Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:41

Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында мектептердин директорлорунун катышуусунда "Театр менен тарбиялоо" аттуу конференция өттү. Бул көрүүчүлөрдү театрга тартуу боюнча талаштуу пикирлерге жем таштады.

Маданият өкүлдөрүнүн айтымында, жаштарга рухий дөөлөттөрдү сиңирүү боюнча милдеттүү аракеттер жүргүзүлүүгө тийиш. Агартуучулар болсо окуучуларды театрларга алып келүүгө ата-энелердин баары эле даяр эмес экенин айтышууда.

Учурда жыйырма жаштын тегерегиндеги улан-кыздардын арасында "бала болуп башына түк чыкканы" бир да жолу театрдын астанасын аттай элек жаштар бар. Алардын бири - учурда жогорку окуу жайлардын биринде окуган Наргиза. Жыйырма жаштын кырындагы студент кыз бизден аты-жөнүн өзгөртүүнү өтүнүп, мындайча кеп салып берди:

- Мен шаарда чоңойдум. Чынында буга чейин бир да театрга барып көргөн эмесмин. Себеби ата-энем театрдан, китептен алыс кишилер. Эртеден кечке базарда соода кылып, дайыма кантип акча таап, кантип байыш керек тууралуу сүйлөшөт. Андыктан биз деле кантип бутка туруу тууралуу гана ойлонобуз. Ата-энебизге жүк болбой өз алдыбызча иштеп кетели дейбиз. Китеп окууга, спектаклге барганга кызыкпайбыз.

Адистер акыркы учурда компьютер оюнуна берилген мектеп окуучулары гана эмес, студенттер да арбып баратканын айтышууда.

Адистер акыркы учурда компьютер оюнуна берилген мектеп окуучулары гана эмес, студенттер да арбып баратканын айтышууда.

Наргизага окшоп театрга барбай, китеп окубай чоңоюп жаткан жаштардын катары калың. Маселен, шаардын чок ортосунда, элиталык деп эсептелген мектептердин биринин жогорку классынын окуучусу Айбек досу экөө тең театр деген эмне экенин билбей турганын моюнга алышты.

- Биз интернеттен "пинбол" ойнойбуз. Албетте ал деген кумар оюн. Бирок бизден башка окуучулар түнкү клубдарга барып, калян чегишет. Максатсыз ары-бери басып жүрүшөт. Аларга караганда биздин "пинболубуз" дурус эмеспи. Анан албетте спорт менен машыгабыз.

Маданий сабак натыйжа береби?

Композитор Атайбек Бөдөшевдин пикиринде, кыргыз коомчулугу эгемендиктин 24 жылында руханий жактан бүтүндөй бир муунду жоготуп алды.

- Ата-энелер аларга туура багыт берип тарбиялаган жок. Байлар балдарына кымбат кийим, кымбат унаа сатып беришкени менен, жан дүйнөсүн байытканга аракет кылбады. Андыктан кароосуз калган муун рухий ачкачылыгын интернеттеги мыкаачылыкты даңазалаган оюндарды ойноп, көркөм тасмаларды көрүп, канааттандырды. Ошентип тарбиясы бузук муун пайда болду. Аларды кайра тарбиялаганга мүмкүн эмес. Билим берүү министрлиги эми тарбия иштерин бала бакчалардан башташ керек. Азыркы коомдогу адамдар кичинесинен баштап чоңуна чейин жалаң көр дүйнөнүн адамдары болуп калды.

Бөдөшевдин пикиринде, мамлекет азыртан баштап эки-үч жаштагы балдарды туура тарбиялаганга аракет кылбаса болбойт. Анын жыйынтыгы 10-20 жылдан кийин билинет.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданиятты өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Болот Осмонов да учурда жаш муун өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгү улуттук рухий кенчти баалабай, билбей, чоңойуп жатканына кейип, мектептерге "Маданият сабагын" киргизүү керек деген сунушун билдирди.

- Келечек жаштардыкы дейбиз. Бирок азыр Каралаевди, Бейшеналиеваны, Миңжылкыевди, Пушкинди, Моцартты билбеген, жогорку деңгээлдеги искусствого сугарылбаган муундан эмнени күтүүгө болот? Андыктан мен мектептерге "Маданият сабагын" киргизүүнү сунуштап жатам. Билим берүү министрлиги менен бирдикте ушул долбоорду ишке ашырышыбыз керек. Бул боюнча материалдар жетиштүү.

Абдылас Малдыбаев атындагы опера балет театры

Абдылас Малдыбаев атындагы опера балет театры

Анткен менен Болот Осмоновдун мектептер үчүн “Маданий сабак” киргизүү сунушун Бишкек шаарындагы №57 мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Гүлү Карабалаева колдогон жок. Педагогдун айтымында, учурда балдарга бул багытта көп эле сабактар өтүлөт. “Күнөө бул жерде жаш муундарда эмес, алардын ата-энелеринде”, - дейт Карабалаева:

- Этика, адабият сабактарында балдарга маданияттагы баалуулуктар тууралуу жакшы эле айтылат. Ал эми театрга келбей жатканы башка кеп. Мурда мектептер үчүн атайын чакыруу беришер эле. Ошону кайра ишке киргизсе жакшы эле болмок. Экинчиден, айрым бир ата-энелер өздөрү театр деген эмне экенин билбейт. Балдарын спектаклге алып келүүгө каршы болгондор да бар.

Усулдар алмашыш керек

Бүгүнкү күндө театрдын атаандаштары көп. Адистердин пикиринде, учурда интернет да жаштар үчүн кандайдыр бир деңгээлде театрдын ордун ээледи. Бирок коомчулукта жаш муундар интернеттен жакшы тарбия албайт деген кооптонуу айтылып келет.

Оштогу өзбек драма театры

Оштогу өзбек драма театры

Философия илимдеринин доктору Үмүт Асанова учурда мамлекет балдарга тарбия берүү усулдарын жаңыртып, заманбап технологияга ыңгайлаштырыш керек экенин айтат:

- Азыр балдар "антиш керек, минтиш керек" деген кургак акылды укпай калды. Алар азыр интернетте, социалдык тармактарда отурушат. Биз эми ошол жакка барышыбыз керек. Алар отурган түйүндөргө кошулуп, балага туура тарбия бере турган ар кандай социалдык роликтерди, кыска метраждуу тасмаларды жайылтыш керек.

Маданиятты өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Болот Осмонов жаштарды туура тарбиялоо үчүн жаңы технологияны колдонууну туура деп эсептейт. “Бирок ошол эле учурда балдарды театрга тартуу иштерин токтотпошубуз керек, театрдын артыкчылыгы — бул жандуу роль”, - дейт ал.

Мындан сырткары талкууда учурда жалпы эле театрлардын репертуары да чектелүү экени айтылды. Бул багытта министрлик театрларга балдар үчүн көрсөтүлө турган спектаклдерди көбөйтүү талабын коерун билдирди. Мугалимдердин талабына ылайык, жеке театрлардын Маданият министрлигинин уруксатысыз мектептерге барып, акча чогултуусуна тыюу салынары айтылды.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG