Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:10

Прокуратура паракорлордун уюгуна айландыбы?


Иллюстрация
Иллюстрация

Пара талап кылууга шектелген Чүй облусунун прокурору Руслан Нурбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына эки айга камалды.

2016-жылдын сентябрынын аягында Коррупцияга каршы кызмат Чүй облустук прокуратурасында тинтүү жүргүзүп, анда облус прокурору менен бир катар мекеменин кызматкерлери кылмышка шектелгени айтылган эле.

Азырынча Чүй облусунун прокуроруна козголгон кылмыш иштин чоо-жайын расмий орган ачыктай элек. Бирок жергиликтүү маалымат сайттары өз булактарына таянып, прокурор бир айдан бери тыңшоодо болгонун жана иш бөлмөсүнө жашыруун камера орнотулганын жазышты. Анда айыпталган прокурордун жардамчысы алынган пара акчаны Нурбеков менен бөлүшүп турганы айтылууда.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулайманов кыска маалымат менен гана чектелди.

- Азырынча Чүй облусунун прокурору Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында экенин гана айта алабыз.

​Бул көзөмөлдөөчү орган кызматкерлери аралашкан алгачкы кылмыш эмес. Маселен, 2015-жылы Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын мурунку башчысы Кылычбек Арпачиев паракорлукка шектелип камалган. Улуттук коопсуздук комитети Арпачиев кылмыш иштердин бирин жабуу үчүн жергиликтүү жеке ишкерден 200 миң доллар пара талап кылганын жарыялаган.

Абактагы прокурордун "эски дарты" ойлонтууда

Абактагы прокурордун "эски дарты" ойлонтууда

Пара алууга шектелген мурдагы прокурор Кубан Мамакеевдин психикалык саламаттыгына байланыштуу маселе укук коргоо тутумуна бүлүк салмай болду.

Анын адвокаттары 1982-жылы катталган психикалык оорусу күчөп, сот жүрүп жаткан кезде өз өмүрүнө кол салууга чейин барганын билдиришти.

Дагы бир чуулгандуу окуя - Аламүдүн районунун прокурору Кубанычбек Мамакеев пара талап кылганы үчүн 12 жылга кесилген. Мамакеев менен бирге дагы эки прокурор мыйзамсыз курулуштарга байланыштуу жарандардан 20 миң доллар пара талап кылган деп былтыр кармалган.

Жогорудагы фактылардан улам прокуратуранын дарегине айтылган сындар күчөдү. Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев прокуратура коррупционерлердин уюгуна айланып жатат деген сын-пикирлерге кошулат. Акыркы окуялар көзөмөлдөөчү органдын беделине көлөкө түшүрүүдө.

- Прокуратурада иштеген кызматкерлер өзүнүн керт башын гана эмес системаны дагы ойлош керек. Мындай окуялардан улам жалпы тармакка сөз тийип жатат. Өздөрү чоң суммадагы пара менен кармалып жатышат. Анан аларды башка тармактарга көзөмөл кылат десе ким ишенет? Ушундай сын-пикирлер айтылып жатат. Тилекке каршы бул сөздөр туура. Андыктан азыркы прокуратура жетекчилери бул маселени ойлонушу керек.

Атайын иликтөө: чоң жеген “чоңдор”

Атайын иликтөө: чоң жеген “чоңдор”

“Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү бул жолу Кыргызстандагы саясий жана экономикалык коррупциянын абалын иликтөөгө алды.

Айрым серепчилердин пикиринде кылмышы ачыкталган прокурорлор жоопко тартылбай жатканы мындай көрүнүштөрдүн токтобой жатышына себеп болууда. Ушул тармакта иштеген, азыр парламент депутаты Тынчтык Шайназаров айыптоочу органга жоопкерчиликти күчөтүү зарыл дейт:

- Жазалоо жок болсо жоопкерчиликсиз мамиле күчөйт. Азыр бул тармакта бир партиянын, же саясатчы, депутаттын тууганы мага эч ким тийишпейт деген ой менен отурат. Прокуратурадагы жетекчиде жана кызматкерде коркуу сезими болуш керек. Көпчүлүк учурда мындай нерсе болбой жатат.

Азыр мындай көрүнүш прокуратурада гана эмес, бардык күч органдарында да кездешет. Эл өкүлү күч органдары тармагы жалпы системалуу реформага муктаж деп кошумчалады.

2014-2015-жылдары күч органдарынын ишмердүүлүгүн иликтөөгө алган убактылуу депутаттык комиссиянын жыйынтыгында да прокуратура тармагына көп сындар айтылган эле.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG