Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:50

Кыргызстан Бажы биримдигинин астанасында


Украина -- Бажы биримдигине каршы акциядан бир көрүнүш, Днепропетровск, 5-апрель, 2013
Украина -- Бажы биримдигине каршы акциядан бир көрүнүш, Днепропетровск, 5-апрель, 2013

Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин шарттаган жол картасы 29-майда биримдиктин Астанадагы жыйынында каралышы мүмкүн.

Жол картасы бекитилсе андан ары келишимге кол коюлуп, улуттук мыйзамдарды Бажы биримдигинин шартына шайкеш келтирүү иштери башталат. Экономика министри Темир Сариев бажы биримдигине кирүүдөгү жеңилдиктер атайын келишимде караларын белгиледи. Бирок муну эксперттер сүйлөшүү жараянындагы ыңгайсыз ыкма катары баалашып, жол картасы бекиген соң Кыргызстан өзүнүн кызыкчылыгын таңуулай албай каларын эскертишүүдө. Ошол эле кезде өлкөнүн Бажы биримдиги менен дүйнөлүк соода уюмунун тарифтик саясатын айкалыштыруу жагы күңүрт бойдон калып жатканы сынга алынууда.


Жеңилдик каралбаган жол картасы


Бажы биримдигине кирген Беларус, Орусия жана Казакстан 29-майда Астанада өтчү жыйында уюмду Евразиялык экономикалык мейкиндикке айландыруу боюнча келишимге кол коюшу күтүлүүдө. Ошондой эле анда Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Евразиялык экономикалык мейкиндикке кошулуу шарттарын бекиткен жол картасы күн тартибине коюлушу мүмкүн.

Кыргызстандын саүсий жетекчилиги аталган жыйынга катышууга атайын чакыруу алган. Бирок сунушталып жаткан жол картасында айрым товарларга бажы төлөмдөрүн азыркы тартипте калтырууну караган жеңилдиктер киргизилген эмес.

Экономика министри Темир Сариев ал жеңилдиктер жол картасынан кийин кабыл алына турган келишимде көрсөтүлөрүн белгиледи:

- Жол картасында биздин укуктук базабызды Бажы биримдигине шайкеш келтирүүнүн шарттары камтылган. Бажы биримдиги боюнча 110 документ кабыл алынган. Ал эми Евразиялык экономикалык союзга кошулуу үчүн биздин мигранттардын абалын жакшыруутуну көздөгөн он сегиз документ каралып жатат. Биримдикке кирүүнүн мөөнөттөрү жана бериле турган жеңилдиктер атайын келишимде бекитилген. Ошол үчүн алар жол картасына киргизилген жок.


Кыргызстан кызыкчылыгын коргой алабы?


Буга чейин өкмөттүн алдындагы жумушчу топ бажы Биримдигине кирүүнүн жол картасын иштеп чыгып, анда бир топ шарттарды койгон болчу. Анда сырттан ташылчу чийки зат, кездеме, фирнитура, техникалык жабдуу жана электрондук каражаттар сыяктуу товарлардын түрлөрүнө бажы тарифин өзгөртүүсүз калтыруу жагы суралган. Бирок Бажы биримдигинин айрым мүчөлөрү андай жеңилдиктер менен Кыргызстанды биримдикке кабыл алууга каршы чыгышкан.

"Эркин базар" институтунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиев Бажы биримдигине кирүүдөгү мына ошол жеңилдиктерди алуу шарттары жол картасында көрсөтүлүүгө тийиш болчу деп эсептейт:

- Буга чейин президент дагы, өкмөт дагы, экономика министри дагы Кыргызстан өзүнүн улуттук кызыкчылыгы эске алынган шартта гана Бажы биримдигине кирет деп билидиришкен. Бирок алар буга чейин коюп келген жеңилдиктерди алуу маселесин экинчи планга калтырып койгондой. Анткени мына ошол эң өзөктүү маселе жол картасына киргизилүүгө тийиш эле. Анан эми ал жол картасы кабыл алынгандан кийин Кыргызстан аталган макулдашууга өзүнүн шарттарын кандайча коё алат? Бул жагы логикалык жактан алганда жөн эле утулуш.

Кыргызстанга Бажы биримдигине кирүү үчүн 377 миллион доллар керектелет. Бул каражат өлкөнүн бажы постторун жаңыдан жабдууга, эл аралык деңгээлдеги лабораторияларды курууга жана товарлардын техникалык регламентин иштеп чыгууга жумшалат. Ошол эле кезде Кыргызстандын алдында мүчө болуп турган Дүйнөлүк соода уюмунун талаптарын бузбаган шартта Бажы биримдигине кирүү сыноосу турат. Анткени мындан аркы тарифтик саясат боюнча Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюму менен сүйлөшө элек.

Юстиция министри Алманбет Шыкмаматов Кыргызстан мүчө болгон Дүйнөлүк соода уюму менен Бажы биримдигинин талаптарын шайкеш келтирүү иштери аягына чейин жүргүзүлөрүнө токтолду:

- Биз бир эле учурда Бажы биримдигине да кирип, Дүйнөлүк соода уюмуна да мүчө бойдон кала беребиз. Анткени дүйнөдө мындай практика бар. Ошондуктан мында бири-бирине карама-каршы келген жагдайлар жокко эсе. Анан эми биз Дүйнөлүк соода уюмунан алган тарифтик саясаттагы жеңилдиктер кайрадан каралышы мүмкүн. Ал маселе орчундуу деле татаалдыкты жаратпайт.

Ошол эле кезде бир катар эксперттер Дүйнөлүк соода уюму менен Бажы биримдигинин ортосундагы бажы тарифиндеги айырмачылыктарды шайкеш келтирүү оңойго турбайт деп эсептешет.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнүн укуктук жагдайын караган жол картасы Жогорку Кеңештин эки комитетинен талкуудан өттү. Башында парламенттин фискалдык саясат комитети анын долбоорун жактырып, эл аралык мамилелер боюнча комитети анын корутундусуна шилтеме берүү менен жол картасын палатанын кароосуна алып чыгууга макулдук берди.

XS
SM
MD
LG