Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:59

Темирбердиев: Кен иштеткен компанияга каршылар артында саясий күчтөр жок


Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылы. Таш курамындагы алтын. 2011-жыл.

Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылы. Таш курамындагы алтын. 2011-жыл.

Жер-жерлерде тоо-кен жайларын иштетүү шарттарын, эрежелерин райондук, облустук бийликтегилерге караганда айыл тургундары мыкты билет. Ушундай пикирди Бишкектеги жыйында Тоо-кен тармагын иштетүүдөгү айкындуулук демилгеси Эл аралык уюмунун коомдук өкүлү, чоңалайлык Абдылда Темирбердиев билдирди.

Темирбердиев: Жергиликтүү эл иштетилген кен экологияга зыянын келтирбей, элге да, районго да пайдасын тийгизсе деп ниет кылышат. Бирок Чоң-Алайда иштеген “Кайди” компаниясы мыйзамдарды дээрлик аткарбайт. Муну өкмөт билгени менен аны мыйзамдуу нукка салууга аракет жасалган жок. Эл баарын өзү чечкенге аракет кылууда. Жалпы жарандык коом ишкананын мыйзамсыз келгенин, б.а. компанияга лицензия туура эмес берилип, алтындын запасы мамлекеттик баланска алынбаганын тактады, экологиялык мыйзам бузууларды да далилдеди. Ушундан кийин 2012-жылы күзүндө, 2013-жылы май айында эл көтөрүлдү, азыр кытайлык “Кайди” ишканасынын иши токтогон. Эл мыйзамда көрсөтүлгөндөрдү гана аткарсын деп жатат, ашыкча талап жок. Эл азыр кен иштеткенден кийин анын канча пайызы республикалык, канча пайызы жергиликтүү бюджетке түшөрүн, социалдык пакет, экологиялык коопсуздук деген эмне экенин билет.

“Азаттык”: Алар мунун баарын кайдан билип жатышат?

Темирбердиев: Жарандык коомдун өкүлдөрү Дүйнөлүк банк колдогон долбоорлорду алып келип, ар бир айылда семинар, тренингдерди өткөргөнбүз. Андан тышкары "Сорос-Кыргызстан" фондусунан “Бюджеттин ачыктыгы - жоопкерчилик” деген темада тоо кен тармагынан түшө турган акчанын кайда жумшаларын үйрөткөнбүз.

“Азаттык”: Өкмөттөн да эл сабаттуу болуп кеткен го?

Темирбердиев: Чындыгында ошондой. Райондук администрация, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн көбү муну билбейт. Алар күч түзүмдөрүн алып барып, коркутканды эле билишет. Бирок акыркы кезде эл коркпой, өз талаптарын ачык эле айта баштады. Кен иштеткен компаниялар мыйзамды сактаса, ошонун чегинен чыкпаса аларга эч ким тийишмек эмес.

“Азаттык”: “Кайди” буга чейин канча жыл иштеди?

Темирбердиев: Төрт жылга жакын. Ошол убакыт ичинде бир катар мыйзам бузууларга жол берди. Долбоор боюнча казылган кенди эч нерсеге тийгизбей, жабык бойдон ташып келип, алтынын бөлүп алуу керек. Булар болсо уруксаты жок эле 42 миң тоннага жакын топурак, таш аралашкан кенди жайлоого түшүрүп салган. Ал ошол боюнча жатат, жанынан болсо суу агып өтөт. Анын экологияга зыяны бир топ эле да. Мамлекет элден алыстап калды. Инвесторго болгон мүмкүнчүлүктү берип, каалагандай иштей бергиле дешти эле, эми кайра элдин талабы менен иштөөгө өтүштү.

“Азаттык”: “Кайди” компаниясынан кенди кайра башкача иштетели деген сунуштар болдубу?

Темирбердиев: Жок, бир жылдан бери кыймылдай элек. Ал арада элдин артында бир күчтөр турат, алар козутуп кенди иштетпей жатышат деген сөздөр чыгууда. Анын баары жалган. Эл болгону мыйзамды бузбай иштесин деген талап коюуда. Ошону сактаса, кенди иштете берсе болот.

“Азаттык”: Ачык-айкындуулук болушу керек турбайбы, кандай маалымат керектигин эл кантип үйрөнүп жатат?

Темирбердиев: Ар бир айылга эксперттер барып, отузга жакын жергиликтүү активисттерди чакырып, таңдан кечке үйрөтүшкөн. Андан кийин ар бир айыл өкмөттө тегерек үстөл өттү. Ал бүткөндөн кийин жергиликтүү бийликтин, компаниянын, жарандык коомдун өкүлдөрүн катыштырып, коомдук угуу өткөрүп жатабыз.

“Азаттык”: Демек, кен иштеткен компанияга каршылардын артында саясий күчтөр турат деген жалган маалымат турбайбы?

Темирбердиев: Биз саясаттан оолакпыз. Чоң Алай өзү бийик тоолуу, абасы таза аймак. Ошол тазалыкты сактап калалы деген эле ой.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG