Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

Чаткал: чек ара кайтарылбай калды


Чаткалда өзбек чек арачылары кыргыз тарапка жылып алды деген жерди ушул тушта райондук комиссия текшерип жатат.

Буга чейин жергиликтүү тургундар Өзбекстан Кыргызстандын аймагына 300 метрдей кирип, 200дөй чакырым тилке жана корук убактылуу кайтарылбай каларын айтып, парламентке кайрылган болчу.

Чек арачылар шарттын жоктугунан суук түшкөн маалда тозотту айылга көчүрүп келүүгө аргасыз экенин айтууда.

Чаткал чек ара тозоту негизинен Өзбекстан менен чектешкен 220дай чакырым жерди кайтарат.

Ала-Букадагы чек ара аскер бөлүгүнүн ордо зардалысы Кыялбек Төлөнбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, анын 150дөй чакырымы аска-тоо, ашуу аркылуу өтөт.

Жайдын күнү чалгын топтор ашууларды маал-маал текшергени менен кыш келгенден тарта жолдун баары жабылат. Ошондуктан тилкенин баарын такай кайтаруу мүмкүн эмес. Суук түшкөндө тозот 80 чакырымдай бери - Ак-Таш айылына көчүп келет экен:

- Жайык жерге жайдын күнү Найза-Сай чек ара тозоту коюлат. 300 чакырым жылып кетти деген жерге баруу үчүн үч ашуудан өтөт. Ал ашууларда бүгүнкү күндө 30 сантиметрдей кар жатат. Кар жаткан, шагылдуу жерлерден ат менен да өтүү мүмкүн эмес. Тик учак менен кыдыруу үчүн Өзбекстан менен макулдашуу зарыл. Себеби чек арага жакын жерге тик учак коноордо Өзбекстан тарап менен сөзсүз макулдашуубуз керек.

Төлөнбаевдин айтымында, өзбек аскерлери өздөрүнүн туругуна каттаганда Кыргызстандын аймагындагы Совет доорунда курулган көпүрөнү колдонот. Кошуна өлкөнүн чек арачылары жылып алды деген сөздөр ушуга байланыштуу чыгып жатат:

- Өзбекстандын жоокерлери өзүнүн аймагына өтүү үчүн Кыргызстандын аймагына кирип, Чаткал дарыясындагы көпүрөдөн өтүп, өз аймагына барат. Каналды айланып, 300 метр кирип чыккан жерди биздин эл өзбек чек арачылары бери көздөй жылып алды деп айтып жатат окшойт. Чындыгында ал биздин эле жер. Бул жер 2006-жылы эле Ташкентте мамлекеттер аралык комиссиянын жыйынында такталганы тууралуу протоколго кол коюлган. Бир гана ал жерге азырынча чек ара момолору коюлган эмес.

Акташтыктар чек ара тозотун Арап деген жерге которуу демилгесин көтөрүп жатат. Төлөнбаев аскерлерди ал жерге жайгаштырууга болбой турган себептерин санап берди:

- Биз турган жерден алтымыш чакырым ары Арап деген айылдын орду бар. Шарттын жоктугунан 70-жылдары эле бул айылдан эл толугу менен көчүп кеткен экен. Чек ара тозотун ал жерге которуш үчүн жол керек. Ал жерде мурдагы эски жолдун орду да жок. Бир капталы аска зоо, экинчи капталынан Чаткал дарыясы агып турат. Жайдын күнү өтүп баратып сууга түшүп, кийимдерибизди агызган күндөрүбүз болгон.

Биздин коопсуздугубузга эч ким кепилдик бере албайт. Шарт түзүлгөндөн кийин гана жоокерлерибизди жибере алабыз. Жөн эле алып барып, чатырларга жайгаштыра албайбыз. Өзүңөр деле көрүп жатпайсыңарбы, кыйынчылыктын айынан чек арачылар бири-бирин атып, өзүн аскан окуялар болуп жатат. Ошондуктан элдин талабы менен эле Арап айылына барып турууга мүмкүнчүлүгүбүз жок.


Чек арачылар 19-октябрда Ак-Таш айылынын тургундары менен жолугуп, аларды дооматын укту, өз жүйөлөрүн келтирди. Айылдыктар чек арачылардын эрте келип алганына нааразы болуп жатат:

- Корукка май айынан бери бир да адам бара элек. Эми чек арачылар да ал жерди таштап баса берди. Өзбекстан биздин аймакка ачык эле өтүп жатат. Ошол жерде тозот жайгашкан беш бөлмөлүү эки там бар экен. Кар жааганча тура турсаңар болбойт беле?

Акташтыктарга Чаткал районунун акими Акматбек Таласбай уулу да барды. Аким “Азаттыктагы” маегинде мурда кен иштетилген жерлерге инвесторлор табылса, жол салынып, аскерлер чек арага жакын көчүп бармак деди:

- Коруктун аймагы 120 миң гектар. Ал жерде чайкап алуу жолу менен алынган алтын бар. Өкмөт ошол жерден 4 миң гектар жерди иштетүүгө берсе, Союздун учурунда салына баштаган жолду салуу уланат эле. Арап участогуна чек ара тозотунун бир бөлүгүн жайгаштырсак корук да кайтарылып калат эле.

Чаткалдагы бул маселе парламентке да жеткен. Тиешелүү комитеттеги талкуудан кийин мекемелер аралык комиссия түзүү чечими кабыл алынган.

Ушул тушта 9 адамдан турган райондук комиссия жергиликтүү чек арачылар менен бирге Өзбекстан жылып кирип алды деген жерди текшерүүгө жөнөп кетти.

Жазында өзбек чек арачылары Чаткал коругундагы токойчуну кармап кеткен. Ушундан улам башка токойчулар да баруудан коркуп, корук да таптакыр кайтаруусуз калды.



Чаткал: чек ара кайтарылбай калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:12 0:00

XS
SM
MD
LG