Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:10

Кыргызстан Кытайга айрым ашыкча өнөр жай ишканаларын Ала-Тоого которуп келүүнү сунуштады.

Экономика министрлиги эгер бул сунуш ишке ашса, жабылган завод-фабрикалар кайра ачылат, жарым-жартылай иштеп жаткан өнөр жай ишканалары жанданат деп үмүттөнүп турат. Анткен менен өкмөттүн мындай демилгеси коомчулукта чочулоо жана талкуу жаратты.

Кытайдагы ашыкча айрым өндүрүш жайларды Кыргызстанга которуп келүү тууралуу сүйлөшүү былтыр жыл этегинде башталган. Алгач 2015-жылы декабрь айында ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев Бээжинге иш сапар менен барганда сөз болгон. Быйыл Орусиянын Москва шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин министрлеринин жолугушуусунда да талкууланган.

Экономика министрлигинин бөлүм башчысы Зайнидин Жумалиев бул багытта атайын жумушчу топ иштеп жатканын “Азаттыкка” айтып берди. Кыргыз өкмөт өкүлдөрү жакында эле Кытайда ишкерлер, бийлик өкүлдөрү менен жолукканда жабылып калган жана чала иштеп жаткан 40тай ишкананын тизмеси берилгенин маалымдады:

- Чүйдө, Ысык-Көлдө жана дагы башка региондордо жүгөрүнү кайра иштеткен, кумшекер чыгарган, курулуш материалдарын, электротехника чыгарган ири заводдор чоң аймактарды ээлеп иштебей турат, айрымдары чала иштеп жатат. Кытайдан ишкерлер, өкмөт өкүлдөрү келгенде ушул - завод-фабрикалардын баарын көрсөтөбүз. Буюрса ишке ашып калса эл жумуш менен камсыз болот, салык түшөт, ири инвестиция келет, Кыргызстанда өндүрүлгөн продукция катары экспортко кетет. Ошондуктан биз азыр муну ишке ашыралы деп билек түрө киришип жатабыз.

Жумалиев кытай инвесторлорун Кыргызстанда жумушчу күчтүн, электр энергиясынын арзандыгы, мыйзамдар либералдуулугу жана салык системасынын ыңгайлуулугу менен кызыктырып жатышканын кошумчалады.

Анткен менен айрым адистер буга чейин тажрыйбадан улам этият болууну эскертип жатышат. Экономист Кубанычбек Идиновдун баамында, коомчулукта өлкөнү кытай жарандары каптап кетти, түшкөн пайда теңме-тең бөлүнбөй калды, улуттук кызыкчылык эске алынган жок, экологияга зыяны тийди дегендей нааразылык чыкпашы үчүн атайын мыйзамдар кабыл алынышы керек:

- Казактар көтөрүлгөндөй болуп, биздин эл да чуулдап чыкпашы үчүн эки негизги нерсени мыйзам менен бекемдеп коюу керек. Биринчиси - кытай жарандары көбөйүп кетпеши үчүн канча жумушчу алып келсеңер, ошонун баарын алып кетесиңер деп чектеп квота кылып коюшубуз зарыл. Экинчиси - ишканалардын баарын биргелешкен ишкана кылып, үлүш теңме-тең бөлүнгөн шарт болушу керек. Эгер ушул жактары так чечилсе, экономикага да пайда болот жана кийин нааразылык дагы чыкпайт.

Мындай пикирге “Жаңы муун” кыймылынын өкүлү Тимур Саралаев дагы кошулат:

- Бир тараптуу эле буларды алып келгенге болбойт, каршы болуш керек дегенге да ооз барбайт. Себеби прогресс деген прогресс. Каалайбызбы, каалабайбызбы Кытай биздин кошунабыз. Алар менен мамиле түзүү керек. Ошол мамилелерде Кыргызстандын, улуттун кызыкчылыгы сакталышы керек. Аткаминерлердин, партиянын, же болбосо кайсы бир саясий топтордун кызыкчылыгы үстүмдүк кылбашы керек. Ийне-жибине чейин талкуулап, убагында документтештирип, көйгөйлөрдү жөнгө салып, элди кыжырдантпай турган шарт болушу керек. Эгер кытайлык инвесторлор ушундай шартта келип иштесе, анда бул биздин утушубуз болот.

Кыргызстанда буга чейин кытай инвесторлоруна, ишканаларына, кытай мигранттарына байланыштуу нааразылыктар болгон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG