Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:31

Кыргыз эл артисти Кадыржан Кыдыралиевдин сөөгү эртең, 29-августта Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Маркум менен коштошуу митинги Кыргыз академиялык драма театрында өтөт. Ал 27-августа 79 жашында каза болгон.

Маркумдун замандашы, кыргыз киносунун ардагери Ракыя Шаршенованын айтымында, Кадыржан Кыдыралиев кино өнөрүндөгү туңгуч кесипкөй кинооператорлордун бири. Ал 1961-жылы Москвадагы даңазалуу мамлекеттик кинематографисттер институтунан оператор адистигине ээ болуп келип, эмгек жолун “Кыргызфильм” студиясынан баштаган:

- Ал “Бакайдын жайытын”, “Уркуяны”, “Жамиланы” жана "Казакфильм" менен "Мосфильмдин" да тасмаларын тартты. Кадыржан чынында улуу оператор болгон. Режиссер катары да бир нече документалдык тасмаларды жаратты. Анын режиссер катары Мурза Гапаровдун сценарийне тарткан тасмасы да мыкты чыккан. Мен аны менен жаңы тасма жарата баштаган күндөн бери иштешип келгем. Ал тарткан фильмдердин баарын мен монтаждаган элем.

Ракыя Шаршенованын белгилешинче, Кыдыралиев режиссёр катары да ийгиликтүү иштеген. Анын “Кыял”, “Бешик”, “Оодарыш”, “Жоопкерчилик”, “Бабалардын мекени”, “Айталаадагы өлүм” деген сыяктуу жана башка даректүү жана көркөм фильмдери атайын сөз кылууга арзыйт.

Маркумдун курбалдашы, кесиптеши, Кыргыз эл артисти, белгилүү оператор Нуртай Борбиев теңтушунан айрылганына кайгырып турган экен. Ал “Азаттыкка” Кыдыралиевдин кыргыз маданиятындагы орду тууралуу буларды айтты:

- Эми андай киши Кыргызстанда туулбайт. Мыкты оператор эле болуп калбай адамгерчилик, достук жагынан да табылгыс адам эле. Кыргыз киносунун сыймыгы деп эсептесек туура болот. Чынында бу кишинин чыгармачылык иши ааламга кетти. “Бакайдын жайыты”, Мелис Убукеевдин “Тайгак кечүү” деген тасмалары не деген керемет. “Көк серекти”, “Мен - Тянь-Шанды”, “Уланды” тартты. Чынын айтканда, Кадыржан Кыдыралиев улуу адам эле да.

Буга улай Борбиев, азыр Кадыржан Кыдыралиевдин баласы, неберелери да ата жолун жолдогонуна сүйүнөрүн, учурда бул фамиля кыргыз киносундагы операторлордун династиясы катары белгилүү экенин кошумчалады. Мисалы, Кадыржан Кыдыралиевдин уулу Хасан Кыдыралиев ушу тапта операторлук ишмердиги менен Кыргыз эл артисти наамына жеткен.

Кино таануучу Талип Ибраимов болсо Кыдыралиев адис катары актердун ар бир кыймылын, жана кадрдагы ыргакты сезе билген оператор болгонун белгилеп, ал жеке эле республиканын чегинде эмес, мурдагы советтик өлкөлөрдүн аймагында да эң таланттуу, бирден - бир адис катары таанымал экенин айтты:

- Кыргыз киносунун көркүн чыгарган ушул киши болчу. Биринчи оператор катары кыргыздын өз алдынча операторлук мектебин жаратып кетти. Анын кайталангыс тили бар эле. Тарткан кадрлары поэтикалуу, аны эч ким кайталашы мүмкүн эмес. Кыргыздын операторлорунун көбү анын мектебинен чыкты. Адам катары да мыкты киши эле. Какебиз өз ишин так билген, эч кимге жаман айтпаган адам болгон.

Талип Ибраимов буга улай Кыдыралиев режиссер катары да, оператор катары да дайыма бааланып, эмгекчилдигинен улам чыгармачылык жолу шыдыр болуп, бир нече мамлекеттик сыйлыктарга ээ болуп келгенин айта кетти. Маркум кезинде кыргыз кино өнөрүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Кыргыз ССРинин мамлекеттик Токтогул сыйлыгын жана Ленин комсомол сыйлыгын алган. Кыргыз эл артисти наамына жеткен.

Кадыржан Кыдыралиев 27-августта узакка созулган оорудан кийин 79 жаш курагында каза болгон эле. Ал 1936-жылы Чүй облусунун Панфилов районундагы Чолок-Арык айылында төрөлгөн.

"Бакайдын жайыты" тасмасы

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG