Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:26

Жети миллионду "сугунчу" тендер


Иллюстрация
Иллюстрация

“Кыргыз темир жолу” ишканасы 11 автоунааны оңдотуу үчүн 7 миллион сомго тендер жарыялаганы интернет форумда сынга кабылды.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы жарыяга ылайык 11 автоунааны оңдоого “Кыргыз темир жолу” ишканасы 100 миң долларга тендер жарыялады.

Планга ылайык, ишкана Daewoo Espero автоунаасына 332 миң сомго чукул акча коротууга даяр. Мындан башка Honda Odyssey 278 миң сом, Nissan March -325 миң, Audi 100 унаасына 163 миң сом, Toyota Mark II автоунаасына - 290 миң сомго тетик аларын билдирген. Көрсөтүлгөн унаалардын катарында Mercedes-Benz Е320, Daymler-Crysler 430, Toyota Land Cruiser үлгүлөрү да бар.

Темир жолчулардын бул тендери интернет колдонуучуларынын кескин сынына кабылды. Алардын эсебинде 278 миң сомдун башын жей турган Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунааны арзан эле баага оңдотууга болот.

Төш белги: тендердеги теңсиздик

Төш белги: тендердеги теңсиздик

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын төш белгилерине байланыштуу талаш кызыды.

Биз шаардагы машине оңдоочу жайлардын бирине кайрылып, тендерде көрсөтүлгөн кызматтардын баасын сурадык. Айталы, машиненин моторун алмаштыруу 10 миңден 40 миң сомго чейин чыгат. Ал эми ылдамдыкты алмаштыруу тетигин 10 миңден 30 миң сомго чейин салып берет. Жаңы мотордун эң кымбаты 40 миң сом болсо, ылдамдыкты алмаштыруу тетиги 20 миң сом. Калган майда-чүйдө тетиктерди алууга 50 миң сомдон ашыгыраак каражат жумшалат.

Анткен менен автоунаа боюнча адис Максим Золотых ишкана эсептеген сумма туура болушу мүмкүн дейт. Себеби, Кыргызстанда сапаттуу тетик, аны ошого жараша алмаштыруу кызматы кымбат турат. Бирок ал бардык тетиги эскирген автоунааны оңдоткондон көрө жаңысын сатып алган оң деп эсептейт.

- Ушунча баага оңдолсо ал унаалар күнү-түнү тынбай айдалат окшойт. Канчанчы жылы чыккан автоунаалар экени так көрсөтүлбөптүр. Ошентсе деле ушул акчага эски, бирок абалы сонун машине алса болот. Мыйзам эски машинелерди алууга жол бербесе, Орусиядан жаңы чыккан автоунааларды келишим менен алса болмок. Автоунааны өз наркынан кымбат баага оңдотуунун кажети канча?

Эми автоунаа баасына токтолсок, “Кыргыз темир жолу” ишканасы 325 миң сомго оңдотобуз деген Nissan March автоунаасынын 2004-жылы чыкканы орто эсеп менен 170 миң сом турат. Ал эми 163 миң сомго оңдотобуз деген 1992-жылы чыккан Audi 100 автоунаасын 150 миң сомдун тегерегинде алса болот.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалымат катчысы Эркин Каимов “Азаттыкка” унаалардын жарактан чыккан тетиктерин алмаштыруу жагы алдын ала иликтенип чыкканын айтты:

- Алмаштырыла турган тетиктерди эсептеп чыкканда жогорудагы сумма чыкты. Бирок бул көрсөтүлгөн тетиктердин бардыгы алмаштырылат деген сөз эмес. Тендердин жыйынтыгына ылайык эң төмөнкү сумманы көрсөткөн компания тандалып алынат. Автоунаалардын тетиктери базар баасындагы сумма менен көрсөтүлдү.

Базарда тетик баасы канча экенин баарыбыз эле билебиз. Бул жерде баалардын жасалма жогорулатылганы көрүнүп турат. Сапаттуу тетиктерди сатып алса деле мындай болбойт.
Тимур Саралаев

Ошондой эле жарыяланган тендердин шартына ылайык, жеңүүчү компания автоунааларды оңдогондон тышкары техникалык тейлөөгө жооптуу болушу керек. Анын үстүнө мыйзамга ылайык мамлекеттик ишканалардын базардан же жеке адамдардан автоунаа сатып алуусу татаал маселе.

Анткен менен айрым жарандык активисттер ишканалардын ири өлчөмдө короткон чыгымдары тыкыр көзөмөлгө алынышы керек деген пикирде. Алардын бири Тимур Саралаев өлкөдө мамлекеттик ишкана жетекчилиги казынадан кымырган каражаттарын ушундай жол менен адалдаштырат дейт:

- Базарда тетик баасы канча экенин баарыбыз эле билебиз. Бул жерде баалардын жасалма жогорулатылганы көрүнүп турат. Сапаттуу тетиктерди сатып алса деле мындай болбойт. Бюджеттин акчасын туура эмес колдонуп жатышат деп эсептейм. Кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы бар экени көрүнүп турат. Оңдоо иштери деген менен бул акча кымырмайдын бир жолу. Муну жакшылап иликтеш керек.

Мамлекеттик ишканалардын ири суммадагы ыксыз чыгымдары сынга алынып келет. Эксперттердин баамында, мамлекеттик мекемелерде атайын сатып алуулардан, тендерлерден акча өөнөп калуу адатка айланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG