Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:24

Депутаттар төш белги ала элек


Борбордук шайлоо комиссиясы төш белгилер боюнча өткөрүлгөн биринчи тендердин жыйынтыгын ушу күнгө чейин жокко чыгарган жок.

Тендерден утту деген “Медальер” фирмасы Мамлекеттик сатып алуулар боюнча доо-арыздарды териштирген мекемелер аралык комиссиянын чечимине арызданып сотко кайрылган. Бул комиссия биринчи тендердин жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына сунуш жөнөткөн болчу.

Коомчулукта төш белгилерге миллиондогон каражат коротулуп жатканы сынга кабылган.

Борбордук шайлоо комиссиясы төш белгилер боюнча өткөрүлгөн биринчи тендердин жыйынтыгын ушу күнгө чейин жокко чыгара элек. Буга байланыштуу тендердик комиссиянын төрагасы, БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиевдин өзүнүн жеке кызыкчылыгы бар деген өңдүү бир топ доомат айтылган. Осмоналиев "Азаттыкка" комментарий берип жатып утту деген “Медальер” фирмасынын төш белгиси талапка жооп бербей калганын моюнуна алды, бирок аны өтө деле одоно кемчилик эмес деп атады:

Утуп алган компания документтерди жөнөткөндө төш белгинин эскизин дагы тиркебептир. Ошондуктан комиссия ушундай чечим чыгарды. Биздин чечимди алгандан кийин БШК кайрадан тендер жарыялашы керек.
Дайыр Жумабеков

- Биз караганда, сызгыч менен ченегенде баары эле жакшы болчу. Мекемелер аралык комиссия кандай, эмне менен ченегенин билбейм. Ошо эки миллиметр кенен болуп калыптыр. Төш белгинин үстүңкү жагы талаптарга жооп берет экен. Ал эми астыңкы жагы кичине жазыраак болуп калган. Эми желектин формасын билесиңер да. Атайын мыйзам бар, ал жерде азыраак айырмачылык болот деген жобо бар. Эми бул айырмачылык принципиалдуу эмес. Биз азыр сот чечимин күтүп жатабыз. Акыркы чечимди сот чыгарсын деп чечтик. Сот уткан компаниянын пайдасына чечип бергенде мен мекемелер аралык комиссияга "силер буга жөн эле жабышып алдыңар" деп айтам.

Борбордук шайлоо комиссия былтыр, 21-ноябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоонун так алдында төш белгилер боюнча тендер жарыялаган. Жалпысынан тогуз миң төш белги менен тогуз миң күбөлүккө 6 миллион сомдон ашык акча коротулары айтылган. Сынакка 11 фирма катышкан. Анда ар бир төш белги үчүн 75 сомдон 450 сомго чейинки баа сунушталган.

Жыйынтыгында тендердик комиссия ар бир төш белги 380 сомдон айланган “Медальер” фирмасын утуучу деп тапкан. Бирок эң арзан бааны көрсөткөн Виталий Подстречный аттуу ишкер Мамлекеттик сатып алуулар боюнча доо-арыздарды текшерген мекемелер аралык комиссияга кайрылган.

Комиссия тендерде төш белгилер техникалык талапка жооп бербеген фирма утканын, тендер өткөргөн комиссия ага көз жумду мамиле кылганын аныктап чыккан. Комиссиянын төрагасы Дайыр Жумабаев БШК кайра жаңы сынак өткөрүшү керек деп эсептейт:

- Тендерди утуп алган компания жасай турган төш белгилер сатып ала турган уюмдун техникалык талаптарына туура келбейт экен. БШК башында эле төш белгинин узун-туурасы боюнча талаптарды жазыптыр. Утуп алган компания документтерди жөнөткөндө төш белгинин эскизин дагы тиркебептир. Ошондуктан комиссия ушундай чечим чыгарды. Биздин чечимди алгандан кийин БШК кайрадан тендер жарыялашы керек.

БШК жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланарын мурдатан эле билген да. Ошондуктан керек болсо мындан бир жыл мурун эле тендер өткөрүп, фирманы тандап, төш белгилерди даярдатып, мандат алганда кошо берсе болмок.
Ишенбай Кадырбеков

БШКнын мурунку мүчөсү Ишенбай Кадырбеков жергиликтүү кеңештердин депутаттары эки айдан ашык убактан бери төш белги ала электигин уюштуруу иштериндеги алешемдик деп атады. Тендердеги коррупция боюнча дооматтарды негиздүү деп билдирди:

- Тендер негизи коррупцияны жараткан нерсе болуп калды. Тендер боюнча мыйзамда коррупцияга жол ачкан жылчыкчалар бар. Кээде арзан, бат, сапаттуу жасай турган фирманы көрүп турса да, тендер өткөрүп, аларды сүрүп чыгарып, айтор ар кандай оюндар көп болууда. БШК жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланарын мурдатан эле билген да. Ошондуктан керек болсо мындан бир жыл мурун эле тендер өткөрүп, фирманы тандап, төш белгилерди даярдатып, мандат алганда кошо берсе болмок. Уюштуруу жагынан туура эмес болуп калды. Негизи төш белги ошол депутаттарга эмес, аларга добуш берген шайлоочуларга көбүрөөк керек экен. Анткени алар депутаттардын баарын эле тааный бербеши мүмкүн. Ошондуктан төш белги аркылуу таанып, аларга кайрылганга мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек.

2012-жылга чейин айылдык жана шаардык кеңештин депутаттары төш белги менен күбөлүккө кеткен чыгымды өздөрү төлөп келген. Бирок алар Жогорку Кеңештин депутаттарына атаандашкандыктан мындай эреже өзгөргөн болчу.

Жергиликтүү кеңештерде азыр 7,5 миңге жакын депутат бар. Буга чейин Бишкек шаардык кеңештин депутаттары БШКны күтпөй өз каражаттарына төш белги даярдатып тагынып алышканы белгилүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG