Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:56

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу, композитор Рыспай Абдыкадыровдун элге белгисиз үч жүзгө жакын обону табылды. Ал чыгармалар обончу тууралуу даярдалган энциклопедиялык жыйнакта жарык көрөт. Жети томдон турган бул китепке Абдыкадыровдун тамашалуу жоруктары, күндөлүктөрү да киргизилди.

Бүгүнкү күндө эл арасында Рыспай Абдыкадыровдун обондору менен кошо тамашалуу жоруктары да сүймөнчүлүк менен айтылып, калк арасында жашап келет.

Бул жолу да маркум обончунун күйөрмандары Үсөн Термечиков менен Таалай Иманкулов анын башкаларга окшобогон бала кыял мүнөзүн эскерип отурушкан экен:

- Жаш кезинде Давлет эже экөө таарынышып, аялы төркүнүнө кетип калбайбы. Үч күн өткөндөн кийин Рыспай аке кайнатасынын үйүнө кирип барып эле кайненесинин кучагына жыгылып, эркелеп калды дейт. Ал кезде Рыспай жаш экен. Кайыненеси күйөө баласынан боюн ала качса деле болбой Рыспай чолчоктоп эркелей берет. Эне да кыраакы киши экен. Күйөө баласынын табиятын түшүнгөндөн кийин Давлет эжени чакырып алып, “ой, бул алты жашар эле бала турбайбы, ушуга да киши таарынабы, жөнө үйүңө. Экинчи минтип келчү болбо”, - деп кошуп берген экен.

Рыспай Абдыкадыров угармандары менен

Рыспай Абдыкадыров угармандары менен

Абдыкадыровдун ырларын аткарып, кезинде ал менен чыгармачылык байланышта жүргөн Үсөн Термечиков Рыспай Абдыкадыровдун күйөрмандарынан түзүлгөн клубдун биринчи мүчөсү болгон. Анын айтымында, обончу жылдызы жанып турган учурда да өзүнүн бала кыял жана карапайым мүнөзүнөн жазган эмес.

Рыспай Абдыкадыровдун кызы Сюита Абдыкадырова атасы тууралуу эскерип жатып, ал обончу катары кыргыз музыкасына романтикалык агымды алып келгенин белгилеп, ата катары өтө жумшак, балдары менен баладай ойноп кеткен адам болгонун айтып берди:

- Мен өзүм каалагандай чоңойдум. Ата катары бизге эч кандай катаалдык кылган жок. Ал бизге теңтуштай эле мамиле кылчу. Бир туруп досум болуп, бир туруп иним болуп кетер эле.

Сюита Абдыкадырова атасы жөн жай адам катары да турмуштун эч кандай чектөөлөрүнө баш ийбеген романтик болгонун, ал дайыма балалык баёо дүйнөдө жашап, эркиндикти көксөп турганын кошумчалады.

Жагынганды билбеген Рыспай

Обончуну жакындан билген, журналист катары анын чыгармачылыгын, өмүр жолун изилдеп келаткан маданиятка эмгек сиңирген ишмер Бөкөнбай Боркеев болсо Рыспай Абдыкадыров бала кыял болуп эле калбай, ойчул жана бетке чабар инсан болгонун белгилеп кетти:

- Рыспай өзү аябай жөнөкөй болгон. Жыл сүрүү боюнча анын жылы жылан болгон экен. Жылан акылмандыктын белгиси эмеспи. Ал эми жылдызы текечер. Рыспай болгонун болгондой эле бетке айтып койчу. Ошол бетке айтып койгонунан улам Ошто 20 жыл телеге чыкпай калган. Бетке чабарлыгынан улам өз мезгилинде мамлекеттик сыйлыктарга жетишкен эмес.

Боркеевдин айтымында, Абдыкадыров ошол кезде Ош облусун жетектеп тургандардын бирин эл алдында сөзгө сындырып, анын айынан узак жылдар бою Ош теле көрсөтүүсүнө чыга албай калган. Боркеев ушул себептен улам обончуну андагы Фрунзе шаарына чакырып, телеге тартып калган.

Катылган обондор табылды

Учурда угармандарга Рыспай Абдыкадыровдун жүз элүүдөй ыры белгилүү. Бирок обончу менен жакындан тааныш болгон күйөрмандарынын айтымында, Абдыкадыровдун элге белгисиз дагы үч жүзгө чукул обондору болгон. Обончу учурунда ал ырларын “ийине жете элек” деп эч жерде ырдабай катып жүргөнүн көрүшкөндөр бар экен. Алардын бири Үсөн Термечиков сандыкка катылган обондордун айрымдарын угуп да калган:

- Сандыгын ачып, мага тогуз обонун ойноп берди эле. Аларды угуп отуруп көзүмө жаш айланган. Менимче, ал обондор “Издейм сени” деген обонунан да мыкты эле. Кийин ошол обондордун бирин да уккан жокмун.

Солдон оңго карай - Түгөлбай Казаков, Асанкалы Керимбаев, Каныкей Эралиева, Ш.Талипова, Ш.Жоробекова жана Рыспай Абдыкадыров

Солдон оңго карай - Түгөлбай Казаков, Асанкалы Керимбаев, Каныкей Эралиева, Ш.Талипова, Ш.Жоробекова жана Рыспай Абдыкадыров

Термечиков Рыспай Абдыкадыров өмүрүнүн акыркы жылдары өзүнүн ага чейинки чыгармачылыгына таптакыр ыраазы болбой жүргөнүн айтканын уккан.

“Ал эми кийинки обондору татаалдашып, тереңдеп бараткандай туюлган” дейт маектешибиз.

Обончунун элге жарыялана элек ошол чыгармалары кызы Сюита Абдыкадыровада сакталып турган экен. Ал “Азаттыкка” атасынын мурасын элге чыгаруу мөөнөтү эми келгенин, учурда сандыкка катылып жаткан чыгармалар нотага түшүрүлүп, китеп болуп басылып чыкканы турганын айтты:

- Ооба, туура үч жүзгө жакын обону бар. Ал учурда Оштогу республикалык Рыспай Абдыкадыров атындагы коомдук фонддун аракети менен жети томдук энциклопедия чыкканы турат. Менде калган кол жазмаларын бүт топтодум.

Абдыкадырова китеп жазга таяп окурмандардын колуна тиерин белгиледи.

Абдыкадыровдун энциклопедиясы жети томдон турат. Бөкөнбай Боркеевдин айтымында, ал томдуктарга обончунун элге чыга элек обондору менен кошо буга чейин белгилүү болгон жүз элүүдөй ырлары бир нече тилде жарык көрөт:

- Араб, латын арибине оодарылды. Ошондой эле кытай, англис тилине которулду. Абдыкадыровдун обондоруна чет элдик музыканттар да кызыкдар экени белгилүү. Буга чейин анын бир ырын Америкада Антонио Паж деген дирижер 45 мүнөттүк симфонияга айланткан.

Бөкөнбай Боркеев мындан сырткары Рыспай клубунун мүчөлөрү тарабынан обончунун айылдагы эски үйү учурда музейге айланганын, музейдин алдына айкели тургузулганын билдирди.

“Экинчи Рыспайлар”

Учурда Рыспай Абдыкадыровдун ырларын аткарып жүргөндөр көп. Алардын бири - Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармониянын солисти Таалай Иманкулов.

Р.Абдыкадыров атындагы сүрөт галереясы

Р.Абдыкадыров атындагы сүрөт галереясы

Бүгүнкү күндө отуздун кырында турган бул жигит 15 жашынан баштап залкар обончунун алтымышка жакын ырларын аткарып келет. Ал “Азаттыкка” Рыспай Абдыкадыровдун ырларын аткарууга кантип кызыгып калганын айтып берди:

- Анын ырларын ырдап калышыма өзү себепчи болду. Мен Рыспай акенин ырдаганын теледен көрүп, кыякты ошол кишидей тартсам, ошол кишидей ырдасам деп кыялдана берчүмүн. Кийин атамдан кыякты күүгө келтиргенди үйрөнүп алып бир жыл бою магнитофондон Рыспай аке менен жарышып ырдадым. Эл алдына ырдай баштаганымда угармандар Рыспайдын өзүндөй ырдайт экенсиң деп калышар эле. Албетте бул мага чоң дем берди.

Иманкулов буга чейин чыгармачылыкта өз чыйырын тапканга аракет кылганын, бирок обон чыгарса да, башка ырларды ырдаса да Рыспайдын таасиринен чыга албай койгонун айтты:

- Рыспайдын ырларын аткаргандар музыкасын же сөзүн бузуп ырдап коюшат. Ал эми эл Рыспайдын ырларын уккусу келет. Анан мен өзүмө анын ырларын өзүндөй жеткиришим керек деген милдет койгом.

Качан өлөөрүн билген обончу

Рыспай Абдыкадыров 1994-жылы 53 жашында жарык дүйнөдөн өткөн. Бирок Бөкөнбай Боркеевдин айтымында, дарыгерлер он жети жыл мурун эле Абдыкадыровго өтө олуттуу дартка кабылганын, аз өтпөй майып болорун айткан экен. Обончу көзү барында бул маалыматты өзүнүн жакындарынан жашырып жүргөн:

- Кийин кагаздарын жыйнаштырып жатсак китептеринин арасынан дарыгердин аныктамасы табылып калды. Анда Рыспайдын бөйрөгү кагынганы жазылган экен. Анан Давлет эже ыйлап калды. “Эмне эле арак ичип алып ыйлап жүрөт десе өлөрүн мурда эле билген экен” деп. Бирок Рыспайдын жүрөгү күчтүү экен. Кийин дарыгерлер анын ушундай дарт менен он жети жыл жашаганына таң калышты.

Рыспай Абдыкадыров күндөлүгүндө акын Жолон Мамытов каза болгондо “Жолон кеткенден кийин мага өлүм коркунучтуу болбой калды” деп жазганы бар. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, акын Меңди Мамазаирова Рыспай менен Жолондун мамилесин мындайча эскерди:

- Рыспай эмоционалдуу киши эле. Жашык да болчу. Ал ыйлап калса Жолон аны “кыздай болуп эле ыйлай бересиң да” деп тамашалап калар эле. Экөө абдан жакшы достордон болуп жүрдү.

Рыспай Абдыкадыров 60-жылдарда чыгармачылыкка келген. Учурда анын "Издейм сени", "Алтынчы күнү кечинде", "Кымбатым", "Ак куулар сени сагынаар", "Сагынуу", "Таанышыңдай карагын” деген дагы бир нече обондору угармандарга кеңири белгилүү. Музыка таануучулар Абдыкадыровдун обондорундагы башкаларга окшобогон лирикалуу маанайды айтып бүтпөй келатышат.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG