Линктер

Кыргыз эл сүрөтчүсү Турсунбек Койчуевдин сөөгү 3-июлда Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Маркум менен коштошуу митинги сүрөтчү жашаган үйдүн короосунда өтүп, ага кесиптештери, замандаштары жана жакын санаалаштары катышты. Таланттуу живописчи-пейзажист 1-июлда 75 жаш курагында узакка созулган оорудан улам көз жумган.

Экономика илимдеринин доктору, академик Турар Койчуев уялаш иниси, Кыргыз эл сүрөтчүсү Турсунбек Койчуев тууралуу эскерип жатып, буларды айтты:

- Турсунбек бала кезинен эле сүрөт тартканды жакшы көрүп, кичинекей кезинен эле бирдемелерди чиймелей баштаган. Менимче, ал кесипкөй сүрөт өнөрүнө атабыз Койчунун бейнесин тартуу аркылуу келди. Ошол эмгегинде атамдын жан дүйнөсүн, мүнөзүн жакшы көрсөткөн. Атамдын бизге калтырган эң негизги өрнөгү “окугула, билим алгыла, жаныңардагы адамдар менен жакшы мамиледе болгула” - деген сөз эле. Атам бизди шыгыбызга жараша окуп, аны өнүктүрүп иштеп кеткенге салым кошкон. Турсунбек тарткан сүрөттө ошол маани берилген.

Бала кезинен өнөр дүйнөсүнө шыгы артылган Турсунбек Койчуев 1958-жылы Бишкектеги көркөм-сүрөт окуу жайына өтөт. Окууну 1963-жылы аяктап, алгач Каракол шаарында сүрөтчү-жасалгалоочу болуп эмгек жолун баштайт.

Маркумдун замандашы, Кыргыз Эл сүрөтчүсү Сапарбек Төрөбековдун айтымында, Турсунбек Койчуев алгачкы эмгектери менен эле таланттуу сүрөтчү катары республикалык, аз өтпөй бүткүл союздук деңгээлде таанымал боло баштаган:

- Турсунбектин эмгектери 60-жылдардан баштап белгилүү боло баштады. Ошол кезде “Атамдын бейнеси”, “Коллективдештирүү” деген тарыхый темага кайрылган иши мыкты чыккан. Негизи Турсунбектин мыкты эмгектери көп. Ал жаратылышка, тарыхка көп кайрылды.

Кыргыз эл сүрөтчүсү Асаналы Бейшенов болсо замандашынын чыгармачылыгы ар тараптуу болгонун айтты:

- Турсунду азыр көбүнчө пейзаж тарткан сүрөтчү деп түшүнүп жатышат. Менимче, Турсун тематикалык жанрдагы картиналарды да тарткан. Сүрөтчүлүк өнөрдү баштаганда тематикалык сүрөттөр менен баштаган. Мисалы, анын алгачкы сүрөттөрүн айтсак болот. Пейзажын айта турган болсок, ал ар бир жараткан эмгегинде жупунулукту, карапайымдыкты камтыганы менен анын эпикалык тарабын да таба билген.

Бейшеновдун баамында, Койчуев чагылдырылган тоолордун, көлдүн, дегеле жаратылыштын ар бир эле көрүнүшүндө чалкыган кенендик, тереңдик, бийиктик бар.

Турсункул Койчуевдин сөөгү 3-июлда жерге берилди

Турсункул Койчуевдин сөөгү 3-июлда жерге берилди

Маркумдун зыйнатына катышып жаткан мурдагы маданият министри Султан Раев Койчуевдин кыргыз сүрөт өнөрүнө кошкон салымын эскерип жатып, өзүнүн күйөрман катары анын эмгектеринен алган таасирин айтып берди:

- Койчуевдин уникалдуулугу - кыргыздын жаратылышынын, табиятынын эч ким байкабаган жактарын көрө билгени. Боекторго мынчалык деңгээлде сезимталдык бере билген сүрөткерди байкай элекмин. Анын ар бир картинасын карап көрсөк аябай тыкыр иштелгени көрүнүп турат. Ал сүрөтчү катары боектор аркылуу бериле турган ойдун философиясын, лирикасын таба билген.

Раев Кыргызстанда Койчуев сүрөтчүлүктүн өзгөчө мектеби болгонун, учурда мындай сүрөтчүлөр өтө сейрек экенине токтолду.

Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм-сүрөт музейинин жетекчиси Юристанбек Шыгаев маркум сүрөтчүнүн артында бай маданий мурасы калганын белгиледи:

- Турсунбек агай биздин классик сүрөтчүлөрүбүз Айтиев, Чуйковдун кийинки муун өкүлү. Турсунбек Койчуев, Сатар Айтиев, Жамбыл Жумабаев 70-жылдары СССР убагында Москвада кыргыз сүрөт искусствосун дүңгүрөткөн. Эң кубанычтуусу, Турсунбек агайдын отузга чукул эмгеги биздин Улуттук көркөм-сүрөт музейинин алтын фондунда сакталып калды. Өзү Койчуевдин эмгектерин Москвадагы Третьяков галереясы да сатып алган. Бирок бизде агайдын эмгектеринин эң көп коллекциясы бар.

Шыгаев буга улай Койчуевдин Италия, Монголия, Швеция жана Бельгия сыяктуу бир нече мамлекеттерде өткөн эл аралык конкурстарга катышканын, сүрөтчүнүн эмгектери Франция, АКШ, Кытай, Түркия, Орусия жана Казакстанда жеке коллекцияларда бар экенин айтты.

Койчуев 1-июлда 75 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумду. Ал 1941-жылы 14-октябрда Чүй облусундагы Жайыл районунун Сары-Булак айылында туулган.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

XS
SM
MD
LG