Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:28

Кытайлык ишкерлер эшек бизнесине кызыкты


Кыргызстанда негизинен эшек аяк улоо үчүн колдонулат. Ага араба чегип, суу, чөп же жүк ташыйт.

Кыргызстанда негизинен эшек аяк улоо үчүн колдонулат. Ага араба чегип, суу, чөп же жүк ташыйт.

Ушул күндөрү кытайлык ишкерлер эшек бизнеси боюнча Кыргызстанды кыдырып жүрөт. Кыргыз өкмөтүнүн билдиришинче, экспорт боюнча эки өлкөнүн ортосунда тиешелүү макулдашуулар бар.

Буга чейин коңшу өлкөгө мыйзамдуу жол менен эки миңге жакын эшек жөнөтүлгөн. Анткен менен кыргыз коомчулугунда эшек бизнеси боюнча пикир бир кылка эмес. Арам деп жерип ачык каршы чыккандар көп жана мыйзам менен тыюу салуу тууралуу демилге да көтөрүлгөн. Айрым адистер Кыргызстан Советтер союзунун тушунда деле Европага эшек этин экспорттогон учурлар болгонун, азыр деле жөнгө салып пайда көрсө болорун белгилешүүдө.

Эшек издеген кытайлар

Ушул тушта Кытайдан келген ишкерлер тобу Кыргызстандын мал-жандык көп багылган аймактарын кыдырып, эшек бизнесине байланышкан абалды байкап жүрөт.

Эшек минген балдар.

Эшек минген балдар.

Чет өлкөлүк бизнесмендердин өкүлү Самара Алиеванын айтымында, эшектин терисинен Кытайда кымбат баалуу дары-дармек жасалат. Мындан улам чет өлкөлүк ишкерлер жылына миңдеген эшек сатып алууга жана аларды тирүү алып кетүүгө кызыкдар:

- Кытай чектеш мамлекеттерден эшек сатып алып келгиле деп атайын чоң суммадагы акча бөлүп берген. Мурун Кытайдын өзүндө эшек көп болчу. Азыр ал жакта эшектин саны кескин азаюда. Ошондуктан жакынкы мамлекеттерден сатып алуу керек болуп, инвесторлор келип жатат. Бирок керектүү санда эшек жок болууда. Эгер атайын фермалар бар болсо, ошол фермалар менен иштешсек жакшы болмок.

Экспорт боюнча макулдашуу бар

Кыргыз өкмөт өкүлдөрү Кытайга эшектин экспорттолушу мыйзамдуу экенин айтышат. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумакановдун “Азаттыкка” билдиришинче, кыргыз-кытай өкмөттөрү ортосунда тиешелүү документтерге кол коюлган. Буга чейин эшек экспорттоо боюнча эки компанияга уруксат берилген:

- Бул боюнча кыргыз-кытай өкмөттөрү 2008-жылы эле келишимге кол койгон экен. Андан кийин протокол түзүлүп, 2015-жылы протоколдук келишимге да кол коюлган. Бул деген мал. Бирөөнүн менчик малы. Бирөө сатат, бирөө сатып алат. Бул деген эл аралык макулдашуулардын баарында жүрөт. Эшек, качыр дегендер жылкы тукумуна кирет. Бизден буга чейин эки компания уруксат сураган. Биз аларга уруксат бергенбиз. Баш-аягы 1700 башка уруксат бергенбиз. Алып чыгып кетишкен. Андан кийин эч ким уруксат сурай элек. Эпизоотикалык абал жакшы болсо, ветеринардык талаптардын баары сакталса, алып кете беришсин да. Болгону биз союп алып кеткенге уруксат берген жокпуз. Болбосо союп, этин көрүнгөн жерге таштап, анын баары Интернетке чыгып ызы-чуу болот экен. Тирүүлөй алып кетебиз десе биз уруксат бере беребиз.

Былтыр Ноокатта табылган эшек ферма.

Былтыр Ноокатта табылган эшек ферма.

Кыргызстанда эшек багып экспорттогон үч фирма бар болсо, анын экөө кытай ишкерлерине таандык экени маалым. Кыргызстандагы өндүрүшчүлөр жана ишкерлер бирлигинин жетекчиси Жыргалбек Сагынбаевдин пикиринде, коомчулукка туура түшүндүрүп, мындай бизнести колдоо керек:

- Биздин экологиябыз аябай таза. Ошондуктан бизде багылган эшектер да таза. Бул деле жылкы-кой сыяктуу эле жаныбар. Болгону союп, терисин сыйрып, этин жолго таштап салган учурларда эл буга нааразы. Чоңураак ферма куруп, бактырып, ошонун баары Кытайга ташыла турган болсо, анда эч кандай проблема болбойт. Соода-сатык тармакка кирип жаткандан кийин бул кадимкидей эле товар. Ошондуктан алып жаткан киши дагы туура түшүндүрүп, мен ушундай жол менен алып кетем десе эч ким деле каршы болбойт. Болгону коомдук пикирди айрым чала молдолор гана бузуп коюп жатат.

"Совет мезгилинде да эшек сатканбыз"

Эшек сатып пайда табуу тууралуу пикирге академик Жамин Акималиев да кошулат. Ал Советтер Союзунун тушунда Кыргызстан Европага эшек экспорттогонун эске салды:

Эшек дүбүртү эми Ноокаттан чыкты

Жүздөп эшек баккандар эми Ноокат районунан табылды. Буга нааразы болгон жергиликтүүлөр айылдашынан эшек чарбасын токтотууну талап кылышууда. Болбосо алар ишкердин короо-жайын өрттөп саларын айтып коркутушууда.

- Совет доорунда эшектин саны канча экени статистикада көрсөтүлчү эмес. Бирок эшектер бар болчу. Ошол кезде Кыргызстанга Италиядан атайын заказ түшүп, бизге жогору жактан жашыруун буйрук берилип, биз эшектин эттерин билгизбей даярдап, Советтер Союзунун атынан Италияга жиберип, бир топ акча түшкөн. Ошондуктан бул маселени кеңири караса болот. Азыр эми бизде 20 миң, 40 миң эшек бар деп жатат. Эгер Кытайдын акчасы болуп, ушундай бизнеске кызыгып жатса ызы-чуу кылбай эле жакшылап ойлонуп көрүп бир жолго салса болот. Атайын бирөөгө тапшырып, бир жерге топтоп багып пайдасын көрсө болот. Бул деле мал да. Кээ бир өлкөлөрдө эшек этин дары катары да көрүшөт экен. Азыр эми эшек баксак, сатсак эшектей болуп калабыз деген мааниде сөз болуп, улуттук намыс катары көрүп жатышпайбы. Анан калса саясатташтырып да жиберишти.

Эшек бизнеси байытпайбы?

Бирок эшек бизнесин арам деп жерип каршы чыккандар четтен чыгат. Былтыр Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаттары Нуркамил Мадалиев менен Турсунбай Бакир эшек сойгондорду жазалоочу мыйзам долбоор даярдап коомдук талкууга койгон. Мадалиев эшек бизнесине караманча каршы:

- Моралдык жактан алганда бул, албетте, жакшы эмес. Өзүбүз арам деп эсептеген жандыкты сатып аткан болсок бизге жакшылык деле алып келбейт. Ушул критерий менен караганда муну токтотуш керек. Кара курсакты башка жолдор менен деле тойгузса болот. Бизде эшекти сатып байып кете турганчалык деле көп эмес. Алла таала деле кайсы жаныбарды кандай кылып берүү керектигин билет окшойт. Мисалы, ит көп тууганы менен койдой болуп көбөйбөйт. Койду болсо күндө союп жейбиз. Ошондуктан эшек сатып байып кетебиз дегенден алыс эле болушубуз керек. Күнүмдүк нерселер менен жашай берсек келечегибизди жоготуп албайбызбы.

Кыргызстанда эки жыл мурда эшек этине байланыштуу бир топ чуу чыккан. Былтыр Бишкектин четинде эшек союлган касапкана бар экени маалым болгон. Эшек эти коомдук тамактануу жайларына ташылат деген да сөздөр чыккан. Касапкананын кожоюндарынын эшек эти чет өлкөгө экспорттолот деген түшүндүрмөлөрү көпчүлүктү ынандырган эмес. Ошто быйыл эшек багылып жаткан фермаларга жергиликтүү эл ачыктан-ачык каршы чыгып, башка жакка көчүрүп кетүүнү талап кылышкан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG