Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:09

Кытай менен Кыргызстан эки өлкөнүн абактарында жаза өтөп жаткан жарандарын алмашуу боюнча келишимге кол койду.

Жаңыдан кол коюлган келишимге ылайык, Кытайдан 17 кыргыз жараны алып келинип, 4 кытайлык өз мекенине жазасын өтөө үчүн берилет. Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматынын өкүлү Руслан Маткеримовдун билдиришинче, Кытайда абакка түшкөн жарандарды Кыргызстанга алып келүү боюнча мурдатан эле сүйлөшүүлөр жүрүп, келишимдин жоктугунан андан майнап чыкпай келген:

- Бул маселени 10 жылга жакын убакыттан бери көтөрүп, сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келген. Бирок келишимдин жоктугунан ишке ашпай келген. Эми келишим эки өлкө парламенттери тарабынан ратификацияланган соң ишке кирип, биз аракеттерди көрө баштайбыз. Мында Башкы прокуратуранын ролу чоң.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, камактагы кыргызстандыктардын 15и Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң уйгур автоном районунда, ал эми экөө Гуанчжоу шаарындагы абактарда кармалууда.

Аталган министрликтин Үрүмчү шаарындагы өкүлү Азат Эркебаевдин айтымында, алардын көпчүлүгү маңзат менен кармалгандар:

- Үрүмчү шаарында 15 соттолгон жаран бар. 15 адамдын 13ү маңзатына байланыштуу кармалгандар. Ал эми бирөө каракчылык, дагы бири баалуу мүйүздөрдү сатууга байланыштуу аткезчилик боюнча соттолгон.

Башкы прокуратура келишимди эки өлкөнүн парламенттери ратификациялагандан кийин кыргыз жарандарын алып келүү боюнча иштер башталат деп убада берип жатат.

Мекенинде өлүм күтөт

Ошол эле кезде Кыргызстандын аймагында кылмыш кылганы үчүн төрт кытай жараны жазасын өтөп жатат. Келишим күчүнө кирсе, алар да Кытайга өткөрүлүп берилиши керек. Жаза аткаруу кызматынын маалымат борборунун өкүлү Элеонора Сабатарованын айтымында, түрмөдөгү кытайлыктардын баары оор кылмыш үчүн кесилген:

- Бизде ушул тапта жаза аткаруу мекемелеринде 4 кытай жараны кармалып турат. Анын ичинен экөө киши өлтүргөнү үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган, дагы бирөө ушундай кылмышы үчүн 25 жыл, төртүнчүсү болсо кишинин өмүрүнө кол салганы үчүн 12 жылга соттолгон.

Сабатарованын маалыматында, бул жарандардын баары уйгур улутундагылар. Алар мындай оор кылмыштары үчүн Кытайда өлүм жазасына тартылышы мүмкүн.

Мындан улам жергиликтүү укук коргоочулар кыргыз бийликтерин кытайлыктарды өткөрүп берерден мурун укук эрежелердин так сактоого чакырууда. Маселен, “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулова Кыргызстан өлүм жазасын колдонууга каршы бир нече милдеттенмени мойнуна алганын эскертти:

- Кыргызстан БУУнун алдында адам укуктары кеңешинин толук кандуу мүчөсү. Ошол эле учурда ЕККУнун мүчөсүбүз жана адамдарды кыйноого каршы конвенцияга кол койгонбуз. Ошондуктан Кытайга өткөрүп берүүчү адамдар уйгур сепаратисттери деп айыпталган же Кытайга барган соң кыйноого кабылып, өлүм жазасына алына турган болсо, мойнубузга алган милдеттенмелер чегинде өткөрүп берүүгө укугубуз жок.

Азиза Абдирасулова Кыргызстан 2005-жылы да Өзбекстанга өлүм жазасына тартыла турган 5 жаранын өткөрүп бергени үчүн БУУнун сынына кабылганын эске салды.

Сепаратисттер болушу мүмкүн

Өлкөнүн расмий органдары Кыргызстанда түрмөдө отурган уйгурлардын саясий айып тагылган же сепаратисттик кыймылдарга тиешеси бардыгы тууралуу маалыматты берүүдөн баш тартышты.

Кыргызстандын коопсуздук кызматында көп жыл эмгектенген генерал Артур Медетбековдун маалыматында, буга чейин Кыргызстанда уйгур сепаратисттик кыймылынын бир топ мүчөлөрү кармалып түрмөгө түшкөн. Учурда түрмөдө кармалгандар ошолордон болушу мүмкүн экенин Медетбеков четке какпайт:

- Чыгыш Түркстандагы уйгурлардын атын жамынган “Шарк-и Азатлиг Түркистан” аттуу экстремисттик уюмдун мүчөлөрү бир нече кылмыш жасаган. Маселен, Кытайдын бул жактагы консулун атып, башка кытай соодагерлерин өлтүрүп, андан сырткары уйгурлардын бул жактагы диаспорасынын башчысы Базеков дегенди атып кетишкен. Мына ушунун баары эле уйгур мамлекетин түптөйм деген уюмдун атына жамынган экстремисттик топтун кылмышкерлери болчу.

Ошол учурда жаза аткаруу кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова деле мындай кылмыш менен жазага тартылгандарды өткөрүп берүү деле күмөндүү маселе экенин билдирди:

- Булар меним оюмча кетпейт болуш керек. Себеби биз өз жарандарыбызды алып келсек деле алар мекенине барса өлүм жазасына тартыла турганы үчүн кетпейт болуш керек. Маселен буга чейин өлүм жазасы бар Орусиядан же Өзбекстандан өз жарандарыбызды алып келгенибиз менен ал жакка жарандарды өткөрүп берген эмеспиз.

Буга чейин Кыргызстан 2003-жылы абакка түшкөн уйгурларды Кытайга өткөрүп бергени үчүн дүйнөлүк коомчулуктун сынына кабылган. Анда адам укугу жаатындагы "Хьюман Райтс Уотч" уюму өз докладында Кыргызстанды Кытайга саясий туткундарды өткөргөнү үчүн күнөөлөгөн эле.

"Азаттыктын" архивинен: "Күнөөлүү эмесмин"

Бишкек шаарындагы №1 СИЗОдо отурган, өмүр бою эркинен ажыратылган адам менен маек.


  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG