Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:45

Театр босогосун аттабаган саясатчылар бар


"Курманжан датка" спектаклинен бир көрүнүш

"Курманжан датка" спектаклинен бир көрүнүш

“Арай көз чарай” талкуусунун бул жолку чыгарылышы Бишкектин башкы сахналарында театр сезонунун ачылышына арналды.

Талкууга Токтоболот Абдымомунов атындагы мамлекеттик академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси, эл артисти Замирбек Сооронбаев, ушул эле театрдын адабият бөлүмүнүн башчысы Абибилла Пазылов жана Абдылас Малдыбаев атындагы мамлекеттик опера жана балет театрынын директору, искусствовед Тимур Саламатов катышты.

“Азаттык”: Кепти драма театрдан баштасак. Себеби 18-октябрда улуттун сыймыгы болгон бул театр 3 жылдык тыныгуудан кийин, тагырак айтканда ремонттон кийин кайра көшөгөсүн ачканы турат. Ошентип күйөрмандарын “Курманжан датка” спектакли күтүүдө. Замир мырза, театр сезонун 18-октябрда ачуу салтпы, же кайсы бир датага арналдыбы?

Замирбек Сооронбаев: Быйыл тарыхый жыл, улуу инсаныбыз Курманжан датка апабыздын жылы деп атабыз. Мурда деле театрлардын сезону октябрда ачылчу. Кудай буйруса 18-октябрда “Курманжан датка” спектакли менен ачалы деп даярданып турабыз. Үч жылдан бери көрүүчүлөрүбүз бизди сагынып, биз да көрүүчүлөрүбүздү сагынып, куса болуп, азыр көйнөгүбүзгө батпай турган кезибиз.
Ар бир театр премьерасында биз чиновниктерге милдеттүү түрдө чакыруу жиберебиз. Бирок бири да басып келбейт. Театрдын кайсы жерде турарын билбеген чиновниктер да бар.

Абибилла Пазылов: Үч жыл түрдүү себептер менен театр туруп калганы көрүүчүлөрдүн арасында ар түрдүү сөздөрдү пайда кылды. Чыгармачылык жагынан зыян болду. Бирок экинчи жагынан театрды сагынуу, театр болбосо искусствобуз, маданиятыбыз өксүп кала турганы үч жылдын ичинде көрүндү. Ошон үчүн азыр театрдын кайра ачылышы кыргыз искусствосунун, кыргыз маданиятынын азыркы тарыхында жаңылык болуп, ушул тапта жакшы жышаан алуу көрүнүш катары кабыл алынып атат.

Замирбек Сооронбаев: Үч жылдан бери театр такыр ишсиз отуруп калган экен деп ойлобош керек. Театр ремонтко жабылып турган мезгилде башка аймактарга чыгып, спектаклдерди көрсөтүп жаттык. Былтыр ушул маалда кыргыз улуттук театрында биринчи жолу кичи сахна ачканбыз, моноспектаклдер болуп атты. Мындан ары кичи сахнабыз да, чоң сахнабыз да дайыма иштеп турмакчы.

“Азаттык”: Опера жана балет театры ишемби күнү жаңы балет сезонун Римский Корсаковдун “Шехерезада” жана Игорь Бородиндин “Князь Игорь” операсындагы кыпчактар бийи боюнча коюлган бир актылуу балеттер менен ачты. Демейде биринчи спектакль аркылуу театр көрөрмандардын оюнга болгон кызыгуусун, табитин, артисттердин оюнунун кемчилигин айтчу. Тимур мырза, сиз искусствовед жана театрдын жетекчиси катары айтсаңыз, эки спектаклдин жүз ачары кандай болду?

Тимур Саламатов: Көрөрмандар тарабынан жаңы спектаклдер жакшы кабыл алынды. Көрөрмандарыбыздын эң биринчи катарында президентибиз Роза Отунбаева болгонун айткым келет.

Биз ушул спектаклдерди көптөн бери сахнага чыгаралы деп келатканбыз. Республикадагы оош-кыйыштар жана жашоодогу кыйынчылыктар болуп биз убагында жасай албай, “Мегаком” компаниясынын жардамы менен эки спектаклди сахнага чыгардык.

Биз театралдык сезонду 1-октябрда ачканбыз. Бул биздин музыканттар үчүн ыйык күндөрдүн бири. Анткени 1-октябрды Кыргызстандагы карылар күнү деп баары билет. Бирок эл аралык деңгээлде бул эл аралык Музыка күнү. Ошон үчүн быйыл биз Абдылас Малдыбаев, Ференин “Айчүрөк” спектакли жана Чайковскийдин “Ак куу көлү” менен ачтык. Кечээ жаңы спектаклдин премьерасын көрсөттүк. Биздин президент менен бирге Орусиянын элчиси жана көптөгөн меймандар болду. Алардын жана жалпы көрүүчүлөрдүн кол чабууларына караганда спектакль жакшы өттү.
Маданият элдин жашоосунун күзгүсү деп бекер айтпайт. Театрдын ар бир көрүүчүсүн бешикте жаткан баладан баштап тарбиялашыбыз керек. Ошол системаны жолго коюш керек.

“Азаттык”: Тимур мырза, сиз президентти жана сыйлуу конокторду ашыкча белгилеп атканыңызга караганда кыргыз чиновниктери, жогорку даражалуу адамдар театрга аз келет сыңары?

Тимур Саламатов: Аз келет, анткени кыргыз чиновниктери, министрлер, депутаттар той-топур болгон жерде жана эстрада концерттеринде жүрөт.

Ал эми искусствонун бийик туу чокусу болгон опера жана балетте алар көрүнбөйт. Бизге көбүнчө эл аралык ишкерлер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, АКШ, Швейцария, Германия, Жапония, Корея элчиликтеринен келишет.

“Азаттык”: Төлөгөн Касымбеков менен Көчкөн Сактанов жазган “Курманжан датка” буга чейинки коюлган Курманжан датка боюнча спектаклдерден эмнеси менен айырмаланат?

Замирбек Сооронбаев: Бул пьеса 2000-жылы маркум Бообек Ибраев экөөбүз биргелешип коюлган спектакль болчу.

Курманжан датка жөнүндөгү чыгармалар мындан кийин дагы көп жазылыш керек. Бул чыгармада биздин улуу апабыз Курманжан датканын саясий ишмердүүлүгү, кеменгерлиги жөнүндө көрсөтүлөт.

Ош драма театрында да Курманжан датка жөнүндө поэтикалык спектакль коюлду. Нарын театрында да Курманжан датканын эне катары берилген басымдуу чыгармасын 2001-жылы койгом. Биздин улуттук театрда чоң тарыхый чыгармаларды коюуга мүмкүнчүлүгүбүз көбүрөк, материалдык базабыз да, актерлук курам да чоң, эмгек сиңирген эл артисттери ойнойт.

Абибилла Пазылов: Биздин спектакль Курманжан датка аркылуу ошол доорду, ошол убактагы саясий-коомдук турмушту кеңири элге бере алганы менен айырмаланат. Мунун негизинде Төлөгөн Касымбековдун “Кел-кел” романы, ошол кишиге таандык болгон сөздөр, автордун көз карашы сакталуу менен спектакль сахнага чыгарылган.

“Азаттык”: Быйыл көрөрмандарды тартуу үчүн кайсы жаңы спектаклдерди коюп жатасыздар? Быйылкы жылдын репертуары кандай болот?
Кыргыз чиновниктери, министрлер, депутаттар той-топур болгон жерде жана эстрада концерттеринде жүрөт. Ал эми искусствонун бийик туу чокусу болгон опера жана балетте алар көрүнбөйт.

Тимур Саламатов: Албетте Курманжан датканын 200 жылдыгын биз белгилебей койо албайбыз. Быйыл Курманжан датка жылына илеп белгини биз койолу деп атабыз. Ошого карата декабрда Курманжан датка тууралуу драма-балет спектаклин даярдап атабыз. “Курманжан датка – Алай ханышасы” деп убактылуу атадык.

“Азаттык”: Анын либреттосун ким жазган, музыкасы кимдики?

Тимур Саламатов: Анын музыкасын композитор Сталбек Бактыгулов жазган, балетти коюучу – эл артистибиз Кубан Сыдыков. Либреттосун да биздин чыгармачылыктын жардамы менен Кубан Сыдыков жазган. Дагы кайсы авторлор кошулары азырынча тактала элек. Анткени “Курманжан датканы бийлеткен болобу?” деген сөздөр чыгып кетти. Биз “Курманжан датканы жаш чагында, Алымбек датка менен таанышып жатканында бийлетсе болот. Бирок кийин ханыша болгон мезгилде башкача формада беребиз” деп айттык. Ошого жараша азыр либреттого тактоого жүрүп жатат.

“Азаттык”: Сиздер ушул жылкы репертуарыңыздар менен тааныштыра кетсеңиздер?

Замирбек Сооронбаев: Жүрүп аткан репертуарыбыздан жылдын аягына чейин 16сын тандап алдык. Бизде 47 репертуар бар. Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын эн белгиси болгон Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей” деген спектаклибиз бар, 21-22си күнү болот. Ноябрда ушул спектаклдин коюлганына 30 жыл болуптур. Ошону белгилейли деп атабыз.

Бир топ залкарларыбыздын көзү өтүп кетти, ошолорду эскерүү максатында, бир тобу кадырлуу эс алууда жүрөт, аларды чакырабыз. Жаш муундагылар бул спектаклди ойноп атышат. Бул биздин театрда мамлекеттик сыйлыкты алган биринчи спектакль.

Абибилла Пазылов: “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай” – көптөн бери сахнадан түшпөй келаткан спектакль. Бул быйыл Эл баатыры болгон, белгилүү драматург Бексултан Жакиевдин чыгармасы. Ошондой эле Мар Байжиевдин, Токтоболот Абдумомуновдун пьесалары боюнча коюлган спектаклдер бар. Орус классикасынан Антон Чеховдун “Сунуш” жана “Маараке той” деген водевилдердин негизинде түзүлгөн спектакль, казак драматургу Рахимжан Оторбаевдин пьесасы боюнча, польшалык драматург Ян Теддердин “Дубал” деген спектаклдери коюлат.

“Азаттык”: Тимур мырза, 1970-жылдары Кыргыз опера жана балет театрында “Манас” операсы да жүрдү эле. Сиздер “Манас” операсын кайра койгону жатасыздарбы?

Тимур Саламатов: Бизде андай идея болгон. Бирок Миңжылкыев, К.Муктаров, Мырзабаевдин убагындай баритон менен бастарга бай мезгил өткөн. Азыр бас менен ырдаган жалгыз гана Талгар Жакшылыков деген бар. Андан башкасынын баары о дүйнөгө кеткен жана жаштардан андай үн табылбай жатат. Баритондор бар, бирок аз. Ошон үчүн драмалык спектаклден айырмаланып, опералык спектаклдер үндөрдүн топтошуна ылайык болот.

“Азаттык”: “Саманчынын жолу” боюнча коюлган балет-оратория боюнча кандай? Буга байланыштуу пландарыңыздар барбы?
Ар бир муундун өзүнүн мезгилинде көтөрө турган жүгү болот. Мисалы, 30-40 жыл өткөндөн кийин ушундай залкарлар болду деген атка татыктуу боло турган артисттер бүгүн да бар.

Тимур Саламатов: Анын декорациясы, костюмдары сакталып калган, орчундуу, олуттуу окуялар болгондо ал спектаклди коюп атабыз. Андан башка Айтматовдун либреттосуна жазылган “Маңкурт жөнүндө баян” деген укмуш сонун балет болгон. Ошону кайра жандандыралы десек баары каражатка такалып атат. Кыргыздын азыркы интеллигенциясы тойлордон, саунадан акчасын аябайт, бирок опера, балетке келгенде көбү акчасын аяп калат.

“Азаттык”: 1960-70-жылдары кыргыз мамлекеттик драма театрында Рыскулов, Бакен Кыдыкеева жана башка артисттер ойноп турган кезде билет алуу мүмкүн эмес болчу. Азыр ушул жагынан кандай?

Замирбек Сооронбаев: Ар бир муундун өзүнүн мезгилинде көтөрө турган жүгү болот. Мисалы, 30-40 жыл өткөндөн кийин ушундай залкарлар болду деген атка татыктуу боло турган артисттер бүгүн да бар.

Бирок акыркы 20 жылдын ичинде театрга келип аткан көрүүчүлөрдүн санынын азайып атканын бирде көрүүчүдөн, бирде театрдан көрүп, күнөөлүүнү издегендей мамиле кылып атабыз. Бирок бул каражат маселесине барып такалат. Буга мамлекет тарабынан көңүл бурулуш керек. Маданиятка, адабиятка кошумча кыла тургандардын салымынын кайсы бир пайызын кыскартып, бул жакка бере турган болсо жакшы болмок.

“Азаттык”: Ошол кезде Сарман Асанбеков, жаңы чыгып келаткан Жаныш Кулмамбетов жана башка театр таануучулар жаңы спектаклдер жөнүндө раматылык Эсенбай Калдаров ошол замат жазып, угармандарды да кызыктырып турчу. Бир жагынан рецензиялардын чыкпай атканы да угармандарды көңүл кош кылса керек деп ойлойм.

Замирбек Сооронбаев: Театр сынчылары да кеткен. Театр жөнүндө эч ким жазбай калган.
Азыр бас менен ырдаган жалгыз гана Талгар Жакшылыков деген бар. Андан башкасынын баары о дүйнөгө кеткен жана жаштардан андай үн табылбай жатат. Баритондор бар, бирок аз.

Абибилла Пазылов: Бизде пьеса жазган драматургдардын саны азайып, болсо да көрүнбөй баратат. Пьеса киносценарий жазганда ошол коюлабы деген маселе келип чыгат. Коюлбай калса, ага акча короткондон көрө повесть, роман жазууга өтүп бараткандай болуп атат. Ушуга атайын сынактарды уюштуруу боюнча иштеп атабыз.

“Азаттык”: Тимур мырза, сиз да бир кезде спектаклдер жөнүндө өтө активдүү жазып жүрдүңүз эле?

Тимур Саламатов: Мен кесибим боюнча музыкалык сынчымын. Маданиятта болуп аткан оош-кыйыштар өлкөдө болуп аткан оош-кыйыштарга байланыштуу.

Маданият элдин жашоосунун күзгүсү деп бекер айтпайт. Театрдын ар бир көрүүчүсүн бешикте жаткан баладан баштап тарбиялашыбыз керек. Ошол системаны жолго коюш керек. Ал системаны жолго коюш үчүн ар бир үй-бүлөдө баласы маданияттуу болуп тарбиялансын деп тилесе баласын маданиятка тартыш керек. Ошондо театрга барган адам көбөйөт.

Замирбек Сооронбаев: Театр тууралуу маалымат көп болсо эл өзүнөн-өзү келет.

“Азаттык”: Сиздердин театрда кичи зал иштеп турган учурда чоң деңгээлдеги адамдар, депутаттар, саясатчылар канчалык көп келишчү эле?

Замирбек Сооронбаев: Ар бир театр премьерасында биз милдеттүү түрдө чакыруу жиберебиз. Бирок бири да басып келбейт. Театрдын кайсы жерде турарын билбеген чиновниктер да бар. Эртеңки ачылышыбызга бардык жетекчилерге чакыруу жөнөттүк, кандай келерин көрөбүз. Бизде биринчи адам келсе баары топурап келишет, ал келбесе эч ким келбейт. Идеологияны маданияттын очокторунан издесек жакшы болот эле.

“Азаттык”: Рахмат. Биздин талкуу Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында театр маданияты эгерде совет доорунда калыптанса, бүгүн ал маданият өтө төмөн түшүп кеткенин көрсөтөт.

Мен ушул талкууга даярданып атып грузин кесиптештерим менен сүйлөшкөнүмдө, алар саясий лидерлер, депутаттар театрга үзбөй барып турарын айтты. Ал эми Прагада да театрларга саясатчылардын, дегеле жогорку кызматтагылардын барып турушу кадыресе көрүнүш. Прагада театрлардын саны Москвадагыдан да көп.
XS
SM
MD
LG