Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:54

Гүлнур менен Айчүрөктү чырлаштырган ыр


Сатылганова менен Иманалиева.
Сатылганова менен Иманалиева.

Кыргыз эстрадасындагы эки жылдыз - Гүлнур Сатылганова менен Айчүрөк Иманалиеванын “Сахна” аттуу ырдан чыккан чатагы социалдык тармактарда башкы темага айланып, автордук укук маселесин кайрадан көтөрдү.

Маданият өкүлдөрү Кыргызстанда мындай учурлар көп эле кездешээрин, себеби чыгармачыл чөйрөдө автордук укук, интеллектуалдык менчик деген түшүнүктөр өз деңгээлинде калыптана электигин айтышууда.

Эки ырчы бирдей аткарган “Сахна” аттуу ыр учурда жергиликтүү радиолордо жана социалдык желелерде угармандардын сынына коюлуп жатат. Ар кими өзүнө менчиктеген ырга эки ырчы тең өз аргументтерин келтирген. Маселен, Эл артисти Гүлнур Сатылганова ырдын сөзүн да, обонун да өзү жаздырганын, бирок, Айчүрөк Иманалиева уруксатсыз ырдап алганын айтууда:

- Мен өзүмдүн аткаруучулук укугумду коргогум келип жатат. Менин авторлор менен түзүлгөн келишимим бар. Ал жазуу түрүндө да колумда турат. Чет мамлекетте авторлор менен ушундай келишим түзүп алышат экен. Бизде мындай тажырыйба аз болгондуктан, ушундай башаламандык болуп жатат. Аткаруучунун да укугу корголуш керек да.

Сатылганова Айчүрөк Иманалиевадан талаштуу ырдын ал аткарган вариантын радиолордон алдырууну талап кылып жатат. Азырынча сотко кайрылууну ойлоно элек.

Эмгек сиңген артист​ Айчүрөк Иманалиев болсо “Сахна” ырынын обонунун автору Рамис Алиев менен бирге бир жумада жазып бүткөнүн, бирок көп акча төлөгөн кардар ырдын ээси болуп кеткенин айтып, эми ырдан баш тартканын билдирди:

- Мен жай отуруп сүйлөшкөнгө даярмын. Албетте, авторлордун укуктарын сыйлайм. Отуз жылдан бери жыйнап келе жаткан кадыр-баркымды бир ыр үчүн жок кылып алгым келбейт. Бул ыр үчүн анчалык жулкунган деле жокмун. Ооба, мен ырдаган вариант көнүгүү учурунда жазылган. Аны "черновой вариант" деп коебуз. Бирок ошол вариантты деле эл жактырып угуп жатат. Эгер бул ыр жакса ырдай берсин, мен аталган ырдан баш тартам.

Ырдын сөзүнүн автору Дүйшөн Чомо уулу чыгарманын тагдыры тууралуу мындайча кеп кылды:

- Мен негизи ырдын текстин сахна жөнүндө өзүм эле жазып койгон элем. Анан ушул жылдын апрель айларында Гүлнур мен иштеген жерге келип калды. Ага ырды көрсөтсөм жагып калганын айтты. Анан экөөбүз ырга обон чыгартуу үчүн Рамис Алиевге алып келгенбиз. Ошол бойдон макулдашып чогуу иштеп жатканбыз. Анан эле ыр бүтөөрдөн бир күн мурун Иманалиева ырдаган вариантты угуп калдым. Ал азыр менде жазылып турат. Айчүрөк эки куплетин гана ырдап, калганын таштап коюптур.

Биз обондун автору Рамис Алиев менен байланыша албадык.

Композиторлор бирлигинин төрагасы Турдубек Чокуев эки ырчынын бир ырды талашып жатканын туура көргөн жок:

- Бул эми талаша турган деле ыр эмес экен. Эгер тири укмуш, кылымдарга кала турган мыкты чыгарма болсо сөз башка эле. Менин оюмча бул бир эле аранжировкага экөө тең ырдап алып, анан “ага мен акча төлөп жасатпадым беле” дегенден улам эле келип чыккан чыр окшойт. А чынында аткаруучулардын ырды талашканга укугу жок. Өзүнүн чыгармасын автор гана кайсы аткаруучуга берүүнү өзү билет. Мисалы, автор өзүнүн ырын “баланчага ырдаткым келбейт” деп радиолорго барып тыюу салып койсо болот.

Чокуев ырдан чыккан чыр Кыргызстанда автордук укук тууралуу мыйзамдар жетиштүү деңгээлде сакталбай жатканынан улам болуп жатат дейт.

Кыргызпатент мамлекеттик ишканасынын автордук укук боюнча бөлүмүнүн адиси Гулжамал Усупакунова автордук укуктун мыйзамдык негиздерине токтолду:

- Ар бир чыгарманы автордун уруксаты жок пайдаланганга болбойт деген мыйзам бар. Буга музыканын автору, текстин автору тыкыр мамиле кылыш керек. Алардын уруксаты болмоюнча ошол чыгарманы эч ким аткарганга, көчүрүп алганга болбойт. Клип да ушундай жол менен тартылышы шарт. Алардын ортосунда келишим болуш керек. Ал келишим нотариуста күбөлөндүрүлүшү зарыл. Эгер ошол чыгарманы башка бирөөлөр автордун укугу жок пайдаланса, анда автордук укугу бузулган жаран сотко кайрылганга укугу бар.

Гулжамал Усупакунова буга чейин автордук укугун коргоо боюнча соттук териштирүүгө жеткен учурлар дээрлик жок экенин белгиледи.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG