Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:53

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча постсоветтик чөлкөмдөгү өлкөлөр ичинен Кыргызстанда энелердин өлүмү эң көп катталат.

Кыргызстанда ар бир 100 миң аялдын 76сы төрөт учурунда жан берет.

Эл аралык уюмдун иликтөөсүнүн жыйынтыгын өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги да четке какпайт. Министр Талантбек Батыралиев мындай кырдаалды бир нече себеп менен байланыштырды:

- Албетте, абалдын мындай болушу, бул сандар бизге оор тиет. Бирок акыркы беш жылдагы статистиканы карап көрсөк, эне жана баланын өлүмүнүн көрсөткүчү боюнча мурдагы жылдарга салыштырмалуу стабилдүү түрдө жакшыруу байкалып жатат. Биз буга карабай эл аралык уюм менен кызматташып, абал боюнча бардык маалыматты ачык-айкын, жаап-жашырбай берип жатабыз. Акыркы маалыматтарды да биз бергенбиз. Ошондуктан башка өлкөлөргө караганда, жогору болушу мүмкүн. Кылынып жаткан иш-чаралар жетишсиз экенин түшүнөбүз жана дагы абалды жакшыртуу боюнча аракетти көрүп жатабыз. Эне менен ымыркайлардын өлүмү социалдык көп тармактуу маселе.

Министр Батыралиевдин айтымында, төрөт учурундагы энелердин өлүмүнүн көп болуп жатканын эң ириде кыз-келиндердин өз саламаттыгына кам көрбөгөнү да себеп болууда:

Талантбек Батыралиев

Талантбек Батыралиев

- Тилекке каршы, биз төрөттөн каза болгондорду анализдеп көргөндө, алардын көпчүлүгү мурда аз кандуулуктан жабыркап жүргөн аялдар болуп чыгат. Экинчиден, ички миграциядан улам көпчүлүк аялдар каттоодо турбайт, дарыгердин көзөмөлүнө алынбайт. Качан ооруп, өтүшүп баратканда ооруканага келишет. Бул туура эмес.

Буга карабай Талантбек Батыралиев эне жана баланын өлүмүн азайтуу боюнча жылыштар байкалып жатканын билдирүүдө.

Ал белгилегендей, быйыл биринчи жарым жылдыкта төрөт маалындагы эне өлүмү боюнча көрсөткүч былтыркыга салыштырганда 9% кыскарган. Былтыр өлкөдө 62 эне төрөт маалында ажал тапкан.

Ошентсе да төрөт учурундагы кайгылуу окуялар үчүн дарыгерлерди күнөөлөгөндөр да арбын. Маселен, Бишкектин тургуну Чынара Абылгазиева мындай абалды өз башынан өткөргөнүн айтууда:

- Дарыгерлер өз учурунда жакшылап карабай койгон учурлар көп эле. Мисалы, жакында эле менин кызым бешинчи жолу төрөдү. Ал өзү эле төрөйт деп таштап коюп, баланын тону калып калыптыр. Бир топ кыйналдык. Догдурлар өз милдетине кайдыгер мамиле кылгандыктан кыз-келиндер каза болуп калган учурлар бар.

Төрөттөн каза болгондорду анализдеп көргөндө, алардын көпчүлүгү мурда аз кандуулуктан жабыркап жүргөн аялдар болуп чыгат.

Ымыркайлар менен энелердин өлүмүнө медициналык мекемелер себепкер болуп калган учурлар бар экенин мурдагы вице-премьер-министр, медицина илимдеринин доктору Гүлнара Асымбекова да билдирди:

- Эң өкүнүчтүүсү - энелердин өлүмү үйдө же төрөтканага алыс аймактарда эмес, медициналык жайларда катталып жатканы. Балким, өз үйүндө көз жарып, каза болгон бир-эки учур болгон чыгаар. Бирок негизинен төрөттөн ооруканада өлүп жатышат. Бул жаатта кош бойлууларга жардам көрсөтүү боюнча уюштуруу иштерине абдан олуттуу мамиле кылуу зарыл.

Айнуру Алтыбаева

Айнуру Алтыбаева

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаеванын пикиринде, адамдар да өз ден соолугуна жакшы кам көрүп, үй-бүлөлөр жоопкерчилигин сезиши керек:

- Эненин, баланын ден соолугу жакшы болушу үчүн үй-бүлө жакшы болушу керек. Бардык нерсе үй-бүлөдөн башталат, үй-бүлөнү бекемдөө зарыл. Чынын айтканда, акыркы жылдары үй-бүлө институту жабыркап, миграция жана башка маселелерден улам өз ден соолугуна кам көрбөгөн, балдарын карабаган адамдар пайда болбодубу. Ошондуктан, ушул жаатта да комплексттүү чараларды көрүшүбүз керек.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен ар бир 100 миң эненин ичинен Түркмөнстанда 42, Өзбекстанда 36, Тажикстанда 32, ал эми Казакстанда 12си көз жумары аныкталган.

Кыргызстандагы төрөтканалар тууралуу Бишкек шаарынын тургундарынын пикири:

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG