Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:52

Кыргызстанда кен казып иштеген чет элдик компаниялар тарабынан экологиялык жана техникалык талаптар сакталбагынан улам өлкөнүн экологиясына жана экономикасына өтө чоң өлчөмдө зыян тийип жатканын Экология жана техникалык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Осмонбек Артыкбаев айтты.

"Азаттык": Осмон мырза, сиз жетектеген Экология жана техникалык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекция тууралуу айтып берсеңиз. Кантсе да жаңы түзүм болуп жатпайбы...

Артыкбаев: Биздин инспекция тогуз багыт боюнча иш жүргүзөт. Өнөр жай, энергетикадагы коопсуздук, өрт, айлана-чөйрөнү коргоо, жер, курулуш, суу маселелерин, эмгекти коргоо жана башка маселелерди да камтыйт. Булардын баарын башка министрликтерден бөлүп алып, бир инспекцияга бириктирип, башынан түптөөдө бир топ кыйынчылыктар болду. Жөнөкөй уюштуруу иштеринен тартып, мыйзамга чейин баарын оптималдаштыруу маселеси турган.

Мындан тышкары бул тармактарда мурда жүргүзүлүп келген иштерди улантуу маселеси да турду. Ошого карабай бүгүнкү күнү ишибиз жакшы, инспекция өзүнүн ишин жемиштүү, жыйынтыктуу аткарып жатат. Буга биз тоо-кен, энергетика, жер, экология жаатындагы туура эмес иштер боюнча биздин инспекциянын көтөрүп жаткан маселелерин айтып кетсек болду.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:



"Азаттык": Сиз жетектеген инспекция тоо-кен тармагында, алсак Кумтөр баш болгон Жамгыр, Иштанберди, Апрель ж.б. алтын кендерин иштетип жаткан чет элдик ишканалардын иштери талапка жооп бербей турганын, аларга карата чаралар көрүлүүсү зарылдыгын билдирип келатат. Негиздеп берсеңиз.

Артыкбаев: Эмне үчүн коопсуздук боюнча мыйзам бузуулар бир эле ишканада эмес, масштабдуу болуп жатат? Себеби ошол убакта иштеген мамлекеттик системага байланыштуу. Биринчиден, кен иштетүүгө уруксат берүү туура эмес жүргүзүлгөн, ачык конкурс жүргөн эмес, кен иштетем деп келген ишканаларды түп-тамырынан иликтебей эле аларга уруксат берилген. Уруксат башка принциптер менен берилип кеткен. Ушундан улам айрым ишканалар кыска убакыттагы кызыкчылыгы үчүн пайдаланып кетишкен.

"Азаттык": Буларга лицензияны алып, кайра аны сатуу менен шугулданган ишканаларды кошууга болобу?

Артыкбаев: Туура айтасыз. Буга жол берген биздин мамлекеттин лицензияларды башкаруу системасы туура эмес иштеген.

Экинчиден, аларды көзөмөлдөөчү институттардын иштебегенине байланыштуу болду. Анткени көзөмөлдөө системасы ал убакта да болгон, бирок алар уруксат берген министрликтердин алдында болгон, алар өздөрүнүн жетекчилеринен көз каранды, ачык иштей алышкан эмес. Мына ушундан пайдаланып, тоо-кен ишканалары өздөрү каалаганын жасап, жаратылышка, элдин коопсуздугуна, өлкөнүн экологиясына жана экономикасына да өтө чоң зыян келтиришкен.

"Азаттык": Мисалы, Кумтөр алтын кенинин айланасындагы мөңгүлөр тууралуу көп тынчсыздануулар бар. Апрель алтын кенин иштетип жаткан орусиялык ишканага жергиликтүү эл кандай каршылык көрсөткөнүн жакшы билесиз...

Артыкбаев: Негизинен биз азыр Чаткал, Ала-Бука аймактарындагы алтын кендеринде иштеп жаткан компаниялардын ишин текшерип, алардын ичинен 11 ишкананын лицензияларын кайра чакыртып алуу сунушубузду өкмөткө бердик. Алардын ичинде Иштанберди, Эвент, Чаткал, Чаарат алтын кендери бар.

Ошондой эле Кумтөр, Апрел алтын кендерин айтып кеттиңиз. Биз карап көргөндө лицензия алуу системасы жалаң мыйзам бузуу менен жүргөн. Мисалы, Кумтөр 1997-жылы ишин баштаганда эле эч кандай долбоору, экспертизасы жок, техникалык-экономикалык негиздердин негизинде эле ишти баштап жиберген.

Баштаганда эле өтө чоң мыйзам бузуу менен баштаган. Ошол убакта 250 млн. доллардын айланасында акча жумшап, ошол ишти башташы керек эле. Булардын чыгымы болсо эки эсе көбөйүп кеткен, бул түздөн-түз Кыргызстандын экономикасына келтирилген зыян.

Мөңгүнү айтып кеттиңиз, казылган топурактарды талап боюнча кургак жерге ташып төгүү керек болчу, бирок каражатын үнөмдөйбүз деп аны Лысый Давыдов деген мөңгүнүн үстүнө төгө беришкен. Бул талап да, мыйзам да жол бербейт. Ошого карабай, алар өзүм билемдик менен ошону жасашкан.

Биринчиден, мөңгүгө зыяны тийген, экинчиден, мөңгүнүн алдындагы кен байлыкты башында эсептешкен эмес, кийин аны казганда ошол топуракты мөңгү менен кошо казып, башка жакка алып барып төгүшкөн. Натыйжада дагы канча миллиондогон акчалар кайрадан чыгымга чыккан. Башкаруудагы, аларды көзөмөлдөөдөгү кемчиликтердин айынан мамлекеттин экономикасы да, экологиясы да зор чыгымга учураган.

Кумтөр ишканасынан чыккан суу

Кумтөр ишканасынан чыккан суу

Ошол убакытта деле көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдар болгон, бирок алар иштеген эмес. Эмне үчүн? Анткени бул жерде эң жогорку деңгээлдеги саясат жаткан, Кумтөрдүн жетекчилери мамлекеттик ишканаларга үстүртөн мамиле жасашкан. Себеби алар биздин эң жогорку деңгээлдеги бир же эки киши менен сүйлөшкөн, алар болсо башкаларга “тийбегиле” деген көрсөтмө берген. Биздин мамлекеттик көзөмөл органдары текшерип, айткан күндө да алар аткарылган эмес.

Сиздер Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусунан деле муну жакшы билесиздер. Баарынан жаманы – ошол Кумтөрдө башталган системаны кийинки келген, кийин алтын иштеткени келген чет элдик компаниялар да кайталап атканы.

Бүгүнкү күнү алардын дээрлик бардыгы лицензия алуудан тартып, геологиялык иштерди жүргүзүү, алтын казып алуу иштеринде жалаң мыйзам бузуулар менен иштеп жатышат. Ошондуктан биздин инспекция өзүбүздүн корутунду менен бүгүнкү күнү алтын кенин иштетип жаткан 11 чет элдик ишкананын лицензиясын кайра артка алууну сунуштап жатабыз.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG