Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:12

Айтылуу комузчу жана обончу Шекербек Шеркуловдун 110 жылдык мааракеси кичи мекени Таласта өткөнү турат. Бирок ал мамлекеттик деңгээлде өтөбү же тууган арасында белгиленеби азырынча белгисиз. Учурда комузчунун өнөрүн небереси Намазбек Шеркулов улап келет.

Тамашакөй төкмө эле...

"Азаттык": -Шекербек чоң атаңызды көзү тирүүсүндө көрүп калдыңызбы?


Намазбек Шеркулов:- Көрбөй анан. Чоң атам 1980-жылы көз жумду. Өз доорунун улуу комузчусу эле. Күүлөрдү укмуштай эргитип чертчү. Куйкум сүйлөп, чукугандай сөз тапчу.

Таласта Асан Токоев деген акын бар эле. Бир күнү атам экөө базардан жолугуп калышты. Атам аны көргөндө кычык сүйлөгүсү келдиби, айтор:
Иним Асан Токоев,
Дайыма жалгыз жүрөт кокоюп-деп тийише баштады. Асан байкем да жемин жедирчү эмес:
Кайран Шекем,
Оту бар эки көзүндө,
Ордени бар төшүндө-деп туюк жооп узатты. Ошону менен тамаша айтыш башталып кетти. Жарданган эл күлүп атат.

Төкмөлүк жайын айтсам өзүнчө сөз. Пенсияга чыккандан кийин Талас элдик театрында иштеп калды. Актер, төкмө акын Назарбек Камчыбеков шакирти эле. Бир күнү экөө эл алдында айтышка чыгат. Ошондо Назарбек чоң атамды “картаң буура” деп чымчып коюптур. Анда атам:
Эчтеме билбес айбаным,
Ээрчитип жүргөн тайганым.
Эл астына чыкканда,
Эргип жакшы сайрагын - деп сылык тыйган экен.

Жети атасынан бери комузчу болгон

"Азаттык": - Чоң атаңыз кандай үй-бүлөдө туулган, атасы да комузчу болгонбу?

Намазбек Шеркулов: - Бул өнөр биздин тукумга жети атадан бери келатат. Түпкү атабыз Эркесарынын Шеркул, Керимкул, Шертай деген үч уулу болгон. Үчөө тең таланттуу экен. Алар эс тартканда үйдөгү жалгыз комуз талашка түшөт. Ошондо Эркесары айыл аксакалдары менен кеңешип, уулдарына күү черттирет. Ал сынакта менин бабам Шеркул жеңип чыгат. Атанын сөзү эки болмок беле, комуз анын энчисине тиет. Шеркул бабабыз казак-кыргызга таанымал чоң комузчу болуптур. Кийин өнөрүн уулу Шекербек улап жатпайбы.



"Азаттык": - Укумдан-тукумдан бери келе жаткан өнөр турбайбы?

Намазбек Шеркулов: - Өзүмдүн атам Камчыбек “Кыз кербез”, “Насыйкат”, “Кер толгоо” деген күүлөрдүн уңгусун чертчү. Бирок татаал күүлөрдү кайрый алчу эмес. Талант бир жагынан болбосо, экинчи жагынан өрчүйт тура. Күү черте албаганы менен жакшы ырдачу. Чоң атамды кээде тамашалап “менин апамды чанып койо бергенсиз, мага комузду жакшы үйрөтпөй койдуңуз” деп ич күптүсүн айтып алчу. Антсе чоң атам “ээ балам, жаштык-мастык да” деп күлүп кутулчу. Бала кезде нотаны ким билиптир. Мен чоң атамдын черткенин карап отуруп эле үйрөнүп кеткем.

Арзыкан рахматын айтып кетиптир

"Азаттык": - Улуу адамдын баары улуу сүйүүгө жолугат тура. Анын арты менен улуу чыгармалар жазылат турбайбы. Шекербек Шеркуловдун махабат ырларынын артында да ошондой баяндар бардыр?

Намазбек Шеркулов:- Өткөндө Балбай Алагушев бир сүрөт көрсөттү. Карамолдо Орозовдун жанында муруту керилген сулуу жигит отурган экен. Мен аны “Атай Огомбаевби бул?”-деп бүшүркөп жаткам. “Чоң атаң” десе аябай таң калдым. Эми өзүңөр ойлосоңор, сулуу болсо, өнөрлүү болсо, кыз-келиндер ашык болуп атса, ким көппөйт? Айтор, чоң атамдын жаш кездеги жоруктары бир таңгак сөз. Тели-теңтуштары кийин да тамашага чалып айтып жүрүшчү. Жанагы “Арзыкан” деген ыры бар эмеспи:
Алайдан чыккан сулуусуң,
Агарган таңдын нурусуң.
Айлыбыз бирге болбогон,
Алыскы жолуң курусун-деп боздоп жатпайбы.

Арзыкан өзү чабандын келинчеги болуптур. Жоон топ өнөрпоздор гастролго барганда үйүнө коноктогон окшойбу:
Пейилиң кенен жаздайсың,
Көңүлүң жумшак саздайсың.
Көйкөлүп басып жүргөнүң,
Көлдө бир сүзгөн каздайсың.
Көңүлдөш курбуң мен турсам,
Көңүлсүз кимди жандайсың?-деп төккөн экен. Арзыкан ошондо “Шеке ушуну патефонго жаздырып койчу” деп суранган тура. Атам сөзүнө туруп жаздырып, ыр элге таркап кетет. Кийин Арзыкан тай союп, эки куржундун көзүн толтуруп рахматын айтып кеткен экен.

Залкар күүлөрдү иштеп чыккан

"Азаттык":- Пенсияга чыккандан кийин деле далай обон-күүлөрдү жаратса керек?


Намазбек Шеркулов:- Чоң атам өмүр бою филармонияда иштеп жүрүп, 1963-жылы пенсияга чыкты. Анан айылга көчүп барды. Анда деле комузду таштаган жок. Атай Огомбаевдин “Тоо булбулун”, “Ак тамак, көк тамагын”, Ниязалынын “Кер толгоосун” дагы биртоп күүлөрдү иштеп чыккан. Бул эмгегин башкалар билбесе да, комузчулар жакшы билет. Баса, азыр Мирбек Атабеков ырдап жүргөн “Таласымды” ошол пенсияда жүргөн кезде чыгарган болчу. Анда:

Селкилер ырдап бараткан,
Суктантып мени караткан.
Кадимки Зыйнат келиндей,
Сулуулар чыккан Таластан-деген да куплети бар болчу.



Зыйнат Садыкова деген социалисттик эмгектин баатыры болгон экен. Кийин эмнегедир ал куплети кыскарып калган. Бул ырда эми өткөнгө болгон кусалык жатат. Атам Жергетал айылынын жайлоосунда, Талас суусунун боюнда чоңоюптур. Балалыгын ким сагынбайт?

"Азаттык":- Ушул жылы чоң атаңыздын 110 жылдык мааракеси өтөт тура. Уюштуруу иштери кандай болуп жатат?

Намазбек Шеркулов: - Аракет кылып жатабыз. Көзү тирүүсүндө өмүр баянын жазып калгам. Ошону китеп кылып чыгаруу ниетим бар. Негизи, Шекербек атабыз залкарлар менен тете айтылып жүрөт. Бирок убагында Эл артисти наамы берилбей калган. Музыка таануучу Балбай Алагушев бул тууралуу көп эле айтты, жазды. Көңүл бурган бирөө болгон эмес. Эми ушул жылы чоң атамдын 110 жылдыгын белгилегени турабыз. Бийлик башында тургандар мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүп берсе деген тилек. Анан тирүү кезинде албай калган наамын берип коюшса арбак ыраазы болот беле.

  • 16x9 Image

    Санжи Туйтунова

    “Азаттыктын” Бишкек бюросунун кызматкери, веб-редактор. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG