Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:50

Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын мамлекеттик карызы ички дүң продукциянын 70 пайызына теңелип калганын эскертти.

Кыргыз өкмөтүнө мамлекеттик казынаны оптималдаштыруу менен абалдан чыгууну сунуштады.

Жергиликтүү эксперттер тышкы карыз сырттан келген каражатты максатсыз жумшоодон улам өсүп жатканын айтышууда. Каржы министрлиги тышкы карыздын өлчөмү боюнча Эл аралык валюта корунун маалыматы туура эместигин, Кыргызстандын береседен кутулууга кудурети жетерине ишендирип жатат.

Эл аралык валюта фонду кыргыз өкмөтүнө кырдаалды жеңилдетүү үчүн бюджетти оптималдаштырууну, салык жеңилдиктерин алууну, президенттик шайлоонун алдында опсуз чыгашаларды кыскартууну да сунуштады.

Каржы министрлиги: карызды төлөөгө кудуретибиз жетет

Ал эми Каржы министрлиги Эл аралык валюта фондунун маалыматын четке кагып, быйылкы жылдын август айына карата мамлекеттик карыз 3 миллиард 764 миллион 350 миң долларды түзгөнүн кабарлады. Бул көрсөткүч ички дүң продукциянын 57,1 пайызына барабар экенин аталган мекеменин мамлекеттик карыздар башкармалыгынын башчысы Бакыт Сыдыков “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын тышкы карызы туруктуу абалда:

- Эл аралык валюта фондунун бул тыянагы менен биздин маалыматыбызда бир аз айырма чыгып жатат. Бирок, аталган фонддун жыл сайын жүргүзүлүүчү буга чейинки талдоосунда Кыргызстандын тышкы карызы боюнча абал туруктуу деген баа берилген. Жалпылап айтканда, мамлекеттин тышкы карызды төлөөгө дарамети жетет. Ага ушул жылда бардык төлөмдөрдүн өз убагында төлөнгөнү мисал боло алат. Болочокто да ушундай эле абал сакталат деп болжолдоп атабыз.

Дефолтко аз калдыбы?

Анткен менен эксперттер тышкы карыз дале өсүп жатканын айтышат. Экономист Азамат Аттокуров дүйнөлүк тажрыйба боюнча эгерде мамлекеттин тышкы карызы ИДПнын 100 пайызына теңелсе дефолтко учурай турганын, Кыргызстандын ага жетишине аз калганын белгиледи. Ошол эле маалда тышкы карыздын көбөйүшүнө тыштан келген каражаттын натыйжалуу сарпталбай жатканы түрткү берүүдө деген оюн кошумчалады:

- Тышкы карыздын өсүшү Кыргызстан үчүн абдан эле коркунучтуу. Негизи, карыз алуу кадимки, нормалдуу көрүнүш. Ар бир адамда карыз, аласа-бересе болот. Эң башкы нерсе ошол карызды башкара билүүдө. Биз ушул жагдайда аксап жатабыз. Алган акчалардын баарын экономикага, кайра иштетүү тармагына жумшабай, күнүмдүк "тешиктерди", бюджетти эптеп бүтөө менен алекпиз.

- Эл аралык валюта фондунун бул тыянагы менен биздин маалыматыбызда бир аз айырма чыгып жатат. Бирок, аталган фонддун жыл сайын жүргүзүлүүчү буга чейинки талдоосунда Кыргызстандын тышкы карызы боюнча абал туруктуу деген баа берилген.

Адистер 2020-жылдары өлкө тышкы карыздан кутула албай каржалып каларын боолгошууда. Жогорку Кеңештеги Бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү, депутат Руслан Казакбаев ойлонбостон насыя ала берүүнү токтотууга, ал эми алынган акчаны өз багыты боюнча туура жумшоого өкмөттү чакырды:

- Азыр сырттан көп насыя алынып жатат. Жогорку Кеңештеги тармактык комитеттеги көпчүлүк иш ошол насыяларды, гранттарды Каржы министрлигине, өкмөткө бекитип берүү же болбосо карыз алуу боюнча кол коюлган келишимдерди ратификациялоо менен байланыштуу болууда. Эми аны максаттуу колдонууга күч жумшоо зарыл. Көп карыз алуу менен эл аралык каржы уюмдарга жана башка чоң мамлекеттерге абдан тыгыз байланып калганга мажбур болобуз. Азыр деле байланып турабыз. Андыктан, кирешеге жараша чыгаша болуш керек.

Руслан Казакбаев

Руслан Казакбаев

Карыз берген өлкөлөрдүн башында Кытай турат

Кыргызстан эреже боюнча эл аралык каржы уюмдарынан жана мамлекеттерден карыз алып жүрөт. Алардын ичинен эң көп карыз бергендердин сап башында Кытай турат. Андан кийин Жапония менен Орусияга бересе көп. Ушул тапта Кыргызстандын Кытайга болгон карызы 1 млрд 443 млн доллар экенин жана бул эсеп жалпы насыянын 38 пайызын түзөрүн Каржы министрлигинин мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Сыдыков ырастады:

- Кытайдан кийинки орунду Жапония, Орусия ээлейт. Алардын ар бирине болгон бересе жалпы тышкы карыздын 7 пайызын түзөт.

Чоң державаларга көп карыздар болуунун опурталдуу жагын айтып чыккандар да бар. Алардын бири парламенттеги "Республика - Ата-Журт" фракциясынан депутат Аида Исмаилова тышкы карыздын көбөйүшү менен Кыргызстан эл аралык соттордо эгемендик иммунитетин жоготот деген көз карашын билдирген. Ал арада бийлик Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун жана Кыргызстан – Кытай газ куурун куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууга белсенүүдө.

Кыргызстанда бир катар стратегиялык долбоорлорду Кытай мамлекети өз насыясы каржылап келет.

Кыргызстанда бир катар стратегиялык долбоорлорду Кытай мамлекети өз насыясы каржылап келет.

Өлкөнүн мамлекеттик карызына байланышкан маселени 3-октябрда Бюджет жана финансы комитети да талкуулап, каржы министри Адылбек Касымалиев сырттан келген акчанын 80 пайызга чукулу энергетика тармагына, ГЭСтердин курулушуна кетип жатканын маалымдады. Бирок, канча жана кай жактан алынган каражат сарпталганын ачык айта алган жок.

Быйыл июнда өкмөт тышкы карыздын чегин алып салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштап, бирок аны Жогорку Кеңеш четке каккан. Азыркы мыйзам боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карыздарынын жогорку чеги өлкөнүн ички дүӊ продукциясынын 60 пайызынан ашпоого тийиш.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG