Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Көлбаевди спорт төбөлү кылган чечим


Дзюдочулар
Дзюдочулар

Кримтөбөл деп саналган Камчыбек Көлбаевдин бир тууган иниси Жолдошбек Көлбаев Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук федерациясынын президенттигине жалгыз талапкер болуп, бир добуштан шайланды.

Бир катар саясатчылар бул тандоо Кыргызстандын эл аралык спорт коомчулугундагы беделине шек келтирет деген тынчсыздануусун айтып чыгышты. Бирок дзюдо боюнча Улуттук федерациянын буга чейинки президенти Ырысбек Мааткабылов Жолдошбек Көлбаев бул тармакта эмгеги сиңген спорт чебери экенин айтып, анын сырттан келбегенин белгиледи.

Атаандашсыз шайлоо

Өткөн ишемби күнү дзюдо боюнча Кыргызстандын Улуттук федерациясында шайлоо болуп, жаңы жетекчи тандалды. Жыйынга 70тен ашуун делегат катышып, аталган федерациянын президенттигине бир гана адамдын талапкерлиги көрсөтүлгөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Жолдошбек Көлбаев дзюдо боюнча улуттук федерациянын президенттигине бир добуштан шайланды.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Жанар Акаев шайлоонун альтернативасыз негизде өтүшүнүн өзүндө олуттуу маселе бар экенин айтып чыкты:

- Камчы Көлбаевдин бир тууганы дзюдо федерациясынын президенттигине талапкерлигин коюп жатканда, кайсы жанынан түңүлгөн адам андан добуш талашып, ага атаандаш болуп чыга алсын? Бул жерде адилеттүү шайлоо болушу мүмкүн эмес. Албетте, федерациянын президенти болгусу келгендердин бардыгы талапкерлигин алып, ага жол бошотуп четке чыга берет. Мүмкүн Көлбаев чынында эле федерацияны өнүктүрүп, спортчуларга колдоо көрсөткүсү келип жаткандыр. Бирок мындай шайлоо өлкө ичинде гана эмес, эл аралык деңгээлде дагы Кыргызстандын аброюна көлөкө түшүрөт. Ошондуктан бул көрүнүш Кыргызстан криминалга каршы аёосуз согуш жарыялайт деген сөздү жокко чыгарып отурат. Криминалга каршы парламент, өкмөт жана президент болуп, бардыгыбыз бирге каршы турушубуз керек эле. Тилекке каршы, андай болбой жатат.

Дзюдо боюнча Улуттук федерациянын президенттигине Жолдошбек Көлбаевдин келиши кокусунан эмес дегендер да жок эмес. Анткени бул орун мамлекеттик кызматка кирбегени менен, “тиешелүү спорт тармагын өнүктүрүү үчүн анын жетекчилигине көрсөтүлгөн адамдардын талапкерлиги алдын ала макулдашылат”.

Cпорт тармагын жетектөөгө кримтөбөлдүн бир тууганын шайлап алуу “Кыргызстанда кылмыш дүйнөсүнүн басымы күчтүү” деп айтканга негиз болуп бериши мүмкүн
Адил Турдукулов

“Прогресс” коомдук корунун жетекчиси Адил Турдукулов муну тиешелүү кызыкдар тараптардын өз ара тилектештигинин жыйынтыгы катары кабыл алды:

- Дзюдо Жапонияда пайда болгону менен дүйнө жүзүндө эң эле кеңири тараган спорттун олимпиадалык түрүнө кирет. Ошондой спорт тармагын жетектөөгө кримтөбөлдүн бир тууганын шайлап алуу “Кыргызстанда кылмыш дүйнөсүнүн басымы күчтүү” деп айтканга негиз болуп бериши мүмкүн. Ошондуктан бул адамдын шайланып келиши бийлик менен криминалдын айкалышып, аралашып калганынын бир белгиси. Бул көрүнүш мамлекеттин беделине шек келтире турган жагдай. Бул айрым саясий күчтөр криминалды өзүнө тартып, аны кандайдыр бир максаттарына колдонууга аракет жасап жатканы катары түшүнсөк болот. Улуттук федерациянын жетекчилигине кримтөбөлдүн бир тууганы ээн-эркин шайланышы мына ошол логикага негиз берди.

Мааткабылов: тармакка татыктуу жетекчи келди

Кырк жаштагы Жолдошбек Көлбаевдин расмий өмүр баянында буга чейин анын дзюдо боюнча Кыргызстандын улуттук федерациясынын вице-президенти болуп иштеп келгени көрсөтүлгөн. Бирок ал бул кызматта иштеп жүргөн кезде агасына байланыштуу анын ысымы коомчулукка чыккан эмес эле. Жолдошбек Көлбаев спорт мектебинин дзюдо бөлүмүн, Москвадагы укук жана ишкердик институтунун Каракол филиалын аяктаган. Дзюдо боюнча эл аралык турнирлерде Кыргызстандын спорт өкүлчүлүгүн жетектеп жүргөнү белгилүү болду.

Дзюдо боюнча Улуттук федерациянын буга чейинки президенти, Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Ырысбек Мааткабылов жаңы жетекчи тармакка эмгеги сиңген татыктуу спорт чебери болгону үчүн анын талапкерлиги колдоого алынганын белгиледи:

- Мен шайлоонун негизинде тармакты жетектөөнү вице-президентиме өткөрүп берип, өзүм азыр ардактуу президент болуп калдым. Анткени мен мамлекеттик жумуштан бошой албай, турнирлерге бара албай калам. Мен ошондой себептерге байланыштуу эле кызматты өткөрүп бердим. Эч жактан, эч кимге, эч кандай басым болгон жок. Учурунда бул федерацияга Жолдошбек менен чогуу келгенбиз. Ал өзү дзюдоист. Биз көптөн бери бирге иштешип келе жатабыз. Ал өзү татыктуу талапкер болгондуктан ага атаандашып, башка эч ким деле талапкерлигин койгон жок. Өз ара ынтымак менен жаңы жетекчини шайлап алдык. Биз алдыдагы эл аралык спорттук мелдештерге катышып, олимпиадага спортчуларды даярдап, медалдарды алып жыйынтык көрсөтүшүбүз керек. Ошон үчүн бул тармакты ичинен билген жана ага жан-дили менен күйгөн адамды шайлап алдык. Бул шайлоо ачык-айкын негизде өттү. Ага эл аралык федерациядан байкоочулар келип катышты.

“Караларга” каршы күрөш бар, натыйжа аз

“Караларга” каршы күрөш бар, натыйжа аз

АКШ президенти Барак Обама Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири жети маңзат королунун бири катары кара тизмеге киргизген болчу.

Дзюдо боюнча улуттук федерациянын мурдагы президенти Азамат Бакасов 2012-жылы кызматынан кетүүгө аргасыз болгон. Анткени ички иштер органдары аны кримтөбөл Камчы Көлбаев менен кандайдыр бир байланышы бар деген шек менен кармап, аңгемелешүүдөн кийин кайра ал бошотулган болчу. Ошондон кийин Бакасов кызматтан кеткен.

Мындан сырткары Камчы Көлбаевди жакында ИИМ “уюшма топтун башчысы" деп таанып, аны атайын каттоого коюу үчүн сотко кайрылган. Буга уюшкан кылмыштуулукка каршы туруу мыйзамы негиз болгон. Бирок Камчы Асанбек деп жакында эле фамилясын өзгөрткөн Камчыбек Көлбаевдин адвокаты бул ченем Баш мыйзамга каршы келет деген негизде Конституциялык палатага кайрылган. Бирок Камчы Көлбаевдин адвокатынын суроо-талабы четке кагылып, анткен менен Конституциялык палата мыйзамдагы айрым так эместиктерди тартипке келтирүү чечимин чыгарган болчу.

2012-жылы АКШ Камчыбек Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон. Аны Дубайдын полициясы кармап, кайра коё берген болчу. Камчыбек Көлбаев 2008-жылы Москвада "мыйзамдагы ууру" макамын алып, бир катар криминалдык авторитеттердин катышуусунда таажы тагынган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG