Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:56

Жапыз бакта катылган байлык


Агроном Нурлан Албанов алма талаасында.
Агроном Нурлан Албанов алма талаасында.

Кыргызстанда бат түшүм берүүчү жапыз бойлуу жемиш бактарына кызыгуу артууда. Ушул тапта өлкөнүн түштүгүндө да, түндүгүндө да мындай жемиш бактарын кездештирүүгө болот.

Таласта эки жыл мурун тигилген карлик тибиндеги алма көчөттөрү былтыр алгачкы жемишин берген. Учурда мындай жемиш бактарын жайылтуу менен алектенип жаткан “Азра жемиштери” компаниясы аз аянтты ээлеп, арбын мөмө берүүчү карлик тибиндеги көчөттөрдү Голландиядан, Сербиядан алып келип тигүүдө. Бул компания эки жыл мурун Таласта бир нече гектар жерге жемиш бактарынын көчөттөрүн отургузуп, өткөн жылы бир аз түшүм алышкан.

Ал эми өткөн жылы 25 ишкер биргелешип Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Пахта айылында 50 гектар жерге 150 миң көчөт тиккен. Айылдагы Спартак суу сактагычынын жанында жайгашкан бакта алма, алмурут, кара өрүк, шабдаалы, кокон гиластын көчөттөрү тигилген. Ар бир жемиш багы бири-биринен белгиленген аралыкта жайгашкан. Мисалы, тикендүү кара өрүк негизинен жалпы бак аянтын айландыра отургузулган. Багбандар муну кара өрүк көчөттөрү негизги бакты шамалдан, чаң аркылуу учуп келүүчү түрдүү зыянкечтерден коргоп турат деп түшүндүрүштү.

“Азра жемиштер” компаниясынын жетекчиси Миргазы Оморов бизге карлик тибиндеги көчөттөр, аларды отургузуунун эрежелери тууралуу маалымат берип турду:

- Бул бакта 150 миң көчөт эгилген. Ал жерде дүйнө жүзүнө таанылган алма сортторунун көчөттөрү бар. Алмадан тышкары азыраак алмурут, кайналы, анар бар. Былтыр Таласка эксперимент түрүндө тиккенбиз. Болот экен. Аны көрүп, былтыр 25 киши чогуу 50 гектар жер алганбыз. Былтыр май айында толук отургуздук.

Аз аянтты көп көчөт ээлейт

Карлик тибиндеги бактардын берки бактан айырмасы, алма-өрүк жана башка жемиштердин көчөттөрү жаңыча ыкма менен тигилет, бактардын тууралай арасы 80 сантиметрден ашпайт, ал эми узунуна карай аралыгы 3,5 метр болушу керек:

- Бутаганда эки тарапка ыңгайлаштырып буталат. Бак капталына карай өсөт. Бул жаңы технологиянын талаптары. Биз жыл сайын Сербияга барып, ал жактагы карлик тибиндеги бактардын өсүп жатканын көрүп, түшүм берген учурунда түшүмдү жыйноого да күбө болуп жатабыз.

Карлик көчөттөр тигилген талаа.
Карлик көчөттөр тигилген талаа.

Ортодогу аралыктын аз болуусу чакан аянтка да көп өлчөмдө көчөт отургузууга мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, кадимки алма-өрүк бактары бир гектар жерге 600 көчөт гана отургузулат, ал эми көчөттөрдүн узун-туура аралыгы кеминде 2,5 же үч метр болууга тийиш.

Карлик тибиндеги жемиш бактары кыска аралыкта отургузулганы менен мөмө берүү жагынан чоң бактардан калышпасын адистер белгилешет. Ошондой эле жапыз бойлуу көчөттөрдүн кыска убакта мөмөгө кирүүсү да учурдун талабына ылайык, пайдалуу деп саналат.

- Бир гектар жерге кадимки алма көчөтүн тиксек, болгону 600 көчөт отургуза алабыз. Ал эми карлик тибиндеги алмадан үч миң түп отургуздук. 600 көчөт кеминде төрт-беш жылда, болбосо андан да көп убакта түшүм берет. Бул көчөттөр болсо, ашып барса эки-үч жылда түшүм бере баштайт. Убакыттан да утуп атабыз, жерден да үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк бар. Бир гектар жерден орто эсеп менен 60 тонна мөмө алууга болот. Алманын бир килограммын 30 сомдон эле санасаңыз, канча киреше болору белгилүү.

Сокулуктун Жаңы-Пахта айылында жаңыдан пайда болгон 50 гектар бак 25 ишкерге таандык. Ишкерлер көчөт отургузары менен анын жанына алмаларды сактап, сатууга мүмкүнчүлүк берүүчү логистикалык борбор ачууну да ойлонуштуруп, кошумча жер сатып алышкан.

Мөмө-жемишке суроо-талап көбөйдү

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда азыр өндүрүлүп аткан алма өлкө жарандарынын суроо-талабын 20% гана канааттандырат. Ошондуктан, арбын мөмө берүүчү карлик тибиндеги жемиш бактары үй-бүлө мүчөлөрүнө эле күн нурунан, мөңгү суусунан чогулткан пайдалуу азыктарын берип тим болбостон, үй-бүлөлүк бюджетке да жакшы кошумча киреше болуп бере алат.

Нурлан Мамыралиев Спартак багына салымын кошкон ишкерлердин бири. Ишкер алма бактан жакшы түшүм алынса, сыртка экспорттойм деген тилегин айтты:

- Бишкектеги ири соода борборлорунда бир килограммы 190-200 сом турган алмалар Кытайдан, Европадан келет. Эмне үчүн биз өзүбүздүн элди өзүбүздө өскөн экологиялык таза, органикалык мөмө-жемиштер менен камсыздай албайбыз? Ушундан улам бак отургуздук. Буюруса түшүм алсак, өзүбүздөн чыккан алмалардын баасы да арзандайт. Буйруса, чет жактарга да экспортко чыгарабыз.

Карлик тибиндеги бак көчөттөрү аз эле убакта, эки-үч жылда мөмө бере баштайт. Адистер бул бактар мөмөнү жыш байлап, түшүмдүү болорун, кеминде 25-30 жыл мөмө берерин белгилешет.

Бактарды дарылап-бутоо мезгили

Февралды аяктап, марттын башында бактардын ашыкча бутактары кесилип, бутала турган учур. Жаңы-Пахта айылындагы жаңы бакта да азыр былтыр отургузулган көчөттөрдүн ашыкча бутактары кесилип, буталып жаткан экен. Бул иш менен алектенип жаткан агроном Нурлан Албанов бизди карлик тибиндеги көчөттөрдү бутоонун сырлары менен тааныштырды:

Агроном Нурлан Албанов карлик көчөттөрдүн сырын айтып берүүдө.
Агроном Нурлан Албанов карлик көчөттөрдүн сырын айтып берүүдө.

- Көчөттүн негизги сөңгөгүнөн өсүп чыккан бутактардын ортосу 15-20 сантиметр болушу керек. Сөңгөктүн узуну 80 сантиметр болгону жакшы. Бутоо учурунда карлик тибиндеги алмалардын бүчүрү сыртка карап тургандарын калтырып, калгандарын кесип салууга болот.

“Азра жемиштер” компаниясынын кеңешчиси, агроном Нурлан Албановдун айтуусунда, азыркы учур жемиш бактарын зыянкечтерден жана оорулардан сактоо үчүн дарылоочу да мезгил:

- Бакты бүчүр ача элек кезинде дарылаган жакшы. Жалбырактар пайда боло электе Г-40 деген дарыны чачып койсо, курт-кумурскалар да болбойт, бактар оорубайт дагы.

Агрономдун белгилөөсү боюнча булар бекене бактар эмес, алардан бир аз өзгөчөлөнүп турат. Ошондуктан карлик тибиндеги бактар деген аталыш туура келет:

- Карлик көчөттөрдүн бою эки метрден ашпайт. Булардыкы 3-3,5 метрге чейин өсөт. Бул көчөттөр карлик көчөттөрдөн дагы кыйыштырылып алынган. Кыргызстандын шартында карлик көчөттөр 20-25 жыл жашап, мөмө берсе, бул көчөттөр 35 жылга чейин жашап, мөмө берет деп айтылат. Түшүмгө да эрте кирет. Дээрлик эки-үч жылда мөмө байлай баштайт.

Карлик тибиндеги мөмө бактары түрдүү климатка туруктуу келет, сууну башка бактарга караганда аз талап кылат.

Жаңы-Пахта айылындагы Спартак жемиш багы быйыл алгачкы түшүмүн берет деп күтүлүп жатат. Бактын ээси Токторали Смадияровдун айтуусунда, бул жерде дайыма иштеген адамдар атайын окуп келишкен:

- Бакты караган атайын багбан адистерибиз бар. Алар Европага чейин барып, атайын окуп келишкен. Негизи Кыргызстанда биринчи жолу ушундай чоң аянтка карлик тибиндеги көчөт багы отургузулду. Былтыр май айында отургуздук эле. Быйыл алгачкы түшүмдү алабыз деп турабыз.

Жапыз көчөттөрдүн пайдасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:43 0:00

Кыргыз ойлонгуча, казак кыр ашты

Кыргызстанда карлик тибиндеги жемиш бактарына кызыкчылык ишкерлердин, элдин арасында болгону менен, мамлекет кызыкпай жатат. Ушундан улам көп өлчөмдөгү жерге көчөт тигип, бак кылууга мүмкүнчүлүк болбой жатканына айрым адистер нааразы.

“Азра жемиштер” компаниясынын башчысы Миргазы Оморовдун айтуусунда, коңшулаш Казакстан менен Өзбекстан мындай жемиш бактарын миңдеген гектар аянттарына отургузууда:

- Казакстанда 550 гектар жерге бир эле ишкана көчөт тикти. Казакстандын чөлдөрүндө миңдеген гектар жерлерге бак тигилип жатат. Биз ойлонуп чечкиче, 2010-жылы эле Өзбекстан биз менен иштеген компаниядан көчөт алып, 50 миң гектар жерге тигип койду. Биз болот-болбойт деп талашып, өзүбүздүкүн далилдеп бергенче, коңшулар бизден мурда ийгиликтерге жетишип жатышат.

Ушул тапта аз убакытта мөмөгө кирүүчү жемиш бактары аз-аздан дээрлик бардык аймактарда пайда болууда. Мисалы, айыл чарба өсүмдүктөрү жана техникалары менен алектенген дагы бир ишкана “ЖанАрт” компаниясы да өткөн жылы Ысык-Көлдө бир нече гектар жерге карлик тибиндеги, бат мөмө байлачу көчөттөрдү отургузган. Ошондой эле Таласта, Ошто, Баткенде өлкөнүн климатына туруштук берүүчү, сууну аз талап кылган жемиш бактарынын көчөттөрү тигилип, быйыл, эмдиги жылы түшүм берет деп күтүлүүдө. Карлик тибиндеги көчөттүн бир түбү орточо 150-200 сом турат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG