Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:31

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын бөлүп турган райондордун бири Ала-Бука Наманган облусу менен жанаша жайгашып турат. Чек аралардын такталып бүтө электигинен улам улагалаш жашап, кыз алышып, кыз беришкен бул эки элдин тиричилиги бүгүн шайма-шай деп айтууга болбойт. Өзбекстан чек араны бир тараптуу жаап койгондуктан кошуна эл бири-бирине ээн-эркин каттоо да кыйын.

Райондогу Ак-Там айылынын аялдар комитетинин төрайымы Надира Токтобаева бүгүнкү күнү Өзбекстандан Кыргызстанга, же тескерисинче Кыргызстандан Өзбекстанга келин болуп түшкөн аялдар төркүнүнө каттай албай кыйналып жатканына кабатыр:

- Өзбекстандан бизге же бизден ал жакка турмушка чыккан кыздар бар. Азыр ошолор төркүнүнө каттай албай, чек арадан жашырынып өтүүгө аргасыз болуп атышат. Чек арадан жок дегенде ошолордун аты-жөндөрүн каттап алып деле эки жакка эркин өтүп турушуна шарт түзүп беришсе жакшы болот эле.

Надира айымдын айтымында, ушул тапта Өзбекстандан келин болуп келген 70 эне балдарына жөлөк пул ала алышпайт:

- Бизге Өзбекстандан келин болуп келген энелер балдарына жөлөк пул ала алышпай кыйналышууда. Себеби алардын паспорту Өзбекстандыкы, жарандыктан чыгышкан эмес, чыга алышпайт экен. Аларга бизден жер үлүшү да бөлүнгөн эмес. Колдорунда жок, кыйналып жашашат, бизге жардам сурап келишет. Колдон келген жардамыбызды берип жатабыз. Буларга Кыргызстандын паспортун алууга, балдарына жөлөк пул берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлсө жакшы болот эле.

Чатак суудан чыгат

Чек ара демекчи коңшулаш жайгашкан Өзбекстандын Наманган облусунун жана Ала-Бука районунун тургундары бир суудан суу ичишет. Ушундан улам аймакта суу талашып чырдашкан учурлар да болбой койбойт. Ошентсе да Өзбекстанга бөлүнгөн тиешелүү сууну үзгүлтүксүз берүүгө аракет кылабыз дейт Ак-Там айыл башчысы Мейманбек Мыктыбеков:

- Сууну аларга тиешелүү пайызын бөлүп беребиз. Токтотуп койо албайбыз, келишим бар. Биз бөлүп беребиз, алардын мураптары чек арадан ары элине өздөрү үлөштүрөт. Бизге да жергиликтүү эл “өзүбүзгө жетпей атса, эмне аларга сатып атасыңар?” деп нааразы болушат, бирок келишимдин негизинде үзгүлтүксүз беребиз.

Кыргызстандын Ак-Таш жана Өзбекстандын Октом айылдарын ушул бетон арык бөлүп турат

Кыргызстандын Ак-Таш жана Өзбекстандын Октом айылдарын ушул бетон арык бөлүп турат

Райондогу Көк-Терек каналы Ала-Буканын үч айыл округунун айдоо аянттарын сугарып, андан ары Өзбекстанга кетет. Бирок көбүнчө суу орто жолдон түгөнүп, ар кандай нааразылыктар чыга бергендиктен, БУУнун өнүктүрүү программасынын жергиликтүү ыктыярчысы Мирзапар Мамбетов каналдын Өзбекстанга чейинки бир чакырым аралыгын бетондоону сунуштап, эл аралык уюмга кайрылган. Маектештин айтымында, бул аймактагы сугат суу маселесин аздыр-көптүр чечүүгө мүмкүнчүлүк берет:

- Чанач-Суу айылынан келген суу райондун үч айыл округунун 5400 гектар жерин сугарып, андан ары Өзбекстанга кетет. Бирок келген суунун көлөмү мынча аянтты сугарууга жетпейт. Анткени каналдардын жээгинен сууну ар кайсы тарапка каалагандай буруп кете берүүгө оңой. Адамдар короосун сугарганы да арык ачып алып атышат. Ошондуктан биз каналды бетондоп, суунун үзгүлтүксүз айдоо аянттарына жетүүсүн шарттап берели деп чечтик. Буйруса долбоор ишке ашканы турат, жакында каражат бөлүнгөнү тууралуу кабар алдык.

Жаштар жана ынтымак

Район акиминин орун басары Алчагүл Үсөнбаеванын айтканына караганда, 2010-жылкы июнь окуясынын алдында эки улуттун ортосунда араздашуу Ала-Букада башталып, тилекке жараша сүйлөшүүлөрдүн арты менен кан төгүүсүз токтотулган. Ушундан улам бүгүнкү күнү жергиликтүү эл улуттар маселесине өтө этияттык менен мамиле жасайт.

Улуттар уюмунун “Тынчтык жана өнүгүү” программасынын жардамы менен түзүлгөн Алдын алуу борборуна райондогу кыргыз-өзбек жаштары бирдей тартылган. Аталган борбордо ыктыярчы болуп жүргөн Самандар аттуу өзбек жигитти кепке тартканыбызда ал бул борбор аркылуу дүйнө таанып, келечекте АКШ, Англия сыяктуу өлкөлөрдө окугусу келгенин айтып берди:

- Мен 6-класска чейин өзбек класста, андан кийин кыргыз класста окудум. Азыр студентмин. Өзүмдүн дүйнө таанымымды өстүрөйүн деген максатта бул жакка келип, долбоорлор менен иштеп жатам. Борбордо интернет бар, кызыктуу. Азыр талаа иштери күчөгөнүнөн улам бул жакка каттаган жаштар азыраак. Күз, кыш айларында келсеңиз, бул жерде кыргыз-өзбек жаштары көп экенин өз көзүңүз менен көрөт элеңиз.

Соолуп бараткан Көк-Терек

Соолуп бараткан Көк-Терек

Жергиликтүү серепчилердин айтымында, акыркы убактарда жаштарды сыртка кетирбей элетте алып калуу аракеттери өз натыйжасын бере баштады. Буга аймакта алтын казуу иштери жүрө баштаганы чоң себеп, кен иштеткен чет өлкөлүк ишканаларга айылдык жаштарды орноштуруп, жумуш менен камсыз кылууга кеңири мүмкүнчүлүк ачылууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук жаштар борборунун башчысы Эрнис Маматов билдирди:

- Биздин жаштар борборунда ПРООНдун жардамы менен атайын компьютер, чет тил үйрөтүүчү курстар ачылган. Бир жарым жылдан бери биздин курстардан 1300 улан-кыз окушту. Алардын айрымдары “Газпром” ишканасында, Кыргызалтын акционердик коомунда компьютер адиси, дагы бирөө эсепчи болуп иштеп атышат. Жакында эле мен өзүм сүйлөшүп, алтымыш баланы “Фулд голд майнинг” ишканасына жумушка киргиздик. Ушундай эле сүйлөшүүлөр “Казахмыс” кен иштетүүчү ишкананын жетекчилиги менен да жүрүп жатат.

Ала-Бука районунда сегиз айыл округу бар. Акыркы эл каттоонун көрсөткүчү боюнча аймакта жашаган элдин 62% кыргыз, 33% өзбек улутундагылар жана 5% тажиктер түзөт. Ар кандай булактарда Өзбекстан менен Кыргызстандын Наманган облусу менен Ала-Бука райондорун бөлүп турган чек арада башы ачыла элек кырктан ашык орток аймак бар экендиги айтылып келатат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG