Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:33

Экономикалык мунапыс же дүнүйө-мүлктү ачыкка чыгарган жарым жылдык өнөктүк 31-декабрда аяктаганы турат.

Кыргызстанда алгачкы ирет дүнүйө-мүлктү жана кирешени легалдаштырууга багытталган бул иш-чара 1-июлда башталган. Анын алкагында бүгүнкү күнгө карата 4 миң 400 адам өз эрки менен кирешесин ачык көргөзгөн. Экономикалык мунапыстан пайдаланып калууну каалагандар көп болгондуктан, аны жаңы жылдан кийин да узартуу сунушу өкмөткө берилди.

Юстиция министрлигинин нотариус жана адвокатура башкармалыгынын жетекчиси Марипа Сейдалиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, 26-декабрга карата 4400 адам экономикалык мунапысты пайдаланып, кирешесин ачык көргөздү.

- 31-декабрга, өнөктүктүн бүтөөрүнө аз калганда декларация толтурабыз деген адамдар көбөйүп жатат. 26-декабрга карата 4400 болду. Бирок дагы деле келип жатышат. Кошумча дагы 3000 бланк жасаттык.

Декларацияны толтурган мамлекеттик нотариалдык кеңселер каалоочулардын көптүгүнөн дем алыш күндөрү да иштемей болууда. Анткени мыйзамдын маңызы коомчулукка жакшы маалым болбогондуктан, ноябрь айына чейин болгону жүздөй гана адам каттоодо жок кирешесин декларациядан өткөргөн.

Ал эми 31-декабрь жакындаганы күнүнө 200дөй адам кирешесин ачыктап жатат дейт Экономика министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын бөлүм башчысы Кубан Айдаралиев. Ал мыйзамдын максаты жарандарга өз ыктыяры менен мүлкүн жана кирешесин ачыктоого, ошону менен бирге жоопкерчиликтен кутулууга шарт түзөрүн айтты.

- Бул декларацияда көрсөтүлгөн жалпы мүлк жана акча каражаты бардык текшерүүдөн куткарылат. Ал эми легалдаштырбаган адамдардын мүлктөрү боюнча кийин кандайдыр бир маселелер чыгып, орто жолдон салык төлөп калышы мүмкүн.

Мүлктү жана капиталды легалдаштыруу 2016-жылы башталуучу "Бирдиктүү салык декларациясын" утурлай киргизилген. Мыйзамга ылайык, декларация мамлекеттик нотариалдык кеңселер тарабынан гана бекитилет. Ал документ декларанттын өзүндө гана сакталат, мазмуну эч ким тарабынан териштирилбейт. Кубан Айдаралиев:

- Буга чейин адамдын өзүнө катталбаган же башка бирөөнүн атына катталып калган акча каражаттары же мүлктөрү болуп калышы мүмкүн. Ошолорду каттаганга, ачыкка чыгарганга мүмкүнчүлүк болот. 2016-жылы бирдиктүү жалпы салык декларациясына өтөбүз. Ошол маалда декларация толтурулбаган же легалдаштырылбаган кайсы бир мүлктү ээси кайдан жана кандай жол менен пайда болгонун түшүндүрүп бере албаса, мамлекеттик көз караш менен алганда ал адам салыктан качкан болуп эсептелип калат. Ошонун айынан кошумча салыкка тартылышы мүмкүн.

Декларация толтуруу учурунда ар бир жаран мүлкүн өзү баалайт жана 45 миллион сомдон ашпаса, декларация бланкы менен нотариустун 150 сомдук кызматын гана төлөйт. Эгер 45 миллион же андан ашыра баалагандар милдеттүү түрдө 450 миң сомдук пошлина төлөөгө туура келет. Айдаралиевдин айтышынча, мүлкүн 45 миллион сомдон ашыра баалагандар да болду.

Мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров көпчүлүк эл жарым жылдык экономикалык мунапыс өнөктүгүнөн кабардар болбогондуктан, ал өзүн актабай калды деген пикирде.

- Бул элге эң керектүү жана либералдуу мыйзам болчу. Тилекке каршы, муну өкмөт элге жайылтып, түшүндүрүп бере албагандыктан, натыйжасы жакшы болгон жок. 2016-жылдын 1-январынан баштап өкмөт адамдардын кирешесин да, чыгашасын да сурай баштайт. Ошонун алдында салыктан, Социалдык фонддон жана башка жактардан жарандардын мүлкүнө, капиталына кечирим болсун деген абдан жакшы мыйзам эле. Бирок өкмөт тарабынан иш абдан начар уюштурулду деген пикирдемин.

Өкмөт алгач болжолдоп 5 миң нускада гана декларациялык бланк чыгарган, бирок толтурууну каалагандардын саны акыркы күндөрү өскөндүктөн, ушул жумада кошумча дагы 3 миң бланк даярдалды. Ошону менен бирге экономикалык мунапыстын мөөнөтүн 1-апрелге чейин узартуу сунушу өкмөткө берилди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG