Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

Айтматов мурастары: сыймык жана өкүнүч


Чыңгыз Айтматов тирүү болгондо 12-декабрда 84 жашка чыкмак. “Азаттык” бул күндү утурлап, залкар жазуучунун мурастары тууралуу сөз кылды.

“Арай көз чарай” талкуусу Чыңгыз Айтматовдун мурастары, алардын ичинде көзү өткөндөн кийин табылган чыгармалары окурманга толук жетип жатабы, ааламдашуу доорунун жаштары Айтматовду окушабы деген өңдүү суроолорго жооп издеди. Талкууга филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева, акын, котормочу, публицист Эсентур Кылычев жана Эл аралык Айтматов фондунун “Эң жакшы поэзия" конкурсунун жеңүүчүсү Элдар Аттокуров катышты.

“Азаттык”: Айтматовдун көзү тирүү кезде чыкпай калган, бүтпөй калган, кандайдыр бир себептер менен кезинде окурманга бербей, сандыгында сактаган чыгармалары арбын окшойт. “Жер жана флейта” романы, “Кар жана алтын”, “Агам менен кезигишүү” деген сыяктуу чыгармалары табылып жатканы жөнүндө Айтматовдун кызы Ширин күзүндө “Азаттыкка” берген интервьюсунда айтты эле.

Мен Шириндин сөзүн келтирейин: “Архив да абдан чоң. Мурда алардын электрондук версиясы жок эле, кагаздар үйүлүп эле жатат. Фонд ошол эмгектерди чыгарууну пландап жатат. Адегенде жаңы табылган чыгармалар ошол эле бойдон чыгабы же аларды редакциялаш керекпи деген маселени чечип алуу зарыл. Кол жазмаларды эксперт, адабият таануучуларга көрсөтүш керек”. Айтматовдун ушул адабий мурастары тууралуу сиздерде маалыматтар барбы? Бул жерде адабият таануучулар жөнүндө сөз кетип атат. Айтматов фонду үй-бүлөсүнүн колундадыр азыр. Балким кеп-кеңеш сураган учурлар болгондур? Чыгармаларын элге жеткирүү боюнча сиздерде кандай сунуштар бар?

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:




Лайли Үкүбаева: Биз дагы ушу Шириндин айтуусу боюнча маалымат каражаттарынан уктук, адабий мурастардын калгандыгы, жанагы өзүң айткан китептердин кол жазмасы жана башка да толуп жаткан кол жазмалары бар экендиги жөнүндө. Бирок бүгүнкү күнгө чейин аларды ирээттеп, даярдоо, басмага чыгаруу маселеси канчалык деңгээлде иштелип жаткандыгы жөнүндө эч кабарыбыз жок. Фонд Айтматовдун үй-бүлөсүнө тиешелүү. Аны уулу Элдар жетектейт. Айтматовдун жолдошу Мария эже болуп фонддун иштерин алып барып атышат. Бирок менин угушума караганда эч бир адабиятчыларга, сынчыларга кол жазмалар жете элек.

Эсентур Кылычев: Ойлонуп жүрчү элем. Бир жолу Чыңгыз Төрөкулович менен Жазуучулар союзунда көп жазуучулар менен чогуу сүйлөшүп отуруп, анда академиялык басылма жөнүндө сөз болуп калды. Анан ал киши бул академиялык басылма дегениңер кандай деп сурап калды. Ар кимибиз түшүндүрүп айттык. Анан эң негизгиси академиялык басылма деген жазуучу көзү өтүп кеткенден кийин чыгып, ошонун мурастары ар кандай варианттарда, ар кандай түрдө текстологиялык анализден өткөрүлүп, редакцияланып, жарык көрүшү керек. Бул тарабын да албетте, фонддун жетекчилери өздөрү ойлонушаар. Бирок сөзсүз түрдө мыкты редакторлор керек, мыкты стилист-редакторлорду алышса, менимче, жакшы болсо керек.

Мен Чыңгыз Төрөкуловичтин көзү өтүп кеткенден кийин толгонуп, ойлонуп, жаман кейидим. Анткени, ал киши абдан көптү билчү. Эки кылымдын биз билбеген, биз катышпаган жактарын биле турган эле. Советтер Союзунун башкаруу системасында болуп калды, Горбачевго кеңешчи болду дегендей. Мыкты жазуучулар менен жүрдү, пикирдешти, аңгемелешти, достошту, дүйнөнүн бардык материктеринде, континенттеринде болду. Ошонун баарынан учурунда бир мемуарларды жазганда шумдук нерселерди алат элек. Ушундай бир өкүнүч дүйнө болот экен...
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG