Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:50
Мартин Кингдин “Менин бир кыялым” деген адамзаттын жан дүйнөсүнө бүлүк салган романтикалуу сөзүнө 50 жыл толду. Бул ой - кыял азаттык, көз карандысыздык, зордук-зомбулуксуз жанаша жашоо, теңдик үчүн жана расизм, дискриминацияга каршы ааламды жаңырткан чакырык эле. Бул руханий чакырык утуру жаңыланып, азаттыктын баштоочусу болуп калды. Азыр уйкудагы мээлерди ойготуп, акыл калчатып келет. Коомдо позитивдүү ойлонууну, ойгонууну жаратты. Жарандык коомдун саясий, социалдык кызыкчылыктарынын туусун бек кармап, 50 жылдан бери ааламга азаттык жарыгын чачууда.

Адам адамга кас эмес, дос принцибине жол ачкан баптист, пастор, теология илиминин доктору америкалык жаран болгон.

Мартин Кингдин укук коргоо ишмердигине сереп салсак, 1955-жылдын аягына туура келет. Күрөш АКШнын Алабама штатындагы Монтгомери шаарында кара түстүү расадагы Роза Паркс аттуу аял жумуштан чарчап келатып, коомдук транспортто ак расадагы жүргүнчүгө орун бербей койгондо башталган. Ал мезгилде каралар үчүн транспортто отурууга тыюу салынган. Аларды транспорттун айдоочусу да орунга отургузбай, эскертип турган мезгил эле. Транспортто тартипти бузгандыгы үчүн Роза Паркс камакка алынган.

Бул окуядан соң Монтгомери шаарындагы кара расадагы коомчулук бир жылдан ашык коомдук транспортко түшпөй бойкот жарыялашкан. Бойкоттун жыйынтыгы менен Алабамада АКШнын Жогорку Сотунун чечими менен расалар ортосундагы сегрегация мыйзамсыз деп жарыя кылынган. Ошол эле 1956-жылы кара түстөгү теги африкалыктардын Америка Кошмо Штаттарында актар менен транспортто бирге жүрүүгө (отуруп) мыйзам чегинде укукка ээ болушкан. Бул Кингдин биринчи жеңиши эле.

Кинг 1963-жылы Бирмингемде (АКШ шаары) ар кандай адилетсиздиктерге карата акт уюштургандыгы үчүн 9 күнгө камакка алынган. Ал убакытта “Бирмингем түрмөсүндөгү каттар” деген өзүнчө бир дискриминацияга каршы күрөшүүчүлөрдүн манифестин жазган.

Мыйзам астында тендик үчүн жана расалык дискриминацияны жоюу боюнча зордук-зомбулуксуз жашоого үндөгөн акцияларды (бойкот, жүрүш) уюштурган. Мындай саясий акциянын эң ириси ар кандай улут, расалардын катышуусунда (300 миңдин тегерегинде) Вашингтондо өткөн. Ал жүрүш “Менин бир кыялым” деген адамга кубат берчү, канат бүтчү жалындуу сөзү менен аяктаган.

Доктор Мартин Лютер Кинг: “көрө албастык көрө албастыкты жок кыла албайт – жок кылуу сүйүүнүн колунан келет” деп баса көрсөткөн. Кинг зордук-зомбулуксуз, сый-урматтын чегинде жанаша жашоого адамдарды чакырган. Бул пикир менен ал душманды да баалоо, урматтоо, адамды сүйүү ыйык милдет экенин тастыктаган. Бул айтылган кеп: Мартин Кингдин акылгөйлүгүн, даанышмандыгын, айкөлдүгүн далилдейт.

Кыргызда да ушул ойду ичине каткан, адамдар ортосундагы мамилелерди зордук-зомбулуксуз жашоого чакырган накыл кеп бар. Ал: “Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер” деген ачуу чындык, акыл чечим, философиялык ой-туюм. Бул түшүнүк адамдарды кыргыз жаралгандан бери сабырдуулукка үндөп келет. Мындай ташка тамга баскандай таамай айтылган кепти эске тутуп, пайдалануу адам аттууларга ыйык парздыр. Мындан акылман адамдардын ой жүгүртүүлөрү, көз караштары, ишмердиктери расасына, улутуна, дин ишенимдерине карабай турганын Мартин Кинг ырастады.

Азаттык желегин кармай элек, эркиндиктин даамын толук кандуу тата элек өлкөлөр да аз эмес. Ага өкүнүүгө эрте. Мезгил келет. Алардын айылында да базар болот. Поезд ордунан алга карай жылганы жылган. Ылдамдануу темпинде. Ал поезд Жер шарынын бардык жерине барат. Азаттыктын коңгуроосун кагат.

Кыргызстанда да Мартин Кингдин ой-кыялы акырындан турмушка ашууда. Демократиялык процесс, сөз эркиндиги кулач кере баштады. Үй-бүлөлүк башкарууга, коррупцияга каршы күрөш да башталган.

Алгачкы кубанычка экинчи революцияда жетиштик. Албетте “коммунизм” бир күндө курулбас. Мамлекетибизде өнүгүүнүн карааны көрүнө баштады. Дагы эле бийликти жеке адамдын колуна же президенттик башкарууга өткөрүүнү самагандар да четтен чыгат. Себеби парламенттик бийликтен коркушат.

Коррупция терең тамырлап кеткен, сары чырмооктой чырмалышып, коомчулукту басып алган. Алар эффективдүү күрөшүүгө кыйынчылык жаратууда. Анткени баарыбыз бири-бирибизге жабышып, оролушуп алганбыз. Тазалыкка, адилеттүүлүккө, чындыкка баш койгондорубузду шыйрактан тартмай, көрө албастык деген шумпай кубулуш улуттук менталитетибизде да бар.

Ошого карабастан коомдо демократиялык процесс ишенимдүү кадам шилтөөдө. Бул багытта жеңиш жолундабыз. Күрөштүн башында талыкпас рефомачыл - демократтар: Ө.Текебаев, К. Акматов, Т.Тургуналиев, Ж.Жекшеев, А.Атамбаев, Р.Отунбаева, Т.Сариев, Ө.Бабанов, А.Сасыкбаева, Ч.Жакупова, Б. Шер, Э.Каптагаев, А.Текебаев, Э.Алымбеков, Р. Жээнбеков, Ө.Абдрахманов, Б.Бешимов, К.Байболов ж.б азаматтар болушту. Булар Мартин Кингдин идеялаштары, ой-санаалаштары, колдоочулары, улантуучулары кыргыздын эр жүрөк каармандары десек да жарашат.

Тилекке каршы, экинчи революцияда кансыз жеңишке жете албадык. Экинчи элдик революция бийлик башындагы “азаматтын” түркөйлүгүн, элибиздин шайлоолордо жетеленмелигин жана өз алдыбызча ойлоно албастыгыбызды далилдеди. Андыктан аргасыз кан төгүлүп, сомодой балдар окко учушту. Албетте алардын аттары тарыхта, эл жүрөгүндө түбөлүккө сакталат. Бул кан менен келген жеңиш бүткүл адамзатка үлгү болду. Бул жүрүштүн уландысы Африка материгине, Араб өлкөлөрүнө чейин жетип, демократиялык процесс дүйнө жүзүнө уланып кетти. Мына Мартин Кингдин адамзат азаттыгы үчүн салган татаал жолу. Бул жол татаал, адамдык жоготууга дуушар кылган жол экен. Бирок башка даңгыр жолду азыр адамзат таба элек. Президенттин баары эле Акаев эмес турбайбы. Бардык эле президент бийликти "ме, алгыла" дебейт экен.

Доктор Мартин Лютер Кингдин жолу - “тайгак кечүү, тар жол”. Бирок жеңиштин жолу. Мартиндин чакырык байрагы бийикте, алыстан жылдыздай жанып, көрүнөт. Анын чакырыгы түбөлүктүү, жаркын жашоонун символу. Ал адамдын күчүнө күч, демине дем берип, келечектин үмүт отун түбөлүккө тутандырып жатат. Ал үмүт адамзат тиреги. Мартин Кингдин адилетсиздик үчүн күрөшү адамзат үчүн өрнөк. Ар кимдин ичинде асман тиреген, балбылдап жанган Мартин Лютер Кингдин тирүү эстелиги бар.

Бирок адилетсиздик, эркиндик, зордук-зомбулуксуз жанаша жашоо, расизм жана көз карандысыздыктын күрөшү айрым жерлерде жаңыдан жаңырып, Жер шарында уланып жатат. Ал акыл-эске, илимий негиздүү күчкө таянган, адамдын тагдырын, анын түбөлүктүү баалуулуктарын, дөөлөттөрүн көздөгөн күрөш.

Кингдин артында эркиндикти самагандар бар экенин тарых айтып жатат. Анткени ал - адилеттик үчүн күрөш. Теңчиликке, көз карандысыздык, зордук-зомбулуксуз жашоо, чындык үчүн күрөш. Кыйынчылык менен болсо да, ал күрөш жомоктогудай жеңиш менен аяктайт.

Адамзаттын эркиндиги, теңдиги, көз карандысыздыгы жана расизмге каршы күрөш адамдардын түшүнүшүүсүнө алып келди. Диалектика мыйзамынын табияты ушундай. Бул бир жагы революциялык, экинчи жагы эволюциялык, табигый процесске айланып барат. Бирок күрөшсүз ал процесс өзү келбейт. Күрөштөн соң түшүнүшүү – бул аргасыздан келчү мыйзам ченемдүүлүк. Күрөш жолу физикадагы атом ядросунун чынжыр реакциясындай. Бирок аны бирөө баштоо менен ийкемдүү башкаруу керек. Кингдин териси кара болгону менен ички дүйнөсү, кылган кызматы адамзат үчүн апакай. Ушул иши менен Кинг баалуу, түбөлүктүү. Аны бул дүйнөдө эч ким унута албайт...

Албетте Кингдин жандырган азаттык жылдызы азыр да Жер шарын жарыктандырууда. Ал күрөш айрым афромамлекеттерине тийип, азаттыкка чыгарууда. Алар үчүн бул күрөш көзгө көрүндү, көкүрөккө сиңди. Акылга сыйды. Эми анын ыраагы жок. Ал кырдаалдар, тарыхый окуялар жаңыланууга, өнүгүүгө себепкер боло бермекчи. Андай шартта демократия алыс эмес. Азаттыктын ылдамдыгы өсүүдө, жалпы адамзат үчүн жол аралыгы арбууда. Балким түбөлүктүүлүк, биримдик үчүн, адамзаттын руханий байлыгы үчүн, ал фундаменталдуу жана чындык үчүн күрөшүү. Ал жакшылыктын белгиси. Күрөш келечекте бардар жана бакыбат жашоого, бейкуттукка алып келиши чындык. Аны күндөлүк турмуштан, эл аралык тарыхый окуялардан, фактылардан ар кыл маалыматтардан угуп жатпайбызбы.

Кингдин айтканы бар: “ачуунун чынжыр реакциясы - көрө албастык. Көрө албастык жаңы согушту жаратат. Ал эми жаңы согуштардын чынжыры үзүлүшү керек, антпесек өзүбүздү өзүбүз жок кылуунун кара түнүнө туш болобуз” деген. Ошондуктан күрөштүн жетээр жери, түпкү теги – тынчтык болушу лаазым. Жыйынтыгы: демократия, эркиндик, көз карандысыздык, зордук-зомбулуксуз жашоо – бул мезгил талабы болуп калды. Ал эми алардын теңдикке, тынчтыкка алып келиши – зарылдык деп айтаар элем.

Учкундан жалын тутанбашы кажет. Баарыбызга орун жетишет. Жер Эне баарыбыздыкы. Адилетсиздикти Жер Эне да көтөрө албайт.

Бул адамзат үчүн Кингдин жан дүйнөсүндө пайда болгон “Менин бир кыялым” аттуу ой-кыялы алтымышынчы жылдын биринчи жарымында жанды канжыгага байлап, теңсиздикке каршы аттанууга мажбур кылган. Ал күрөш - жашоо үмүтү, от тамызгысы жана азаттык факели болуп калды. Ал күрөштү бийик тоолуу, саздак чытырман токойлуу же космоско карай кеткен жол менен салыштырсак да болоор. Мүмкүн андан да эсепсиз татаал чыгаар.

Ал Мартин Кингдин факели дүйнөнү жарыктандырууда, адамдардын көзүн көрөгөч кылып, көкүрөгүн керип баратат. Түшүнүктөргө революциялык жаңылануу жаратып, көз караштарын өзгөртүп жатат. Адамдарды жаңы заманга: ааламдашуу ой жүгүртүүсүнө, биримдикке, зордук-зомбулуксуз жанаша жашоого жетелөөдө. Бул жүрүш жана көз караштар планета жалпыбыздын үйүбүз деген түшүнүккө алып келет. Ишенем.

Андыктан Мартин Лютер Кингдин чакырыгы эрдикти, тайманбастыктын акыркы натыйжасы болгон теңдикти жаратууда. Коомдо аң-сезим төңкөрүшү болуп жатат. Түшүнүктөр кеңейип, коомдун термелүү кыймылынын амплитудасы бирде көтөрүлүп, бирде турукташууда. Коом өнүгүүдө. Мартин Кинг дүйнөнү спирал түрдө кыймылга келтирген кыймылдаткыч күч болду.

Мартин Лютер Кингдин демократия, эркиндик, көз карандысыздык, зордук-зомбулуксуз жанаша жашоо, теңдик жана расизм маселелеринин дүйнөдө чечилишине кошкон салымына көз чаптырып, анын өмүр жолуна кыскача сереп салбасак калыстык болбос.

Мартин Кинг АКШнын Жоржия штатындагы Атланта шаарында 1929-жылы 15-январда жарык дүйнөгө келген.

13 жашында Атланта университетинин лицейине окууга кирген. 15 жашында Жоржия штатындагы афроамерикалык уюмдун ораторлор конкурсунда жеңүүчү болуп табылган. Кинг биринчи жолу кара расадан чыккан активдүү коомдук ишмер болуу менен АКШдагы кара расадагы адамдардын жарандык укуктарын коргогон жана расизм, дискриминацияга каршы күрөшкөн патриот инсан эле. Ошондой эле АКШнын Вьетнам мамлекетине жасаган колониалдуу агрессиялык саясатына да каршы пикир билдирген. 1960-жылы Жавахарлал Нерунун чакыруусу менен Индия мамлекетинде болуп, Махамат Гандинин ишмердүүлүгү менен кенен таанышкан. Ал сапар Мартинге ого бетер руханий азык бергенин баамдасак болот.

Америка мамлекетинде демократиялаштыруу процесске кошкон маанилүү салымы үчүн 1964-жылы 35 жашында дүйнөнүн Нобел сыйлыгы ыйгарылган.
АКШнын Теннеси штатындагы Мемфис шаарында расист снайпер Жеймс Эрл Реем тарабынан атып өлтүрүлгөн.

Кара түстүү расадагы адамдардын укугун коргоочу, доктор Кингдин туулган күнүн майрам катары белгилөө жөнүндө Конгресске АКШ жарандары тынымсыз сунуштап келишкен. Бирок Конгресстерде колдоочу добуштардын саны жетпей келген. 1983-жылы мамлекеттик деңгээлде майрамдоо боюнча мыйзам долбоору кайрадан Конгресске сунушталып, акырында колдоого ээ болгон. Ал мыйзам Америка президенти Рональд Рейган тарабынан бекитилген.

Майрам биринчи жолу 1986-жылы 20-январда белгиленген. Ал эми бүткүл америка калкынын улуттук деңгээлдеги майрамы катары 2000-жылдын 20-январынан бери майрамдалып келатат. Бул майрам күнү бардык мекеме, ишканалар жабылат. Баары майрамдашып, эскерүүлөрдү өткөрүшөт. Ал күндөрү Мартин Кингдин канаттуу сөздөрү жазылып, илинет. Видео, радиолордон анын жандуу үндөрү, чакырыктары жаңырып турат. Радио, телевидениедеги берүүлөр дээрлик Мартин Лютер Кингдин 60-жылдардагы азаттык, көз карандысыздык, расалык дискриминацияга каршы жүргүзгөн коомдук ишмердигине байланыштуу берүүлөргө арналат. Ата-энелер Мартин Кингдин эрдиги, баатырдыгы, айкөлдүгү тууралуу балдарына жомок кылып айтып беришет, ыр окушат, даректүү тасмаларды көрүшөт.

Вашингтондо Мартин Кингдин бюсту 1986-жылы 16-январда орнотулган. Ошентип 67 жылдык өмүрүндө тарыхка алтын менен жазылган өчпөс из калтырды.

Мезгил өткөн сайын сенин элесиң жүрөккө жакын болуп, ачык, даана, элестүү көрүнө баштады. Сенин адамзат эркиндиги, көз каранды эместиги үчүн жасаган эмгектериңди ченеп-өлчөөгө мүмкүн эмес. Сен азаттык үчүн эчтекеңди аяган жоксуң. Өмүрүңдү да. Америка элинде сен ойлогон, күрөшүп тилек кылган максаттарың ишке ашкан. Азыр, тарыхта биринчи жолу Америка Кошмо Штатынын президенти болуп Барак Обама аттуу афроамерикалык инсан шайланып, башкарып жатат. Бул жеңиш да сеники.

Сенин чакырык, идеяларың бардык континенттерди кыдырып жүрөт. Сен чексиз бактылуумун десең жарашат. Сендей эле ойлонгон, сендей эле билими, түшүнүгү бар адамдар көп. Бирок сенчелик эр жүрөк, майтарылбас күрөшчүл, айкөл адамдар тилекке каршы аз кездешет экен. Бу заманда сен кандай жетишпейсиң!

Кош! Мартин, сен өлгөн жоксуң! Сенин идеалдарың биздин жүрөктө! Сенин кыялың түбөлүктүү.

Султанкулов Дүйшөналы Итибаевич

Кыргыз билим берүү академиясынын ага окутуучусу

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG