Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:39

СССРдин эл артисти, белгилүү төкмө акын Эстебес Турсуналиев тирүү болгондо 5-майда 80 жашка чыкмак. Ал мындан алты жыл мурда 74 жаш курагында каза болуп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.

Турсуналиевдин кесиптештеринин айтымында, 2008-жылы 13-мартта Жогорку Кеңеш токтом кабыл алып, анда Бишкек шаарында мемориалдык музейин уюштуруу, эстелигин тургузуу маселеси каралганы менен ушул күнгө чейин бул маселе ишке ашпай келет.

СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиев кыргыздын оозеки чыгармачылыгынын залкарлары Калык, Осмонкул, Алымкул, Исмайылдан таалим тарбия алып, сөз берметин “жамгырдай сабалаган” төкмө акын, чебер манасчы болгон. Ал 2005-жылы 11-октябрда кан басым оорусунан 74 жаш курагында дүйнө салган.

Турсуналиев каза болгондон үч жылдан кийин Жогорку Кеңеш 2008-жылы 13-мартта атайын токтом чыгарып, анда Эстебес Турсуналиевдин Бишкек шаарында мемориалдык музейин уюштуруу, эстелигин тургузуу, көчөнүн бирине ысымын берүү, жашаган үйүнө мемориалдык такта орнотуу, Талас шаарынын көчөлөрүнүн бирине атын, Манас районунун мектептеринин бирине ысымын берүү каралган эле.

Белгисиз себептер менен ал токтом ишке ашпай келатканын белгилеген улуу төкмөнүн шакирти, 22 жыл үзөңгүлөш чогуу иштешкен төкмө акын Амантай Кутманалиев коңшу казак боордоштор оозунуп Алматы шаарынын бир көчөсүнө Эстебес Турсуналиевдин ысымын бергенин айтты.

- Биз ал кишини эске алып, эскергенден мурда казак туугандар Алматы шаарынын бир чоң көчөсүнө ысымын берип салышты. Анан бизде болсо кишинин көзү жок болгондон кийин баалаш кыйын. Эстекемдин орду убагында Токтогул, Жеңижок, Калыктардын орду кандай болсо, кийинки доордо да Эстекемдин орду ошолордукундай болот.

Маалыматтарга караганда, бул маселелерди ишке ашыруу үчүн Бишкек шаар мэриясынын алдында атайын комиссия түзүлгөн. Бирок ал комиссия менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Шаардык маданият башкармалыгынан болсо Эстебес Турсуналиевге байланыштуу документтерди ошол комиссияга өткөрүшкөнүн билдирди.

Бааланбаган талант

“Эл ырчысы Эстебес” тобунун ырчысы, Кыргыз эл артисти Нуржамал Табалдиева “Эстекедей улуу таланттардын чыгармачылыгын өкмөттүк деңгээлде өткөрүү зарыл”- деп эсептейт.

- Эстебес агайдай акын жүз жылда бир жаралабы, жаралбайбы? Ал чоң талант эле. Андай адамды унуткарып койсок болбойт. Дайыма эскерип туруш керек.


Нуржамал Табалдиева белгилегендей залкарлар Калык, Осмонкул, Алымкул, Атай, Муса, Ыбырай, Карамолдо сыяктуу Эстебес Турсуналиевге да жогору баа берилип, кыргыз музыка тарыхынан татыктуу ордун бериш керек.



Айтылуу төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин өмүрлүк жубайы Райгүл Деркенбаева улуу таланттар бала кыял, сезимтал, бирөөгө кара санабаган, боорукер, кыялкеч, жан дүйнөсү өтө бай, жашоосу чыгармачылык менен чектелип, дүйнө-мүлккө көз артпаган адамдар болоорун баса белгиледи.

- Эстекем өмүр бою чоңдордун алдына барып жеке өзүнүн кызыкчылыгы үчүн бир нерсени сурап көргөн адам эмес эле. Мына ошондой жакшы касиети менен эл оозунда калды го деп ойлойм. Айрым бирөлөргө окшоп бул баламды "бул жакка орноштуруп кой, тиги баламды тиги жакка орноштуруп кой, мага үй керек же дача керек" деп бир да жолу өз көмөчүнө күл тарткан жок. Атүгүл үйүбүздү кеңейтүү тууралуу жетекчилерге маселе койгон жок. Анын артында калган мурасы төрт бөлмөлүү үй болуп калды.

Убагында Эстебес Турсуналиевди коңшу казак жетекчилери бардык шартты түзүп беришерин айтып, Казакстанда иштөөгө чакырышкан экен, алардын өтүнүчүн четке каккан төкмө Кыргызстандан эч жакка кетпестигин билдирген. Анын мындай баш тартканына карабай “Казакстандын калк артисти” наамын берип, сый-урмат көрсөтүшкөн.

Көзүнүн түрүүсүндө Улуттук филармонияда “Эл ырчысы Эстебес” фольклордук тобун уюштуруп, аны жетектеп кыргыздын бир топ таланттуу уул-кыздарын тарбиялаган. Төкмө акын дүйнө салгандан кийин кийин филармониянын жетекчилиги “Эл ырчысы Эстебес” тобу менен “Алымкул Үсөнбаев” атындагы топту бириктирип койгон.

Өнөрүн дүйнөгө тааныткан

Эстебес Турсуналиев 1931-жылы Талас облусунун Манас районуна караштуу Кара-Арча айылында жарык дүйнөгө келген. Анын атасы Турсуналы комузду жакшы черткен. Энеси Арпаян оозеки чыгармаларды мыкты билген жомокчу, кошокчу болуптур. Эстебес 9 жашында комуз чертүүнү үйрөнүп, 12 жашынан баштап өздүк-көркөм чыгармачылык ийримдерине, райондук, областтык жана республикалык кароолорго жигердүү катышат.

1946-жылы республикалык өздүк-көркөм чыгармачылыгынын олимпиадасынан улуу акын Алымкул Үсөнбаев анын өнөрүнө баа берип, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясына алып келет.

Ал кыргыздын төкмөлүк өнөрүн улантып, айтыштык салтты өнүктүрүп, манасчылык жөндөмүн Жапония, АКШ, Германия, Түркия, Орусия, Канада, Франция, Румыния, Венгрия, Финляндия, Швеция, Швейцария, Дания, Тунис, Алжир, Сирия, Йемен, Вьетнам, Лаосто да көрсөтө алган.

Эстебес Турсуналиев филармониядагы 60 жылга чукул чыгармачылык өмүрүндө төкмөлүк өнөр менен айкалыштырып, "Акындын үнү", "Айтыштар", "Заман жарчысы", "Эскерүүлөр", "Ыр өмүрүм”, "Кайыңды" аттуу китептери жарыкка чыгарган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG