы кыскарышы керек эле. Бирок факты жүзүндө аткаминерлер көбөйгөндөн көбөйүп келатпайбы.

Дагы бир мисал келтирейин. Акаевдин учурунда президент баш болуп чоң кызматкерлерди 350 мамлекеттик күзөт кызматкери кайтарууга алчу. Бакиевдин учурунда 650 киши иштесе, азыркы президенттин учурунда миңге жакын күзөтчү иштеп жүрөт.

Унаа токтотуучу жай, пансионат, иш башкармалык булардын бардыгында жүздөгөн адамдар иштейт, бирок эмне иш кылып жатканын түшүнбөйсүң.

Өкүнүчтүүсү, бизде чиновниктер эч нерсе чечпейт. Дыйкандар өз оокатын өзү кылып жатат, бусиктер өздөрү эле жүрүп, бизнесмендер өздөрү эле турмушту таңдан кечке чейин жасап жатат. Ал эми бийлик эч кандай реформа жасабай, тескерисинче бизнеске тоскоол кылып отурат.

“Азаттык”: Жогорку Кеңештин бюджетине кайрылсак, парламент быйыл 100 миллион сомду үнөмдөп, бир жылдык каржылоосун 770 млн сомго кыскартып отурат. Сиз дагы буга чейинки чакырылышта парламенттин бюджетин оптимизациялоо тууралуу көп демилге көтөрдүңүз эле. Азыр эми Жогорку Кеңештин кыскартууга барганына кандай баа бере аласыз?

Абдрахманов: Биз демилгелеген кыскартууларда анын мааниси башка болчу. Анда парламент бюджетин 30 пайызга кыскартып, аны мамлекетке өткөрүп берип, калганын оптимизация жасоо болчу. Ошол эле учурда кереги жок мүлктөрдү сатуу керек эле. Алсак, унаа токтотуучу жай, пансионат, иш башкармалык булардын бардыгында жүздөгөн адамдар иштейт, бирок эмне иш кылып жатканын түшүнбөйсүң.

Мына азыр парламент 50 пайызга унааларды кыскарттык деп элди алдап жатат. Анткени бул машинелер башка бир мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилди. Демек мамлекеттин акчасы кыскарган жок, себеби ошол эле машина айдоочусу менен жүрөт, мамлекет ал унаага май куюп берип жатат. Ошондуктан парламенттин азыркы кыскартууга бардык деген сөзү – элди алдоо жана маскаралоо болуп эсептелет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG